Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы № 97
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө маселелерин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
атылышы "психоневрологиялык үй-интернаттарынын" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорунун" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3.1, 3.2, 3.3-пункттар менен толукталсын:
"
┌───┬─────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│3.1│Оор турмуштук кырдаалга │ 5500 │ 5500 │ 5500 │ 5500 │
│ │кабылган үй-бүлөлөргө жана │ │ │ │ │
│ │балдарга социалдык жардам │ │ │ │ │
│ │берүү борборлорунун │ │ │ │ │
│ │бөлүмчөсүнүн башчысы │ │ │ │ │
├───┼─────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│3.2│Юрист │ 5000 │ 5000 │ 5000 │ 5000 │
├───┼─────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│3.3│Социалдык иш боюнча адис │ 5000 │ 5000 │ 5000 │ 5000 │
└───┴─────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
";
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3.1, 3.2-пункттар менен толукталсын:
"
┌───┬─────────────────────┬───────────────────────────────────────────┐
│3.1│Оор турмуштук │Жогорку билим, социалдык коргоо │
│ │кырдаалга кабылган │системасында иш стажы 3 жылдан кем эмес │
│ │үй бүлөлөргө жана │ │
│ │балдарга социалдык │ │
│ │жардам берүү │ │
│ │борборлорунун │ │
│ │бөлүмчөсүнүн башчысы │ │
├───┼─────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│3.2│Юрист │Жогорку юридикалык билим, адистиги боюнча │
│ │ │иш стажы 1 жылдан кем эмес │
└───┴─────────────────────┴───────────────────────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|