Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 170
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 632, 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 2013-жылдын 26-февралындагы № 97, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 713, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700, 2015-жылдын 1-апрели № 177, 2015-жылдын 7-апрели № 201, 16 июня 2015 года № 369 , 2019-жылдын 30-майындагы № 236, 2020-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн γй-бγлѳ тибиндеги балдар γйлѳрγнγн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлер үчүн базалык маяналар 1 жана 2-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары (3-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, социалдык стационардык мекемелеринин, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар (4-тиркеме);
- балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (5-тиркеме);
- чоң кишилер үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (6-тиркеме);
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын типтүү штаттары (7-тиркеме);
- Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборунун администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтүү штаттары (8-тиркеме).
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (9-тиркеме);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын типтүү штаттары (10-тиркеме).
- ден соолугунун мγмкγнчγлγгγ чектелген балдар γчγн γй-бγлѳ тибиндеги балдар γйлѳрγнγн административдик-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин типтγγ штаты (11-тиркеме);
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабры № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Иштеген жылдары үчүн, илимий даражасы, ардак наамы, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттарындагы иши үчүн калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлерине үстөк акылардын өлчөмдөрү ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- социалдык коргоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча зарыл эсептерди 2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин жана үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды "2011-жылга республикалык бюджет жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлсүн.
7. 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган 2 жана 5-пункттардын жоболорун кошпогондо бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
1-тиркеме |
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорунун кызматкерлеринин БАЗАЛЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Базалык маяналар (сом) | |||
Тейленүүчүлөрдүн саны | |||||
50 адамга чейин | 50дөн 100 адамга чейин | 100дөн 200 адамга чейин | 200 адамдан ашык | ||
1 | Жетекчилер (директор) | 7950 | 8400 | 8850 | 9450 |
2 | Директордун орун басары | 6000 | 6450 | 6900 | 7500 |
3 | Башкы бухгалтер | 6000 | 6450 | 6900 | 7500 |
3.1 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы | 8250 | 8250 | 8250 | 8250 |
3.2 | Юрист | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
3.3 | Социалдык иш боюнча адис | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
4 | Врачтык персонал | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
4.1 | Педагогикалык персонал | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
5 | Орто медициналык персонал | 6450 | 6450 | 6450 | 6450 |
6 | Башка персонал(*) (администрациялык-башкаруучу) | 5100 | 5550 | 6000 | 6450 |
Эскертүү:
Квалификациялык категория үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 50 пайыз:
- I квалификациялык категория - 30 пайыз;
- II квалификациялык категория - 10 пайыз;
(*) Башка персоналга төмөнкүлөр кирет: бухгалтер, чарба башчысы, кампа башчысы, китепканачы, эмгек боюнча инструктор, кадрлар бөлүмүнүн улук инструктору.
|
| 2-тиркеме |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды үйүндө тейлеген социалдык кызматкерлердин БАЗАЛЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы N 713 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орундарынын аталышы | Базалык маяна (сом) |
Социалдык кызматкер | 6500 |
Эскертүү:
1. Райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктарынын аймактык бөлүмдөрүнүн үйдө тейлеген социалдык кызматкерлеринин саны тейлөөчүлөрдүн муктаждыгынын даражасын эске алуу менен аймактын аралыгына жана калктын санына байланыштуу;
2. Квалификациялык талаптар:
- "социалдык иш" адистиги боюнча жогорку кесиптик же кесиптик орто билими, же болбосо медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык, юридикалык жана социалдык кызматтардагы аткарган ишинин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген башка багыттагы билими.
|
| 3-тиркеме |
Калкты социалдык коргоо системасынын социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө ШАРТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы N 691, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700, 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлеринин эмгек акысы базалык маянадан, үстөк акылардан, кошумча акылардан жана сыйлык акылардан турат.
1. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү үстөк акылар каралат:
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин кызматкерлерине - 25 пайыз;
- социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнда кемчиликтери бар балдар үчүн) социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, кызматкерлерине - 50 пайыз.
2. Кызмат орундарын, кесиптерди айкалыштыруу, тейлөө зонасын кеңейтүү, аткарылуучу иштердин көлөмүн көбөйтүү үчүн ээлеген кызмат орду (кесиби) боюнча базалык айлык акынын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлөт.
3. Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, борборлордун жетекчи-врачтарына жана алардын орун басарларына өздөрү штатында турган мекемелерде адистиги боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
Аларга негизги кызмат орду боюнча жумуш убактысынын чектеринде тиешелүү адистиктеги врачтын базалык маянасынын 25 пайызына чейин төлөнөт. Жетекчи врачтардын жана алардын орун басарларынын адистик боюнча иши алардын мүнөзүнө жана көлөмүнө карабастан тиешелүү медициналык документтерде чагылдырылууга тийиш.
4. Медициналык илимдин докторунун же кандидатынын илимий даражасы бар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөгү ар айдагы үстөк акы белгиленет. Үстөк акы негизги иштеген жери боюнча гана белгиленет.
5. Бөлүмгө башчылык кылганы үчүн врачтарга 10% кошумча акы белгиленет.
6. Калкты социалдык коргоо системасынын ардак наамдары бар адамдардын базалык маянасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жогорулайт.
7. Айыл жеринде жана бийик тоолуу шарттарда, алыс жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде иштеген социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, борборлордун кызматкерлеринин базалык маянасына иш стажы үчүн үстөк акы жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына райондук коэффициент белгиленет.
8. Түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, борборлордун кызматкерлерине акы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жогорулатылган өлчөмдө төлөнөт.
9. Улук болуп дайындалган тарбиячыга 10% кошумча акы белгиленет.
