Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинде аталышы "өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу" деген сөздөрдөн мурда "2011-2013-жылдарга карата" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планында:
бүткүл текст боюнча "Аткаруучулар" деген графадагы "УКМКнын ЧА" деген аббревиатуралар "МЧК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
2-пунктта:
1-пунктчада:
- биринчи абзацтагы "2011-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "ушул Пландын 2-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "2011-жылдын 1-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "ушул Пландын 2-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "2011-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчанын үчүнчү абзацындагы "2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчанын төртүнчү абзацындагы "Аракеттер" деген графа төмөнкү редакцияда берилсин:
"- өткөрмө пункттардагы баштапкы тараза габарит контролунун жыйынтыктары боюнча маалымат алмашуунун механизмин иштеп чыгуу;";
"Мөөнөтү" деген графада:
- 4-пункттун 2-пунктчасынын биринчи абзацындагы "2011-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттун 2-пунктчасындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
11-пунктта:
- 1-пунктчанын экинчи, үчүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──┬───────┬──────────┬─────────────────┬──────┬───────┬─────────┬───────────┐
│ │ │2) "Тору- │Мурда орнотулган │2013- │Бюджет-│МБК │Өткөрмө │
│ │ │гарт │тараза жабдыгын │жылдын│тин │ТжКМ │пункттарды │
│ │ │өткөрмө │колдонууга │31- │чегин- │ │стандарт- │
│ │ │пунктун │киргизүү │марты-│де, │ │тарга │
│ │ │реконстру-│ │на │эл │ │ылайык │
│ │ │кциялоо │ │чейин │аралык │ │келтирүү │
│ │ │ │ │ │донор- │ │ │
│ │ │ │ │ │лордун │ │ │
│ │ │ │ │ │кара- │ │ │
│ │ │ │ │ │жатта- │ │ │
│ │ │ │ │ │рына │ │ │
│ │ │ ├─────────────────┼──────┼───────┼─────────┼───────────┤
│ │ │ │- өткөрмө пунктту│2013- │Бюджет-│Өкмөттүн │Өткөрмө │
│ │ │ │реконструкциялоо │жылдын│тин │Аппараты,│пункттун │
│ │ │ │же куруу боюнча │31-де-│чегинде│МЧК, │стандарт- │
│ │ │ │пункттарында │кабры-│ │МБК │тарга │
│ │ │ │чечим кабыл алуу │на │ │ │ылайык │
│ │ │ │ │чейин │ │ │куруу │
│ │ │ │ │ │ │ │жөнүндө │
│ │ │ │ │ │ │ │чечим кабыл│
│ │ │ │ │ │ │ │алуу │
└──┴───────┴──────────┴─────────────────┴──────┴───────┴─────────┴───────────┘
".
3-пунктчада:
- "Мөөнөтү" деген графанын үчүнчү абзацында "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Аткаруучулар" деген графанын үчүнчү абзацы "МБК" деген аббревиатурадан кийин "БИ" МИ" деген аббревиатуралар менен толукталсын;
4-пунктчада:
"Мөөнөтү" деген графада:
- биринчи абзацтагы "2011-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Аткаруучулар" деген графанын экинчи абзацы "МБК" деген аббревиатурадан кийин БИ" МИ" деген аббревиатуралар менен толукталсын;
"Мөөнөтү" деген графада:
- 5-пунктчанын экинчи абзацындагы "2011-жылдын 1-августуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктчадагы "2011" деген цифралар "2013" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 12-пункттун 4-пунктчасынын экинчи абзацындагы "2012-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлуна чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттун 5-пунктчасынын экинчи абзацындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункттун экинчи абзацындагы "2012-жылдын 1-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пункттун 1-пунктчасынын биринчи абзацындагы "2012-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
эскертүү төмөнкү мазмундагы отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"БИ" МИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы;
МЧК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев
|