Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 600
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасын талаптагыдай кароону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобо бекитилсин.
2. "Республикалык инкассация башкармасы" мамлекеттик ишканасы бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|