10. Багбандын, кучердин жана трактористтин кызмат орундары социалдык стационардык мекемелердин, реабилитациялоо борборунун атайын каражаттарынын эсебинен киргизилет.
11. Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, борборлордун жетекчилерине кызматкерлерди сыйлоого, бул максаттарга эмгек акынын үнөмдөлгөн фондунун каражаттарын жумшоого укук берилет (сыйлык акылардын конкреттүү өлчөмдөрү иштин жалпы натыйжаларына жеке салымга ылайык аныкталат).
12. Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, борборлордун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн каралган жеңилдиктерди пайдаланышат.
Социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун педагогикалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн каралган жеңилдиктерди пайдаланышат.
|
| 4-тиркеме |
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, балдар (акыл-эси өспөй калган балдар жана дене боюнун кемчиликтери бар балдар үчүн) социалдык стационардык мекемелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлерине КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы N 691, 2013-жылдын 26-февралындагы N 97, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2014-жылдын 11-декабрындагы № 700, 2015-жылдын 16-июнундагы № 369, 2019-жылдын 30-майындагы № 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
N | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1 | Директор | Жогорку билим, социалдык коргоо системасындагы 5 жылдан ашык иш стажы менен |
2 | Директордун орун басары | Жогорку билим, социалдык коргоо системасындагы 3 жылдан ашык иш стажы менен |
3 | Башкы бухгалтер | Жогорку (экономикалык) билим, 5 жылдан кем эмес иш стажы менен |
3.1 | Реабилитациялоо борборунун, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы | Жогорку билим, социалдык коргоо системасында иш стажы 3 жылдан кем эмес |
3.2 | Юрист | Жогорку юридикалык билим, адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
4 | Бухгалтер | Жогорку, орто экономикалык билим, иш стажына талап коюлбайт |
5 | Кассир | Белгиленген программа боюнча атайын (курстук) даярдык |
6 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | Жогорку, орто экономикалык билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы менен |
7 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | Башталгыч кесиптик билим, иш стажына талап коюлбайт |
8 | Чарба башчысы | Жогорку, атайын орто билим, белгиленген программа боюнча атайын даярдык, эсеп боюнча 3 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
9 | Кампа башчысы | Атайын орто билим, эсеп боюнча 3 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
10 | Врач - адис | Жогорку медициналык билим |
11 | Психолог | Жогорку (гуманитардык, педагогикалык же медициналык) билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
12 | Социалдык педагог | Жогорку педагогикалык билим, 2 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
13 | Социалдык иш боюнча адис | Жогорку гуманитардык билим, социалдык коргоо системасындагы 3 жылдан кем эмес иш стажы |
14 | Тарбиячы, логопед, дефектолог | Жогорку педагогикалык билим, 2 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
15 | Улук медициналык айым | Орто медициналык же атайын билим, 5 жылдан кем эмес иш стажы |
16 | Медициналык айым | Орто медициналык же атайын билим, 1 жылдан кем эмес иш стажы |
17 | Фармацевт | Орто медициналык, фармацевтикалык же атайын билим, 1 жылдан кем эмес иш стажы |
18 | Лаборант | Орто кесиптик билим, 2 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
19 | Фельдшер | Орто медициналык билим, 2 жылдан кем эмес иш стажы |
20 | Дезинфектор | Орто медициналык билим, 1 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
21 | Дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор | Жогорку билим (педагогикалык, медициналык), адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
22 | Өндүрүштүк окутуу боюнча инструктор | Жогорку билим (педагогикалык, техникалык), адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
23 | Чарбачы айым | Орто билим жана жекече даярдык, 3 айдан кем эмес иш стажы |
24 | Санитарка | Билимине жана иш стажына талап коюлбайт |
25 | Шеф-ашпозчу | Орто кесиптик билим, 2 жылдан кем эмес практикалык иш стажы |
26 | Ашкана кызматкери | Билимине жана иш стажына талап коюлбайт |
27 | Инженердик курулмаларды жана коммуникацияларды тейлөө боюнча персонал | 1. Башталгыч кесиптик билим, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы 2. Орто кесиптик билим, иш стажына талап коюлбайт |
28 | Башка тейлөөчү персонал | Билимине жана иш стажына талап коюлбайт |
29 | Эрготерапевт | Жогорку билим (педагогикалык, медициналык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
30 | Эрготерапевттин жардамчысы | Атайын орто билим (педагогикалык, медициналык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
31 | Реабилитолог | Жогорку медициналык билим, атайын орто медициналык билим, медициналык иш стажы 2 жылдан кем эмес |
32 | Техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис | Атайын орто билим (педагогикалык, медициналык, техникалык), адистиги боюнча иш стажы 1 жылдан кем эмес |
|
| 5-тиркеме |
Балдар үчүн психоноврологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундарынын аталышы | Койканын саны менен штаттык бирдиктердин саны | |||
50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн ашык | ||
