Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы № 100
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 23-апрелинде кол коюлган Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга (мындан ары - Меморандум) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Too Финанс" микрокредиттик агенттиги:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна кредиттик-күрөөлүк документтерди кошкондо, Меморандумга ылайык мурда берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун, карыз алуучулар менен мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарында Мурда берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун берүү жөнүндө макулдашууну түзүү менен белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Меморандумда көрсөтүлгөн кредит берүү максаты үчүн өздөштүрүлбөгөн суммалардын калдыгын өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Меморандумда көрсөтүлгөн кредит берүү максаты үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен белгисиз мөөнөткө пайызсыз, күрөөсүз, субординацияланган милдеттенме түрүндө, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому менен макулдашылган мөөнөттөрдө "Айыл Банк" ачык акционердик коому менчиктештирилген учурда каражаттарды милдеттүү түрдө кайтарып берүү шарты менен карыздык милдеттенме түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттигин жоюу боюнча сунуш киргизсин.
5. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттигинен кредиттик-күрөөлүк документтерди кошкондо, ушул микрокредиттик агенттик тарабынан берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттиги менен анын карыз алуучуларынын ортосунда мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарында Мурда берилген кредиттер боюнча талап кылуу укугун берүү жөнүндө макулдашууну түзүү менен кабыл алуу;
- бул токтомдун 2- жана 5-пункттарына ылайык алынган каражаттарды Меморандумда көрсөтүлгөн кредит берүү максаты үчүн пайдалануу;
- менчигинин түрүн өзгөрткөн же Чакан кредит берүү боюнча долбоорду ишке ашырууну улантуудан баш тарткан учурда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан демөөрчүлүк жардам катары бөлүнгөн каражаттарга эквиваленттүү сумманы "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коому менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Долбоорду улантуу боюнча башкаруучу катары аныкталган башка мекемеге которуу.
6. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (мындан ары - Кумтөр) жетекчилиги төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. 2012-жылдын 23-апрелиндеги Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
2) төмөнкү мазмундагы 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. "Ала-Тоо Финанс" МКА тарабынан пайдаланылбаган акча каражаттардын калдыгын, ошондой эле ушул Меморандумга ылайык "Ала-Тоо Финанс" МКАга мурда берилген кредит боюнча талап кылуу укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын атынан "Айыл Банк" ААКга өткөрүп берет.
2-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Айыл Банк" ААКы менен белгисиз мөөнөткө пайызсыз, күрөөсүз, субординацияланган карыздык милдеттенме түрүндө, Кумтөр менен макулдашылган мөөнөттөрдө "Айыл Банк" ААКы менчиктештирилген учурда каражаттарды милдеттүү түрдө кайтарып берүү шарты менен карыздык милдеттенме түзүүгө милдеттенет.
2-3. "Айыл Банк" ААКы менчиктештирилген же чакан кредит берүүдөн баш тарткан учурда Кумтөр тарабынан демөөрчүлүк жардам катары бөлүнгөн каражаттарга эквиваленттүү сумма Кумтөр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул Долбоорду улантуу боюнча башкаруучу катары аныкталган башка мекемеге которулат.".
3) 3, 5, 6 жана 7-пункттардагы "Ала-Тоо Финанс" МКА" деген сөздөр "Айыл банк" ААК" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"8. Демөөрчүлүк жардам Долбоорду ишке ашыруудан тышкары, башка максаттарга пайдаланылбоого тийиш.";
5) 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
6) 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"10. Кумтөр "Айыл Банк" ААКыдан каражаттарды бөлүштүрүү, кредиттерди тындыруу боюнча кварталдык жана жылдык отчетторду, Долбоор боюнча каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматты сурап алууга, ошондой эле кредит берүү боюнча документтерди, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча маалымат алууга укуктуу:";
7) 11-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
8) 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Чакан кредит берүүдө төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
а) чакан кредит алуучулар - Кыргыз Республикасынын айыл жеринде жашаган, аз камсыз болгон жана/же жумушсуз, төлөнбөгөн кредиттери жана карыздары жок (мындан ары - карыз алуучулар) жарандары же жарандарынын тобу;
б) карыз алуучу катары бир үй-бүлөдөн бир гана адам чыга алат;
в) "эгер карыз алуучу никеде турса, кредит алууга байланыштуу документтерге жубайлардын экөө тең кол коюга тийиш же жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экинчисине кредит алууга ыйгарым укук берет;
г) төмөнкүлөр карыз алуучу боло алышпайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кызмат адамдары же кызматкерлери (мындан ары - мамлекеттик/муниципалдык кызматчы) же алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- "Айыл Банк" ААКынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жакын мүчөлөрү.";
9) төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1. Өкмөт Кумтөргө мамлекеттик/муниципалдык кызматчыга же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карыз берүүнү кошкондо, кандай болбосун мүлктү түз же кыйыр берүүгө тыюу салуучу мыйзамдын ченемдери жана эрежелери Кумтөргө карата колдонулаарын моюнга алат.";
10) 13-пунктунун "г" жана "д" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
г) кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык коюм - жылдык 10 пайыз;
д) карыз алуучулар тарабынан Меморандумдун шарттарында "Айыл Банк" ААКынын кредит берүү боюнча ченемдик актыларынын талаптарынын сакталышы.";
11) төмөнкү мазмундагы 13-1 жана 13-2-пункттар менен толукталсын:
"13-1. "Айыл Банк" ААКы акыркы кредит алуучу үчүн кредиттин максималдык өлчөмүн Өкмөт менен макулдашуу боюнча өзгөртүүгө укуктуу.
13-2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген тиешелүү протоколдор менен таризделет.";
2. Ушул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бишкек шаарында 2013-жылдын "__"________ үч нускада, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын "Кумтөр Голд Компани"
Өкмөтү үчүн жабык акционердик коому үчүн