Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы № 92
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Текстинде:
мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Ысыккөл" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Ысык-Көл" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Преамбуласы "пайдаланууга" деген сөздөн мурда "туруктуу" деген сөз менен толукталсын.
3. 1-беренеде:
экинчи абзацында "уюштуруу-техникалык, экономикалык жана башка чаралар" деген сөздөр "жасалма чаралар (уюштуруу-техникалык, экономикалык)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү жана тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин;
сегизинчи жана он төртүнчү абзацтарында "башка" деген сөз "эстетикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи - жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Суулуу-саздак жерлер - саздак, фен, чым көңдүү жерлердин же табигый, же жасалма, туруктуу же убактылуу, токтоп турган жана агымдуу, тузсуз, шор же туздуу көлмө-суулардын райондору.
Суу корголуучу зона - суу объектинин акваториясынын тегерегиндеги аймак, анда суунун булганышын, бөтөн заттар топтолушун, азайышын же түбү ылайланышын болтурбоо үчүн атайын режим белгиленет.
Сууда сүзүүчү жана сууга жакын жашаган канаттуулар - суулуу-саздак жерлерде жана жээкке жанаша жаткан жерлердеги суулуу объекттерде жашаган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери.".
4. 2-беренедеги "тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси" деген сөздөр "тарыхый-маданий эстеликтердин, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын, курорттук-рекреациялык объекттердин комплекси," деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 3-берененин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы "экологиялык-экономикалык" деген сөздөрдөн мурда "коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын илимий негизделген гармониялуу айкалыштыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин комплекстүү чечүү жолу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
6. 4-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. 7-беренеде:
2-бөлүгү "аймак" деген сөздөн кийин ", суулуу-саздак жерлер," деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгүндө "тиешелүү мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "суу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "башка ресурстарды сактоого, коргоого жана пайдаланууга контролдук кылуу атайын ыйгарым укуктуу республикалык жана аймактык айлана-чөйрөнү коргоо органдары," деген сөздөр "табигый ресурстардын сакталышын, корголушун жана пайдаланылышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Ысык-Көл ЭЭТнун жер казынасы Кыргызстандын элинин келечек муундарынын керектөөсүн канааттандырууга багытталган стратегиялык ресурс болуп эсептелет.
4. Биологиялык ресурстар Ысык-Көл ЭЭТнун суулуу-саздак жерлери менен кошо глобалдык биологиялык түрлөрдү сактоонун генетикалык фонду болот.".
9. 9-берененин 2-бөлүгүндөгү "мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 11-беренеде "мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү" деген сөздөр "Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 12-беренеде:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ысык-Көлдүн жаратылыш чөйрөсүнүн биологиялык түрлөрүн түзүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, анын ичинде эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте эсепке алынууга, мамлекет тарабынан корголууга жана пайдаланылышы контролдонууга тийиш.";
3-бөлүгүндөгү "мыйзамдар менен белгилеген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Ысык-Көл" ЭЭТнун токой экосистемаларындагы корголуучу объекттер болуп табигый жана жасалма өстүрүлгөн дарак, бадал жана башка өсүмдүктөрдүн бардыгы эсептелет.
Суу боюндагы табигый чычырканак токойлор "Ысык-Көл" ЭЭТнун өзгөчө коргоосунда болот, аларды кыюуга, тамыры менен жулууга, мөмөсүн бутактарын кесип (сындырып) терүүгө тыюу салынат.".
12. 13-беренеде "атайын ыйгарым укуктуу республикалык жана аймактык айлана-чөйрөнү коргоо органдары" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 14-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы ", дагы башка чарбалык объекттердеги" деген сөздөр алып салынсын.
14. 15-беренеде:
1-бөлүгүндө "башка" деген сөз "эстетикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "Тарыхий-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 16-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "тамак-аш" деген сөз "азык-түлүк продуктуларын өндүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- токойду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү;
- балыктын эндемикалык жана жок болуп бараткан түрлөрүнүн популяцияларын өстүрүү жана кайрадан калыбына келтирүү.".
төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жаратылыштык-чарбалык иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте биосфералык аймактарга коюлуучу талаптарга ылайык жүргүзүлөт.".
16. 17-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Ысык-Көлгө куюучу суулардын жанында пайдалуу казындыларды иштетүүгө;
- Ысык-Көлдү жана көл кылаасындагы зонаны өндүрүштүк жана тиричилик калдыктары менен булгоого.";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Кубулжума форель жана балыктын көлдүн өзүнүн фаунасына тиешесиз бөтөн түрлөрүн багууга жана өстүрүүгө байланышкан садок чарбалардын иштешине, ошондой эле балык кармоо үчүн монофильдик түйүнсүз торлорду пайдаланууга тыюу салынат.".
17. 18-беренеде:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "Тамак-аш үчүн жер жана суу ресурстарын пайдалануу" деген сөздөр "Жер жана суу ресурстарын азык-түлүк продуктуларын өндүрүүгө пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө "тийиштүү тартипте белгиленген ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипке ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "тийиштүү ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 20-берененин 4-бөлүгүндө "49 жылдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 22-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"22-берене. Рекреация объекттеринин абалы үчүн жоопкерчилик
Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер санитардык жана жаратылышты коргоочу ченемдердин жана талаптардын аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчиликте болушат.".
20. 23-берененин 2-бөлүгүндө жана 25-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "жана башкаларга" деген сөздөр алып салынсын.
21. 26-берененин 3-бөлүгүндө "50 жылга чейинки мөөнөткө" деген цифра сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туризм инфраструктурасынын объекттерин эксплуатациялоочу субъекттер имарат куруу, санитардык жана жаратылышты коргоочу ченемдер жана талаптар аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчиликте болушат.".
23. 33-берененин 1-бөлүгүндө "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 35-берененин 2-бөлүгүндө "айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
25. 36-беренеде "мыйзамдары менен белгиленген" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
26. 37-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ысык-Көлдө садок чарбаларды жоюунун тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|