1 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Директордун орун басары |
|
|
| 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Бухгалтер |
|
|
| 1 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Кампа башчысы |
|
|
| 1 |
7 | Кассир |
|
| 1 | 1 |
8 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 1 | 1 | 1 | 1 |
9 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 | 1 | 1 | 1 |
Медициналык персонал | |||||
10 | Врач-педиатр | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
11 | Врач-психиатр | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
12 | Врач невропатолог |
|
| 1 | 1 |
13 | Врач-паталогоанатом | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
14 | Врач-стоматолог |
| 0,5 | 0,5 | 0,5 |
15 | Улук медайым |
| 1 | 1 | 1 |
16 | Дефектолог (логопед) | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
17 | Медайым | 1 | 2 | 3 | 3 |
18 | Мүнөз тамак боюнча медайым | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
19 | Массажчы | 0,5 | 0,5 | 1 | 2 |
20 | Дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор | 0,5 | 1 | 1 | 1,5 |
21 | Социалдык педагог | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
22 | Чарба боюнча айым | 1 | 1 | 1 | 1 |
23 | Дезинфектор | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
24 | Санитарка-ванначы | 1 | 1 | 2 | 2 |
25 | Санитарка-няня | Эмгекке окутуусу бар балдар топторунда 1 топко 4 санитарка-няня эсебинде |
|
|
|
26 | Санитарка-няня | Эмгекке окутуусу жок, туруктуу системалуу багуу талап кылынган топтордо 1 топко 6 санитарка-няня эсебинде |
|
|
|
27 | Санитарка-тазалагыч | 20 койкага бир бирдик эсебинде жана кошумча түрдө - врачтык кабинетке бирөө |
|
|
|
Ашкана кызматкерлери | |||||
28 | Шеф-ашпозчу |
| 1 | 1 | 1 |
29 | Ашпозчу | 1,5 | 3 | 4 | 5 |
30 | Ашкана жумушчусу | 1,5 | 2 | 4 | 5 |
31 | Официантка | 1 | 1 | 2 | 3 |
Башка тейлөөчү персонал | |||||
32 | Электрик | 1 | 1 | 1 | 1 |
33 | Слесарь-сантехник | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
34 | Кир жуугуч | 1 | 2 | 3 | 4 |
35 | Кастелянша |
|
| 1 | 1 |
36 | Жыгач уста |
|
| 1 | 1 |
37 | Өтүкчү |
| 0,5 | 0,5 | 1 |
38 | Тигүүчү |
|
| 0,5 | 1 |
39 | Чачтарач | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
40 | Короо тазалыгыч | 1 | 1 | 1 | 1 |
41 | Имаратты тейлөө боюнча кызматкер | 1 | 1 | 1 | 1 |
42 | Кароолчу | 3 | 3 | 3 | 3 |
Эскертүү:
1. Тарбиячылардын саны акыл-эси өспөй калган балдардын тобуна 2 бирдик эсебинде жана дене боюнун кемчиликтери бар балдардын тобуна 1,5 бирдик эсебинде белгиленет, ага дем алыш күндөрү жана өргүү күндөрүнө алмаштыруулар кирет. Топтордун толукталышы - 13-15 бала.
Эмгекке окутуусу бар кеминде үч топтон турган балдар бар социалдык стационардык мекемелерде тарбиячылардын бири улук деп дайындалат.
Социалдык стационардык мекемелерде топтор окутууга болбой турган жана төшөк режимин талап кылган балдардан турган учурда тарбиячылардын кызмат орду белгиленбейт.
2. Окутулуучу балдардын саны 100 адамдан ашкан социалдык стационардык мекемелерде окуу-тарбиялоо иши боюнча директордун орун басарынын кызмат орду киргизилет.
3. Жабдылган окуу мастерскоюу же жумушчу бөлмөсү болгон учурда балдардын ар бир окуу тобуна 0,5 бирдик деген эсеп менен эмгек боюнча инструктордун кызмат орду киргизилет, бирок бир социалдык стационардык мекемеге эки кызмат ордунан ашпайт.
4. Туруктуу медициналык байкоо жүргүзүүнү жана жардамды талап кылган оорулуулар бар болгон учурда, сутка бою кезметчиликти уюштуруу үчүн экинчи жана үчүнчү сменага 30 койкага бирден бирдик деген эсеп менен медициналык айымдын бирден кызмат орду белгиленет, бирок эки бирдиктен кем эмес, алты балага санитарканын бир бирдиги дайындалат. Кезметчиликтин узактыгы жана туруктуу багууну талап кылган оорулуулардын саны жыл башында балдар социалдык стационардык мекемелерди турган жер боюнча райондун башкы врачы берген корутундулардын негизинде аныкталат.
5. Өздүк электр станциялары же электр моторлорунун иштеши менен байланышкан башка түзүлүштөрү (муздаткычтар, насос станциялары, мастерскойлор ж.б.) болгон учурда электромонтер-слесардын кызмат орду белгиленет.
6. Жылытуу сезонуна ар бир борбордук жылытууга сменасына 4-6 мешке 0,5 бирдик деген эсеп менен машинист-от жаккычтын (анын бири слесарь - жыл бою), автоматтык жөнгө салуусу жок газ менен жылытуу учурунда ар бир отканага сменасына 2 машинист-от жаккычтын кызмат орду киргизилет.
7. Айдоочулар көмөкчү чарбанын эсебинен күтүлгөн көмөкчү чарбада иштеген жүк ташуучу автомобилдерди эсептебегенде, автобус, атайын (медициналык) машина болгон учурда айдоочунун кызмат орду киргизилет.
Арабасы бар социалдык стационардык мекемелердинде арабакечтин кызмат орду белгиленет.
8. Социалдык стационардык мекемелерде администрациялык маданий-тиричилик багыттагы тазалануучу аянты 250 чарчы метрден кем болбогон жайлары (кеңсе, медпункт, клуб эс алуу үчүн жайы ж.б.) болгон учурда тазалоочунун кызмат орду белгиленет.
9. Көмөкчү чарбасы жок балдар социалдык стационардык мекемелеринде багбанчынын кызмат орду 1 миң чарчы метр көчөттөрү, жүзүмзарлары жана гүлзарлары болгон учурда белгиленет.
10. Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде окутууга жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө тийиш 50 же андан ашык бала болгон учурда медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү түзүлөт.
Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн медициналык персонал тарабынан тейленет.
|
| 6-тиркеме |
Чоң кишилер үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундарынын аталышы | Койка санын эсептегенде штаттык бирдиктердин саны | ||
100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн ашык | ||
1 | Директор | 1 | 1 | 1 |
2 | Директордун орун басары |
|
| 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 |
4 | Бухгалтер |
|
| 1 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 1 | 1 |
6 | Кампа башчысы | 1 | 1 | 2 |
7 | Кассир | 1 | 1 | 1 |
8 | Китепканачы | 0,5 | 1 | 1 |
9 | Кадр бөлүмүнүн инспектору | 1 | 1 | 1 |
10 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 | 1 | 1 |
Медициналык персонал | ||||
11 | Врач-терапевт |
|
| 1 |
12 | Врач-психиатр | 1 | 2 | 3 |
13 | Врач-патологоанатом | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
14 | Врач-стоматолог | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
15 | Медициналык бөлүмдүн башчысы | 300 койкадан ашыкка 1 (башчылык кылгандыгы үчүн кошумча акы төлөө менен врачтык ставкалардын жалпы санынын эсебинен) |
|
|
16 | Улук медайым | 0,5 | 1 | 1 |
17 | Медайым | 20 койкага 1 (зарыл учурларда медайымдын ордуна фельдшердин кызмат орду киргизилиши мүмкүн) жана ордунан турбагандар үчүн 30 койкага кошумча түрдө 1 медайым |
|
|
18 | Мүнөз тамак боюнча медайым | 0,5 | 1 | 1 |
19 | Физиотерапия кабинетинин медайымы | 1 | 1 | 1 |
20 | Лаборант |
|
| 1 |
21 | Дезинфектор | 1 | 1 | 1 |
22 | Чарба боюнча айым | 1 | 1 | 1 |
23 | Санитарка-ванначы | 100 койкага 1 |
|
|
24 | Коштоп жүрүүчү санитарка | 50 койкага 1 |
|
|
25 | Тазалоочу санитарка | 40 койкага 1 жана кошумча түрдө - врачтык кабинетке 1 |
|
|
26 | Палата санитаркасы | 30 койкага 1 сутка бою күзөт жана ордунан турбагандар үчүн 8 койкага кошумча түрдө 1 |
|
|
Ашкана жумушчулары | ||||
27 | Шеф-ашпозчу | 1 | 1 | 1 |
28 | Ашпозчу | 2 | 3 | 4 |
29 | Ашкана жумушчусу | 2 | 3 | 4 |
30 | Официантка | 1 | 2 | 3 |
Башка тейлөөчү персонал | ||||
31 | Электрик | 1 | 1 | 2 |
32 | Слесарь-сантехник | 1 | 1 | 1 |
33 | Кастелянша | 1 | 1 | 1 |
34 | Жыгач уста |
| 1 | 1 |
35 | Тикмечи | 0,5 | 1 | 1 |
36 | Чачтарач | 0,5 | 1 | 1 |
37 | Короо тазалоочу | 1 | 1 | 1 |
38 | Имаратты тейлөө боюнча жумушчу | 1 | 1 | 1 |
39 | Кароолчу | 3 | 3 | 3 |
Эскертүү:
1. Врачтын корутундусу боюнча иштөөгө жөндөмдүү ар бир 50 адамга санитарканын бир бирдигин кыскартуу менен, ал эми социалдык стационардык мекемелеринде иштеген майыптар 50 адамдан аз болуп, иштеген майыптар 30 адам болсо, санитарканын бир штаттык бирдигин кыскартуу менен эмгек боюнча инструктордун кызмат орду штатка белгиленет.
2. 10-14 мешке (анын ичинде ашкананын мешине) бир кызмат орду деген эсеп менен жылытуу сезонуна от жагуучунун кызмат орду белгиленет.
3. Автобустун, жүк ташуучу автомобиль же атайын машина болгон учурда айдоочунун кызмат орду - бир машинага бир кызмат орду, бирок, 450 орунга чейинки койка тармагы бар мекемелерде эки кызмат ордунан ашпайт.
4. Мекемеде араба бар болсо арабакечтин кызматы белгиленет.
5. Ар бир 50 адамга эсептегенде бир кир жуугучтун кызмат орду белгиленет. Эгерде ич кийимдер, шейшептер шаардык кир жуугучка берилсе, кир жуугуч кишинин кызмат орду 100 койкага чейинки мекемеге бир орун деп эсептелет жана кийинки 100 орунга кошумча түрдө бирден бирдик кетет.
6. Эгерде өзүнүн кир жуугучу иштерди аткарса, 400дөн ашык койкасы бар мекемелерде кир жуугучтун башчысынын кызмат орду белгиленет.
7. Лифтердун кызмат орду колдонуудагы ар бир жүргүнчү лифтке эки кызмат ордунан ашык эмес жана ар бир жүк ташуучу лифтке бир кызмат ордунан ашык эмес деп белгиленет.
8. Кеминде 1,5 гектар жердеги мөмө-жемиш участкасы жана көчөттөр болгон учурда бир багбанчынын кызмат орду белгиленет.
9. Канализациясы жок мекемелерде жана эгерде чуңкурларды тазалоо борбордук тартипте жүргүзүлбөсө ассенизатордун кызмат орду киргизилет.
10. Тазалоочу курулмалардын слесарь-сантехнигинин кызмат орду борбордук тармакка кошулбаган мекемеге төрт кызмат орду деп белгиленет.
11. Тейлөөчү персонал үчүн жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашык болгон иш имараты болгон учурда коменданттын кызмат орду белгиленет.
12. Өздүк электр станциясы (подстанциясы) бар учурда электр станцияны жана тышкы электр тармагын тейлөө үчүн электромонтердун кошумча кызмат орду белгиленет.
|
| 7-тиркеме |
Кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин администрациялык-чарбалык жана медициналык персоналынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундарынын аталышы | Койканын саны менен штаттык бирдиктердин саны | |||
50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн ашык | ||
1 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Директордун орун басары |
|
|
| 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Бухгалтер |
|
|
| 1 |
5 | Психолог | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
6 | Чарба башчысы | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Кампа башчысы |
| 1 | 1 | 2 |
8 | Кассир |
| 1 | 1 | 1 |
9 | Китепканачы | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
10 | Кадр бөлүмүнүн инспектору | 1 | 1 | 1 | 1 |
11 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
Медициналык персонал | |||||
12 | Врач-терапевт | 0,5 | 1 | 2 | 3 |
13 | Врач-невропатолог | 1 | 1 | 1 | 1 |
14 | Врач-паталогоанатом | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
15 | Врач-стоматолог |
| 0,5 | 0,5 | 0,5 |
16 | Медициналык бөлүмдүн башчысы | 200 койкага 1 (башчылык кылгандыгы үчүн кошумча акы төлөө менен врачтык ставкалардын жалпы санынын эсебинен) |
|
|
|
17 | Фельдшер | 1 | 1 | 1 | 2 |
18 | Улук медайым |
| 1 | 1 | 1 |
19 | Массажчы |
| 1 | 1 | 1 |
20 | Медайым | 40 койкага 1 жана ордунан турбагандар үчүн кошумча түрдө 30 койкага 1 |
|
|
|
21 | Мүнөз тамак боюнча медайым | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
22 | Физиотерапия кабинетинин медайымы |
| 1 | 1 | 1 |
23 | Дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор | 1 | 2 | 2 | 2 |
24 | Лаборант |
|
|
| 1 |
25 | Фармацевт |
|
|
| 1 |
26 | Дезинфектор | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
27 | Чарба боюнча айым | 1 | 1 | 2 | 2 |
28 | Санитарка-ванначы | 75 койкага 1 |
|
|
|
29 | Коштоп жүрүүчү санитарка | 75 койкага 1 |
|
|
|
30 | Буфеттин санитаркасы | ордунан турбагандарга 50 койкага 1 |
|
|
|
31 | Тазалоочу санитарка | 40 койкага 1 жана кошумча түрдө врачтык кабинетке 1 |
|
|
|
32 | Палатанын санитаркасы | 30 койкага 1 сутка бою күзөт жана ордунан турбагандарга кошумча түрдө 8 койкага 1 |
|
|
|
Ашкана кызматкерлери | |||||
33 | Шеф-ашпозчу |
| 1 | 1 | 1 |
34 | Ашпозчу | 1 | 2 | 3 | 4 |
35 | Ашкана жумушчусу | 1 | 3 | 4 | 4 |
36 | Официантка |
| 2 | 3 | 4 |
| Башка тейлөөчү персонал |
|
|
|
|
37 | Электрик | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
38 | Слесарь-сантехник | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
39 | Кастелянша | 1 | 1 | 1 | 1 |
40 | Жыгач уста |
|
| 1 | 1 |
41 | Тигүүчү | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
42 | Өтүкчү |
| 1 | 1 | 1 |
43 | Чачтарач | 0,5 | 1 | 1 | 1 |
44 | Короо тазалыгыч | 1 | 1 | 1 | 1 |
45 | Имаратты тейлөө боюнча кызматкер | 1 | 1 | 1 | 1 |
46 | Кароолчу | 3 | 3 | 3 | 3 |
Эскертүү:
1. Эмгек боюнча инструктордун кызмат орду койкалардын саны 150дөн ашык болгондо жана ар бир кийинки 200 адамга кошумча бирден кызмат орду белгиленет.
2. Массовик-маданий уюштуруучунун (аккомпаниатордун) кызмат орду койка тармагы 500 орундан ашкан штатка белгиленет.
3. От жаккычтын кызмат орду жылытуу сезонуна 10-14 мешке (анын ичинде ашкананын мешине) бир кызмат орду эсебинде белгиленет.
4. Айдоочунун кызмат орду автобус, жүк ташуучу автомобиль же атайын машина болгон учурда бир машинага бир кызмат орду деп белгиленет, бирок койка тармагы 450 орунга чейин болгон мекемеде эки кызмат ордунан ашпайт, алар социалдык стационардык мекемелердин атайын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
5. Мекемеде араба болгон учурда арабачынын кызмат орду белгиленет.
6. Кир жуугуч кишинин кызмат орду ар бир 50 адамга бир кызмат орду деп белгиленет. Кирлер жууганга шаардык кир жуугучка тапшырылган учурда койка тармагы 100 орунга чейин болгон мекемеге бир жана ар бир кийинки 100 орунга кошумча бирден бирдик белгиленет.
7. Кир жуугуч жайдын башчысынын кызмат орду иштер кол менен аткарылган учурда койка тармагы 400дөн ашык оруну бар мекемеге белгиленет.
8. Лифтердун кызмат орду колдо болгон ар бир жүргүнчү лифтке эки кызмат ордунан ашык эмес жана ар бир жүк ташуучу лифтке бирден ашык эмес деп белгиленет.
9. Багбандын кызмат орду кеминде 1,5 гектар мөмө бакчасы жана көчөттөр болгон учурда белгиленет.
10. Ассенизатордун кызмат орду канализация жок мекемелерде жана эгерде чуңкурларды тазалоо борбордоштурулган тартипте жүргүзүлбөсө белгиленет.
11. Тазалоочу курулмалардын слесарь-сантехнигинин кызмат орду борбордук тармакка кошулбаган бир мекемеге төрт кызмат орду санында белгиленет.
12. Коменданттын кызмат орду персоналды тейлөө үчүн өзүмдүк турак жайынын жалпы аянты 1500 кв. метрден ашык болгон учурда белгиленет.
13. Өз электр станциясы (подстанциясы) бар учурда электр станцияны жана тышкы электр тармагын тейлөө үчүн электромонтердун кызмат орду кошумча белгиленет.
14. Көмөкчү чарбанын башчысынын, көмөкчү чарба боюнча бухгалтердин, көмөкчү жумушчулардын кызмат орундары социалдык стационардык мекемелерде көмөкчү чарба бар болсо белгиленет жана атайын каражаттардын эсебинен каржыланат.
15. Кызматтык жайларды тазалоочунун кызмат орду социалдык стационардык мекемелерде администрациялык маданий-тиричиликтик багыттагы имараттын (кеңсе, медпункт, клуб, эс алуу үчүн жай ж.б.) тазалана турган аянты 250 кв. метрден кем эмес болгон учурда белгиленет.
|
| 8-тиркеме |
Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат жардам берүүчү борборунун администрациялык-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы N 691 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктер | |
саны | |||
1 | Директор | 1 |
|
2 | Башкы бухгалтер | 1 |
|
| Кызмат орундун аталышы | Койкалардын саны менен штаттык бирдиктердин саны | |
1-50 | 50-100 | ||
3 | Чарба башчысы | 1 | 1 |
4 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1 | 1 |
Ашкана кызматкерлери | |||
5 | Ашпозчу | 1,5 | 3 |
6 | Ашкана кызматкери | 1,5 | 2 |
7 | Официантка | 1 | 1 |
Башка тейлөөчү кызматкерлер | |||
8 | Кир жуугуч | 1 | 2 |
9 | Кароолчу | 2 | 2 |
10 | Техничка | 1 | 1 |
1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борбор 1.1. Психологиялык-педагогикалык жардам берүү бөлүмү | |||
| Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (ставка) |
|
11 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
12 | Социалдык иштер боюнча адис | 1,0 |
|
13 | Психолог | 1,0 |
|
14 | Социалдык педагог | 1,0 |
|
1.2. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн кароосуз калышынын алдын алуу бөлүмү | |||
15 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
16 | Социалдык иштер боюнча адис | 1,0 |
|
1.3. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн күндүз болуу бөлүмү | |||
17 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
18 | Социалдык иштер боюнча адис | реабилитациялык топко 2,0 ставка |
|
19 | Психолог | реабилитациялык топко 1,0 ставка |
|
20 | Социалдык педагог | 1,0 |
|
21 | Эмгек боюнча инструктор | 1,0 |
|
1.4. Стационардык бөлүм | |||
22 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
23 | Социалдык иштер боюнча адис | реабилитациялык топко 2,0 ставка |
|
24 | Психолог | реабилитациялык топко 1,0 ставка |
|
25 | Социалдык педагог | 1,0 |
|
26 | Эмгек боюнча инструктор | 1,0 |
|
27 | Дефектолог-мугалим(*) | 1,0 |
|
28 | Тарбиячы(**) | 3,0 |
|
2. Үй-бүлөдө зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүү борбору | |||
2.1. Психологиялык-социалдык жардам көрсөтүү бөлүмү | |||
| Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (ставка) |
|
29 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
30 | Психолог | 2,0 |
|
31 | Социалдык педагог | 1,0 |
|
32 | Социалдык иштер боюнча адис | 1,0 |
|
2.2. Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү бөлүмү | |||
33 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
34 | Юрист | 1,0 |
|
2.3. Шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмү (ишеним телефону) | |||
| Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (ставка) |
|
35 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
36 | Психолог | 2,0 |
|
| 2.4. Стационардык бөлүм |
|
|
37 | Бөлүм башчы | 1,0 |
|
38 | Социалдык иштер боюнча адис | 2,0 |
|
39 | Медициналык айым | 2,0 |
|
Эскертүү:
Электрик, слесарь-электромонтер, слесарь-сантехник, от жагычуу, столяр, жыгач уста, машинист-кочегар, ассенизатор, багбанчынын кызмат ордулары негиздүү зарыл болгон учурларда ушундай кызматкерлер бар болгон учурда киргизилет.
(*) Кызмат орду Борбордо чеберкана бар болгон учурларда киргизилет.
(**) Түнкү нөөмөтчү функциясын аткарат.
Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын коргоого укуктук колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөлөргө консультация берүү үчүн Борбордо юристтин штаттык кызмат орду кошумча киргизилиши мүмкүн.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн күндүзгү бөлүм жана стационардык бөлүм болгон учурда дарылоо-реабилитациялык иш-чараларды жүргүзүү жана зарыл учурда шашылыш жардам көрсөтүү максатында кеминде 5 жыл иш стажы бар медициналык айымдын кызмат орду Борбордун штаттык санына киргизилиши мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтомуна 9-тиркеме |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Койкалардын санына жараша штаттык бирдиктердин саны | |
1ден 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | ||
1 | Директор | 1 | |
2 | Башкы бухгалтер | 1 | |
3 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 1 | |
4 | Кассир | 0,5 | |
Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү | |||
5 | Бөлүм башчысы | 1-50 койкадан жогору (башчылык кылганы үчүн кошумча үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | |
6 | Врач-терапевт | 0,5 | 1 |
7 | Врач-психиатр | 0,5 | 1 |
8 | ДФК инструктору | 0,5 | 1 |
9 | Эмгек боюнча инструктор | 1 | 2 |
10 | Врач-невролог | 0,5 | |
11 | Улук медайым | 0,5 | |
12 | Күзөт медайымы | 2 | 3 |
13 | Диеталык тамактануу боюнча медайым | 0,5 | |
14 | Укалоо медайымы | 1 | 2 |
15 | Физиотерапия боюнча кабинеттин медайымы | 0,5 | 1 |
Психологиялык-педагогикалык жардамдар бөлүмү | |||
16 | Психолог | 0,5 | 1 |
17 | Социалдык иштер боюнча адис | 1 | 1 |
Техникалык тейлөө персоналы | |||
18 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 |
19 | Чач тарач | 0,5 | |
20 | Слесарь-сантехник | 0,5 | |
21 | Электрик | 0,5 | 1 |
22 | Короо-бакча кароочу | 1 | |
23 | Шеф-ашпозчу | 0,5 | 1 |
24 | Ашпозчу | 1 | 2 |
25 | Ашкана кызматкери | 1 | 3 |
26 | Официант | 1 | |
Кенже тейлөөчү персонал | |||
27 | Имараттарды тейлөө боюнча жумушчу | 1 | |
28 | Кароолчу | 3 | |
29 | Кызматтык жайды жууп-тазалоочу | 1 | |
30 | Санитар-ванна тазалоочу | 1 | 2 |
31 | Санитар-жууп-тазалоочу | 1 | 2 |
32 | Кир жуугуч | 1 | 2 |
Эскертүү:
1. Эмгек боюнча инструктордун кызмат орду ар бир 50 адамга врачтын корутундусу боюнча бир эл мезгилде бир санитардын бирдигин кыскартууда иштөөгө жөндөмдүү, ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген реабилитациялоо борборлорунда 50 адамдан аз болсо - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген 3 кызматкер болгон учурда, бир эле мезгилде санитардын штаттык бирдигин кыскартууда штатка белгиленет.
2. Палаталык санитардын кызмат орду 30 койкага сутка бою болуучу 1 пост жана турбай жаткан бейтаптар үчүн 10 койкага 1 палаталык санитардын кошумча кызмат орду эсебинде белгиленет.
3. От жагуучунун кызмат орду 10-14 мешке (анын ичинде ашкананын мешин кошкондо) бир кызмат орду эсебинде белгиленет.
4. Айдоочунун кызмат орду автобустар, жүк ташуучу автомобилдер же атайын машиналар болгон учурда - бир машинага бир кызмат орду эсебинде белгиленет.
5. Мекемеде араба транспорту болгон учурда арабакечтин кызмат орду белгиленет.
6. Кир жуугучтун кызмат орду ар бир 50 адамга бир кызмат орду эсебинде белгиленет. Эгерде кирлер шаардык кир жуугучка берилсе, кир жуугучтун кызмат орду 100 койкага чейинки мекемеге бир орун деп эсептелет жана кийинки 100 орунга кошумча түрдө бирден бирдик белгиленет.
7. Лифтердун кызмат орду ар бир жүргүнчү лифтке эки кызмат орундан ашык эмес жана ар бир жүк ташуучу лифтке бир кызмат ордунан ашык эмес эсебинде белгиленет.
8. Багбанчынын кызмат орду кеминде 1,5 гектар аянттагы мөмө-жемиш участогу жана өсүмдүктөр өстүрүлгөн учурда белгиленет.
9. Ассенизатордун кызмат орду канализациясы жок мекемелерде жана чуңкурларды тазалоо борбордук тартипте жүргүзүлбөгөн учурда белгиленет.
10. Тазалоочу курулмалардын слесарь-сантехнигинин кызмат орду борбордук тармакка кошулбаган мекемеге төрт бирдик эсебинде белгиленет.
11. Коменданттын кызмат орду тейлөөчү персонал үчүн жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашык менчик турак жай имараты болгон учурда белгиленет.
12. Өздүк электр станциясы (подстанциясы) болгон учурда электр станцияны жана тышкы электр тармагын тейлөө үчүн электромонтердун кошумча кызмат орду белгиленет.".
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтомуна 10-тиркеме |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун административдик-чарбалык жана медициналык персоналдарынын ТИПТҮҮ ШТАТТАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 573, 2019-жылдын 30-майындагы № 236 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Койкалардын санына жараша штаттык бирдиктердин саны | |
1ден 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | ||
1 | Директор | 1 | |
2 | Башкы бухгалтер | 1 | |
3 | Юрист | 1 | |
4 | Кассир | 0,5 | |
5 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 0,5 | 1 |
| Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү | ||
6 | Медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы | 1-50 койкадан жогору болсо (башчылык кылганы үчүн үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | |
