Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 2-декабры № 819

токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 27-августу № 486

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №125 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он биринчи - он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

«- белгиленген тартипте Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын улуттук реестрин жүргүзөт;

- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;

- белгиленген тартипте кесиптик педагогикалык жана окуу-машыгуу ишин жүргүзгөн адамдарды каттоого алат.»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасында:

«Кыргыз Республикасынын Түштүк регион боюнча дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубу» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын түштүк регион боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги беш айлык мөөнөттө «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорунун ортосундагы коллизияларды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев