Редакцияот 05.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 5-июну № 313

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11 -февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'' токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев