Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-марты № 108
"Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Төрөбаев демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 108 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Төрөбаев демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык аталган Мыйзам долбоору химиялык-синтетикалык заттарды колдонбостон органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү менен байланышкан социалдык мамилелерди, ошондой эле өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган органикалык продукттарды сатууну укуктук жөнгө салууга багытталган.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда "өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган органикалык продукттар" термининин маанисин чечмелеген жобо жок.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту боюнча ушундай эле эскертүүлөр берилет.
Ушул эле учурда Мыйзам долбоорунда колдонулган терминдердин түшүнүк аппараттарын ачып берүү Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин жөнгө салуу предмети болгондуктан Мыйзам долбоорунун 1 -беренесинин 2-пунктун Мыйзам долбоорунун 2-беренесине которууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацында органикалык айыл чарбалык өндүрүш деп белгиленген тартипте сертификацияланган айыл чарбалык азык-түлүк продукциясын ушул Мыйзамда белгиленген экологиялык өндүрүштүн талаптарына ылайык, ушул жааттагы улуттук жана эл аралык стандарттарды сактоо менен химиялык-синтетикалык заттарды колдонбостон алуу, сактоо, кайра иштетүү түшүнүлөт.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда экологиялык өндүрүштүн аталган талаптары, органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификаттоонун тартиби жана системасы жок, болгону шилтеме ченемдер гана бар.
Мындан тышкары продукцияга жана аны өндүрүү процесси менен байланышкан коюлуучу милдеттүү талаптар "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык техникалык регламенттердин жөнгө салуу предмети болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин төртүнчү абзацына ылайык инспекция - бул айыл чарбалык азык-түлүк продукциясын же кайра иштетилген жана жеткирилген продукттарды, чийки затты контролдоо системасын текшерүү, анын ичинде продуктту кайра иштетүү процессинде жана акыркы продуктту тестирлөө, продукттун экологиялык айыл чарба продукциясына коюлуучу талаптарга шайкештигин текшерүү, ошондой эле өндүрүш процессин жана кайра иштетүү системасын текшерүү болуп эсептелет.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин бешинчи абзацына ылайык сертификаттоо деп инспекциялоо жана сертификаттоо боюнча орган ушул айыл чарба продукциясын алуу методу же аны контролдоо системасы экологиялык айыл чарбалык өндүрүштө колдонулуучу методдорго же контролдоо системаларына шайкеш келет деген жазуу жүзүндөгү күбөлүктү берүүчү жол-жобо эсептелет.
Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, сунуш кылынган баяндоо так эмес мүнөзгө ээ, тактап айтканда продукттарды контролдоонун кайсыл системасы жөнүндө айтылгандыгы белгисиз. Мындан тышкары сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган айыл чарбалык продукцияны инспекциялоонун тартиби жөнгө салынган эмес.
Мындан тышкары белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган "инспекция" деген термин "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде каралган "контролдоо" жана "шайкештигин баалоо" деген терминдердин түшүнүк аппаратында ачылган.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин сегизинчи абзацына ылайык ингредиент болуп белгилүү бир сапатты берүү үчүн продукттун курамына кирген каалагандай зат же материал эсептелет.
Ошол эле учурда "каалагандай зат" жана "белгилүү бир сапат" деген терминдер коррупциялык факторду жаратат жана мыйзамда белгиленген так критерийлерди жетекчиликке албастан тигил же бул жагдайга карата чечмелөөгө субъекттерге укук берет.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун онунчу абзацы боюнча берилет.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде компетенттүү органдын милдеттерин белгилөө сунуш кылынат, ошол эле учурда органикалык айыл чарбалык өндүрүш жаатындагы компетенттүү орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эсептелет деп аныкталган.
Бирок "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык маселелерин чечет, буга Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына киргизилген, ошондой эле Конституцияда жана мыйзамдарда соттордун, мамлекеттик башка органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына киргизилген маселелер кирбейт.
Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 11-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аталган ыйгарым укуктарды эске алып, Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, бул органдардын жоболорун бекитет.
Жогоруда жазылгандарды эске алып Мыйзам долбоорунда аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын функционалдык милдеттерин аныктоонун зарылдыгы жок деп эсептейбиз, себеби "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине ылайык аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын функционалдык милдеттерин аныктоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин редакциясын укуктун ченеми катары берүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренеси боюнча кошумча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун төртүнчү абзацында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ушул жаатта ишкердикти жүргүзгөн чарбакер субъекттерди эсепке алат деп каралган.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатындагы иш жүргүзүүчү деп таанылууга умтулган каалагандай чарбакер субъект менчигинин түрүнө карабастан бул ишти компетенттүү органда каттоого жана инспекциялоо жана сертификаттоо боюнча аккредиттелген жана ыйгарым укукка ээ болгон органда инспекциялоо жана сертификаттоо жол-жоболорунан өтүүгө макулдугун берүүгө милдеттүү деп каралган.
Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган чарбакер субъекттерди эсепке алууну жүргүзүүнүн механизмин аныктаган жоболор, ошондой эле алардын ишин каттоонун жана аккредитациялоонун тартиби берилген эмес.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 8-беренеси боюнча берилет.
Мыйзам долбоордун 4-беренесинин 2-пунктунун бешинчи абзацы боюнча белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү өздөрүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүргүзөт. Ошол эле учурда ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоону ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъект жүргүзөт.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин компетенциясына инспекциялоо жана сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктарды органдарга берүү критерийлерин иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле ушул ыйгарым укуктарды берүү кирет.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, аталган критерийлер жалпыга милдеттүү жүрүм-турумдун эрежелерин камтыган ченемдик укуктук актынын мүнөздөрүнө ээ болот, демек "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аныкталган ченем жаратуучу органдар тарабынан гана бекитилет, алардын катарына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кирбейт.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-пункту боюнча берилет.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине контролдоо-көзөмөлдөө функцияларды берүүчү сегизинчи жана тогузунчу абзацтары боюнча белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык министрлик болуп иштин тиешелүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган жана башкарууну жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун он биринчи абзацында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин органикалык айыл чарбалык өндүрүштүн улуттук стандарттарын иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары белгиленет.
Бирок "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун, кабыл алуунун, колдонуунун, эсепке алуунун, ошондой эле өзгөртүүнүн жана жокко чыгаруунун тартиби аталган Мыйзамдын 14-беренесинин жоболоруна ылайык, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун, стандартташтыруу боюнча эл аралык, региондук уюмдары кабыл алган стандартташтыруу боюнча эрежелердин, сунуштардын жоболорунун негизинде стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленет.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун он экинчи абзацы Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-пунктунун үчүнчү абзацын кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунун он үчүнчү абзацындагы "Улуттук" деген сөздү алып салуу керек, себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Өкмөт жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык продукттарды алуу үчүн колдонулуучу органикалык айыл чарбалык өндүрүштүн методдоруна коюлуучу талаптардын бири болуп кыртыштын түзүмүн жакшыртуу үчүн жер семирткичтерди жана каражаттарды, пестициддерди, оруп-жыйноодон калган калдыктарды, өстүрүү стимуляторлорун, тамак-аш азыктарын даярдоодо колдонулуучу тамак-аш кошундуларын, ингредиенттерди, малды семиртүү үчүн заттарды, малды багуу үчүн кампаларды, жайларды тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн каражаттарды жана башка заттарды пайдаланбоо эсептелет, буга органикалык айыл чарбалык өндүрүштө колдонууга жол берилгендер кирбейт. Ошол эле учурда "жана башка заттарды пайдаланбоо эсептелет, буга органикалык айыл чарбалык өндүрүштө колдонууга жол берилгендер кирбейт" деген термин бул ченемдин кеңири чечмеленишине ашыкча мүмкүндүк берет жана коррупциягендик мүнөзгө ээ болот. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацында аталган заттардын толук тизмесин берүү зарыл деп эсептейбиз.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-пунктунун бешинчи абзацы боюнча берилет.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 5-пунктундагы "ушул Мыйзамды аткаруу үчүн Өкмөттүн токтому менен кабыл алынган актылар" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук актылары" деген сөздөр менен алмаштыруу зарыл, себеби "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому түрүндө гана кабыл алынат.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 6-пунктунда экологиялык өндүрүштүн эрежелерин иштеп чыгууда Европа Кеңешинин 1991-жылдын 24-июнундагы № 2092/91 токтомунда, анын андан аркы өзгөртүүлөрүндө, Европа Кеңешинин 1999-жылдын 19-июлундагы № 1804/99 токтомунда, ошондой эле Экологиялык айыл чарба үчүн кыймылдардын эл аралык федерациясынын (IFOAM) токтомдорунда, башка эл аралык ченемдик актыларда жана европалык шериктештиктин актыларында камтылган органикалык айыл чарбалык өндүрүштүн принциптери сакталууга тийиш деп белгиленген.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган редакцияда, кайсыл келишимдер жөнүндө айтылып жаткандыгы жана алардын артыкчылыгы кантип аныкталгандыгы түшүнүксүз. Мындан тышкары ченем жаратуу ишинин маселелери, ошондой эле аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартиби "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жөнгө салынат. Ошол эле учурда эл аралык келишимдерди аткаруу тартиби "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленет.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 3-пункту, 6-беренесинин 3-пункту, 12-беренесинин 2-пунктунун бешинчи абзацы боюнча берилет.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык органикалык айыл чарбалык өндүрүштү илгерилетүү максатында Органикалык айыл чарбалык өндүрүшкө дем берүү фонду түзүлөт, анын каражаттары жыл сайын мамлекеттик бюджеттин курамында бекитилет.
Ошол эле учурда сунуш кылынган Мыйзам долбоору "Органикалык айыл чарбалык өндүрүшкө дем берүү фонду" деген түшүнүктү ачып бербейт, ошондой эле долбоордо жогоруда аталган Фондду түзүү тартиби жөнгө салынган эмес жана анын милдеттери жана функциялары аныкталган эмес.
Ушуга удаа эле белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондун, ошондой эле ыктыярдуу салымдардын жана төгүмдөрдүн эсебинен түзүлүүчү бюджеттен тышкаркы фонддорду кошпогондо, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана аткаруу бийлигинин борбордук башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкары фонддорун түзүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле маалымат катары билдире кетүүчү нерсе, калкты азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу, демек республиканын региондорун туруктуу өнүктүрүү максатында айыл чарбасын жана айыл чарбалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык-экономикалык саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилеген айылдык товар өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелер "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 4-пунктунда Органикалык айыл чарбалык өндүрүшкө дем берүү фондунун каражаттарын башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү жобо менен белгиленет.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган. Мында жогоруда аталган ыйгарым укуктар ушул тизмеге кирбейт.
Өз кезегинде белгилей кетүүчү нерсе, мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттен каржылоо маселелери каралган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 1-пунктунда "жарандык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги" деген сөздөрдү "жоопкерчилик" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Жогоруда аталган Мыйзам долбоору экологиялык маселелерди жөнгө салгандыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, ошондой эле негиздеме-маалымкатта экологиялык экспертизанын өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтын жок экендигин көңүлгө алып, экспертизанын аталган түрүн өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө билдиребиз.
Ушуга удаа эле белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей таасир тийгизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуудан өтүүгө тийиш. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, сунуш кылынган долбоордун негиздеме-маалымкатында коомдук талкуудан өткөндүгү жөнүндө жана анын жыйынтыгы тууралуу маалымат камтылган эмес.
Кошумча белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуу таасири талдоодон өтүүгө тийиш.
Кошумча белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзам долбоорунун түзүмдүк элементтерин белгилөө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, ушуга байланыштуу бөлүктөрдү, бөлүмдөрдү, бөлүмчөлөрдү, пункттарды, пунктчаларды жана абзацтарды белгилөөнү аталган Мыйзамга ылайык келтирүү зарыл.
Мындан тышкары ушул Мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинде чагылдырылган талаптарды камтыбайт, аларга ылайык мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө; мыйзамдын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө; коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө; мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө; каржылоо булактары жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
Жогоруда жазылгандарды көңүлгө алып, жаңы түзүлүүчү Органикалык айыл чарбалык өндүрүшкө дем берүү фондун каржылоо үчүн 2013-жылга республикалык бюджетте каражаттардын жоктугун эске алып "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбалык өндүрүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.