7 | ДФК инструктору | 0,5 | 1 |
8 | Эмгек боюнча инструктор | 0,5 | 1 |
9 | Врач-терапевт | 0,5 | 1 |
10 | Врач-стоматолог | 0,5 | |
11 | Врач психиатр | 0,5 | 1 |
12 | Врач патологоанатом | 0,5 | |
13 | Улук медайым | 0,5 | |
14 | Күзөт медайымы | 1 | 3 |
15 | Диета менен тамактануу боюнча медайым | 0,5 | |
16 | Укалоо медайымы | 1 | 2 |
17 | Физиотерапия боюнча кабинеттин медайымы | 0,5 | 1 |
17-1 | Эрготерапевт | 0,5 | 1 |
17-2 | Реабилитолог | 0,5 | 1 |
17-3 | Эрготерапевттин жардамчысы | 0,5 | 1 |
17-4 | Техникалык көмөкчү каражаттар боюнча адис | 0,5 | 1 |
| Психология-педагогикалык жардам бөлүмү | ||
18 | Психолог | 0,5 | 1 |
19 | Социалдык иштер боюнча адис | 0,5 | 1 |
20 | Социалдык педагог | 1 | |
21 | Бөлүм башчы | 1-50 койкадан жогору болсо (башчылык кылганы үчүн үстөгү бар врачтык ставканын жалпы санынын эсебинен) | |
22 | Мугалим-дефектолог (*) | 0,5 | 1 |
23 | Музыкант | 0,5 | |
| Техникалык тейлөө кызматчылары | ||
24 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 0,5 | 1 |
25 | Чарба башчысы | 0,5 | 1 |
26 | Кампа башчысы | 0,5 | 1 |
27 | Шеф-ашпозчу | 0,5 | 1 |
28 | Чач тарач | 0,5 | |
29 | Слесарь- сантехник | 0,5 | 1 |
30 | Электрик | 0,5 | 1 |
31 | Кызмат автомашинасынын айдоочусу | 1 | |
32 | Микроавтобустун айдоочусу | 1 | |
33 | Ашпозчу | 1 | 3 |
34 | Ашкана жумушчусу | 1 | 3 |
35 | Официантка | 1 | |
36 | Санитар-багуучу | Эмгекке окутулуучу балдардын топторунда 1 топко 4 адам эсебинде | |
Кенже тейлөө кызматчылары | |||
37 | Кир жуугуч | 1 | 2 |
38 | Санитар-тазалоочу | 1 | 2 |
39 | Дезинфектор | 0,5 | |
40 | Ванна тазалоочу | 1 | 2 |
41 | Короо-бакча кароочу | 1 | |
42 | Имаратты текшерүүчү жумушчу | 1 | |
43 | Кароолчу-күзөтчү | 3 | |
44 | Кызмат жайларын тазалоочу | 1 | |
Эскертүү:
1. Тарбиячылардын саны акыл-эси өспөй калган балдардын тобуна эки бирдик эсебинде жана дене боюнун кемчиликтери бар балдардын тобуна 1,5 бирдик эсебинде белгиленет, анын ичинде дем алыш күндөрү жана өргүү күндөрүнө алмаштыруулар кирет. Топтордун толукталышы - 13-15 бала.
2. Реабилитациялоо борборлорунда эмгекке окутулуучу балдардын үч тобунан кем эмес бала болгон учурда тарбиячылардын бири улук болуп дайындалат.
3. Жабдылган окуу чеберканасы же жумушчу бөлмөсү болгон учурда балдардын ар бир окуу тобуна 0,5 бирдик эсебинде эмгек боюнча инструктордун кызмат орду киргизилет, бирок бир реабилитациялоо борборуна 2 кызмат ордунан ашык эмес.
4. Дайыма медициналык байкоо жүргүзүүнү жана жардамды талап кылган оорулуулар болгон учурда, сутка бою кезметчиликти уюштуруу үчүн экинчи жана үчүнчү нөөмөткө 30 койкага бирден бирдик эсебинде медициналык айымдын бирден кызмат орду белгиленет, бирок эки бирдиктен кем эмес, алты балага санитардын бир бирдиги дайындалат. Кезметчиликтин узактыгы жана туруктуу багууну талап кылган оорулуулардын саны жыл башында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн социалдык стационардык мекемеси турган жер боюнча райондун башкы врачы берген корутундулардын негизинде аныкталат.
5. Жылытуу сезонуна 4-6 мешке 0,5 бирдик эсебинде от жагуучунун же ар бир борбордук жылытуунун ар бир отканасына нөөмөтүнө бир машинист-от жагуучунун (анын бири слесарь - жыл бою), автоматтык жөнгө салуусу жок газ менен жылытуу учурунда ар бир отканага нөөмөтүнө 2 машинист-от жагуучунун кызмат орду киргизилет.
6. Айдоочулар көмөкчү чарбанын эсебинен, көмөкчү чарбада иштеген жүк ташуучу автомобилдерди эсепке албаганда, автобус, атайын (медициналык) машина болгон учурда айдоочунун кызмат орду, бирок 2 кызматтык бирдиктен ашык эмес киргизилет.
Арабасы бар реабилитациялоо борборлорунда арабакечтин кызмат орду белгиленет.
7. Реабилитациялоо борборлорунда административдик маданий-тиричилик багыттагы (кеңсе, медпункт, клуб эс алуу үчүн жайы ж.б.) тазалоого тийиш болгон аянты 25 чарчы метрден кем болгон учурда тазалоочунун кызмат орду белгиленет.
8. Көмөкчү чарбасы жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда багбанчынын кызмат орду 1 миң чарчы метр өсүмдүктөрү өстүрүлгөн, жүзүмзарлары жана гүлзарлары болгон учурда белгиленет.
11-тиркеме
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн административдик-чарбалык жана медициналык кызматкерлеринин ТИПТҮҮ ШТАТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 177 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат ордунун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 1ден 6га чейин) | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 7ден 10го чейин) | Штаттык бирдиктердин саны (койканын саны 11ден 15ге чейин) |
1 | Директор | 1,0 | 1,0 | 1,0 |
2 | Бухгалтер | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
3 | Социалдык педагог | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
4 | Мугалим - дефектолог | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
5 | Психолог | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
6 | Дарылоочу дене тарбия боюнча нускоочу | 0,25 | 0,5 | 1,0 |
7 | Эмгек боюнча нускоочу | 0,5 | 0,5 | 1,0 |
8 | Санитарка - бала багуучу | 3,0 | 3,0 | 3,0 |
9 | Чарба башчысы | 0,5 | 1,0 | 1,0 |
Эскертүү.
От жаккычтын кызмат орду 1 штаттык бирдикте жылытуу мезгилине киргизилет (ноябрь-март айларында).