Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 91
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө
"2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 72 "Майыптуулуктун себебин белгилөө жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декретин ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 209 токтому.
4. Бул токтом 2012-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы N 91 токтому менен бекитилген |
2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 , 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби (мындан ары - Тартип) ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоого жарандардын кайрылууларынын эрежелерин, ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул (мындан ары - АКСЖ) дайындоо жана төлөө тартибин белгилейт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы окуяларда жана Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 2010-жылдын июнь окуяларында курман болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга жайылтылат.
2. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби
3. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган жарандар ушул Тартипке ылайык жашаган (катталган) жери боюнча райондук жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (мындан ары - ЭСКМБ) кайрыла алышат
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
4. АКСЖ дайындоого кайрылганда социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын (мындан ары - СЖКМТ) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. АКСЖ дайындалууга тийиш болгон адамдын жашы жете элек болсо же ал эмгекке жарамсыз адам болсо, АКСЖ дайындоо жөнүндө арыз анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, багуучусу, камкорчусу жана көзөмөлчүсү) тарабынан берилет.
6. Эгерде жашы жете электин мыйзамдуу өкүлү же эмгекке жарамсыз адамдын камкорчусу болуп, ошол жашы жете элек же эмгекке жарамсыз адам дайыма келип турган тиешелүү мекеме эсептелсе, анда ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ушул мекеменин жайгашкан жери боюнча ЭСКМБга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эгерде АКСЖ дайындоо үчүн кайрылууда арыз ээсинде ушул Тартиптин 19, 20-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер жок болсо, анда ЭСКМБ тарабынан арыз ээси кошумча бере турган документтер, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
8. АКСЖ дайындоо үчүн зарыл документтерди алууда жана тариздөөдө арыз ээсине ЭСКМБ түшүндүрмө берет, зарыл болсо жардам көрсөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эгер арыз ээсинин СӨБгө өз алдынча кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо (оорусунун, майыптыгынын айынан), айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча адиси (айыл жеринде жашаган адамдар үчүн), мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адис (шаарда жашаган адамдар үчүн), же ЭСКМБнын социалдык кызматкери арыз ээсине зарыл болгон документтерди жыйноого, аларды ЭСКМБнын кароосуна киргизүүгө жардам берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби
10. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- курман болгон жарандын балдары жана асыранды балдары - ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) - пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо - өмүр бою;
- майыптыгы бар адам деп таанылган жарандар-майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул кирешеге же башка социалдык төлөөлөргө (пенсияларга, жөлөкпулдарга ж.б.) карабастан ага укук пайда болгон күндөн тартып дайындалат, эгерде ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жөнүндө кайрылуу арызы бардык зарыл болгон документтер менен кошо ушул жөлөкпулга укук пайда болгон күндөн тартып он эки айдан кеч эмес мезгилде берилсе.
12. Эгерде АКСЖ дайындоо жөнүндө кайрылуу ушул жөлөкпулга укук пайда болгон күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин берилсе, анда ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде бардык зарыл болгон документтер берилген учурда ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кайрылган айдын биринен баштап дайындалат.
Зарыл болгон документтер эки айлык мөөнөт өткөндөн кийин берилсе, анда ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул акыркы документ берилген айдын биринен баштап дайындалат.
13. АКСЖ дайындоо тууралуу маалыматты СӨБ мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адиси АКСЖ алуучуларды СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. АКСЖ дайындоо үчүн документтер СӨБ тарабынан документтер толугу менен келген күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде каралат.
15. Курман болгон жарандын АКСЖ дайындоого укуктуу бардык балдарына АКСЖ дайындоо ар бир балага дайындалган АКСЖнын өлчөмүн суммалоо жолу менен жүргүзүлүп, жалпы суммасы төлөнөт.
16. Курман болгон жарандын ата-энелерине, майыптыгы бар адамдарга АКСЖ жекече дайындалат жана төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Курман болгон жарандын балдары, анын ичинде ал жарандын никеге турбаган адамдан төрөлгөн балдары болсо, АКСЖ арыз берүү принциби боюнча ар бир үй-бүлөгө өзүнчө дайындалат жана төлөнөт.
4. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
18. АКСЖ дайындоо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт, ага ушул Тартиптин 19 жана 20-пункттарында аталган бардык зарыл документтер тиркелүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖ дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жашаган жеринен маалымкат;
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүк;
- соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсү, ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты;
- камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылса;
- курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энеси жөлөкпул алышы үчүн.
Эгерде ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган ата-эненин курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, - АКСЖ жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында сакталуучу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө берилгенде дайындалат.
20. Майыптыгы бар адамдарга ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:
- паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы жете элек, майыптыгы бар адамдар үчүн;
- жашаган жеринен маалымкат;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Төлөөлөрдүн тууралыгын контролдоо жана ашыкча төлөөлөрдү болтурбоо максатында СӨБгө АКСЖ алуучулар жашаган жеринен маалымкаттарды жыл сайын жаңыртууга, ошондой эле паспортун көрсөтүүгө милдеттүү.
22. АКСЖ дайындалгандыгы жөнүндө чечим СЖКМТда протокол менен таризделет. АКСЖ дайындоо жөнүндө СЖКМТдан басылган протоколдун негизинде АКСЖны төлөөгө документтер таризделет.
СЖКМТ техникалык себептер менен иштебегендиктен электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формага ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
23. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтүн кырк беш өлчөмүндө дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы жашоочуларга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке алуусуз дайындалат.
25. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү өзгөртүлсө;
- эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү өзгөртүлсө;
- алуучунун бири каза болсо.
26. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринен баштап же ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн өзгөртүү каралган тиешелүү ченемдик укуктук актыда аталган күндөн баштап жүргүзүлөт.
6. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду төлөөнү токтото туруу, жаңылоо жана токтотуу
27. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул төлөө төмөндөгү кошумча документтерди берүү зарылдыгы болгондо токтотула турат:
- жашаган жеринен маалымкат - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындалган күндөн 1 жыл өткөн учурда;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты - майыптуулуктун белгиленген мөөнөтү бүткөн учурда;
- ким экенин күбөлөндүргөн документ - ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындалган күндөн 1 жыл өткөн учурда же ким экенин күбөлөндүргөн документтин мөөнөтү бүткөн учурда.
Токтото туруу арыз ээси керектүү документтерди берүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
Кошумча документтер төлөм токтотулган күндөн баштап эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
28. Эгерде кошумча документтер убактылуу токтотулган учурдан тартып эки айдын ичинде берилбесе, анда ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул төлөө токтотулат. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул төлөө кошумча документ берилген айдын биринен баштап кайра улантылат.
29. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- алуучу каза болсо;
- алуучу республиканын чегинен тышкары жерге, башка районго туруктуу жашоого чыгып кетсе;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) талап кылынган документтерди өз убагында бербесе;
- алуучу 18 жашка толсо;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатын колдонуу мөөнөтү аяктаса;
- алуучу (мыйзамдуу өкүл) ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулду алты ай бою албаса.
7. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө тартиби
30. Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдарды төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жөлөкпулдардын төлөө тартибин жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлөт.
|
| 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибине 3-тиркеме |
Форма
_____________________ рай (шаар) ЭСКМБнын начальниги (райондун/шаардын аталышы)
__________________________________ (рай (шаар) ЭСКМБнын начальнигинин аты-жөнү)
Ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоого АРЫЗ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
Мен _____________________________________________________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү)
_________________________________________________ дареги боюнча жашаган паспорт сериясы ______________ № ___________________ тарабынан берилген туулган датасы ________________________________________________________ ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындоону өтүнөм(*):
Аты-жөнү | Арыз ээсине карата статусу (уулу, кызы, камкордукка алган) | Курман болгон адамга карата статусу (уулу, кызы, атасы, апасы) |
(*) Таблица курман болгон адамдын балдарына жана ата-энесине ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул тариздөө учурунда толтурулат.
Ай сайын берилүүчү кошумча жөлөкпул төлөөнү токтотууга же убактылуу токтотууга алып келген кырдаалдар өзгөргөн учурда 5 күндүн ичинде райондук (шаардык) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына маалымдоого милдеттенем.
Арыз ээсинин колу _____________________ толтуруу датасы _____________________________
Арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колу _______________________________________