Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Мамлекеттик өнөктөштүн МЖӨ долбоорун демилгелегенден кийинки иш-аракети
3. Тендер өткөрүү эрежесинин жана тендердик документтердин мазмуну
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартип мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) чөйрөсүндөгү инфраструктуралык объекттерге карата өткөрүлүүчү тендерлерде колдонулат. Стратегиялык объекттерде МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш ошондой эле стратегиялык объекттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын да жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Тартип минералдык ресурстарды пайдаланууга, мамлекеттик сатып алууларга жана менчиктештирүүгө байланышкан мамилелерде колдонулбайт.
4. Бул Тартипте пайдаланылган терминдер "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Мамлекеттик өнөктөштүн МЖӨ долбоорун демилгелегенден кийинки иш-аракети
5. Мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин 30 календардык күндүн ичинде:
- МЖӨ долбооруна талаптарды аныктоону жана аны ишке ашыруудагы финансылык, социалдык, экономикалык кесепеттерди жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоону ишке ашырат;
- тендер өткөрүүнүн эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди, анын ичинде болжолдонгон натыйжалардын жана каржылоо механизмдеринин чечмеленишин даярдайт;
- тендердик комиссияны түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик өнөк тендер өткөрүү эрежесин жана тендердик документтерди даярдоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган документтерди даярдоо боюнча методикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганга укукту.
7. Мамлекеттик өнөк зарыл болсо тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди иштеп чыгууга көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
3. Тендер өткөрүү эрежесинин жана тендердик документтердин мазмуну
8. Тендерди өткөрүү эрежесинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) 1-бөлүм. "Киришүү", мында тендер өткөрүү эрежесинин мазмуну жана бөлүмдөрдүн баяндамасы көрсөтүлөт.
2) 2-бөлүм. "Жалпы жоболор", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө чечим жана МЖӨ ушул долбоорунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенин ырастоочу, тендерди өткөрүү үчүн укуктук негиз болуп саналуучу документ;
б) тендер өткөрүү эрежесинде пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар;
в) мамлекеттик өнөктүн аталышы, тендердик комиссия жөнүндө маалымат (эгер белгилүү болсо);
г) тендердин предмети;
д) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары, анда МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметин түзүүнүн (реконструкциялоонун), эксплуатациялоонун жана (же) кайра берүүнүн мөөнөттөрү, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметинин сапатына гарантиялар, каржылоонун көлөмү, МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруу максатында өнөктөш тарабынан берилүүчү каржылоонун көлөмү, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, мүлктүн же мүлктүк укуктардын тизмеси, МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн жеке өнөк тышкы булактардан алып келүүгө тийиш болгон каражатынын көлөмү, өндүрүлчү товарлардын эң жогорку чектик баалары (тарифтери), МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткарууда жасалуучу жумуштар, көрсөтүлүүчү тейлөөлөр, ушундай бааларга (тарифтерге) кошумчалар, МЖӨ жөнүндө долбоорду ишке ашыруудан күтүлүүчү социалдык эффект, жеке өнөктүн МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууну камсыздоосу, жеке өнөк өзүнө алуучу тобокелдер, жеке өнөктүн жер участогун пайдалануусунун баасы жана шарттары (зарыл болгон учурда);
е) тендерди өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди алуунун жол-жобосу (аталган документтерди тапшыруунун тартиби, жери жана мөөнөтү);
ж) тендердик документтердин жоболору боюнча түшүндүрмө берүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
з) тендердин катышуучулары берүүчү документтердин жана маалыматтардын тизмеси жана мазмуну (анын ичинде тендердин катышуучуларына коюлуучу талаптарга алардын ылайыктуулугун тастыктоочу документтер жана материалдар), ошондой эле мындай документтерди жана материалдарды берүүнүн формасынын көрсөтүлүшү;
и) тендердик документтерге өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тартиби.
3) 3-бөлүм. "Тендерге катышууга арыз берүү жана тендердин катышуучуларын баштапкы тандоо", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) тендерге катышууга арыз берүү жана кабыл алуу тартиби, аларга коюлуучу, анын ичинде мазмунуна, формасына жана курамына карата талаптар;
б) тендерге катышууга арыз берүүчү жер жана мөөнөтү (бул мөөнөттүн башталуучу жана аяктачу күнүн жана убактысын көрсөтүү менен);
в) тендерге катышууга берилген арызды өзгөртүү жана (же) кайра алуу тартиби жана мөөнөтү;
г) тендерге катышууга арыз салынган конверттерди ачуунун тартиби, орду, күнү жана убактысы;
д) тендерге катышуучуларды баштапкы тандоонун тартиби жана мөөнөтү, баштапкы тандоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюу мөөнөтү;
е) баштапкы тандоого катышкан тендердин катышуучуларына коюлуучу талаптар, тендерге катышуучуларды баштапкы тандоо ошол талаптарга ылайык жүргүзүлөт;
ж) арыздарды талдоо үчүн тендердик комиссия тарабынан эксперттик топту жана (же) көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу тартиби.
4) 4-бөлүм. "Тендердик сунуштарды берүү жана баалоо", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) тендердик сунуштарды берүү тартиби, орду жана мөөнөтү (мөөнөттүн башталуучу жана бүтүүчү күнүн көрсөтүү менен);
б) тендердик сунуштарга талаптар, мында сунуштун техникалык, финансылык, юридикалык жактарына, ошондой эле башка маселелер боюнча сунуштарга талаптар болушу мүмкүн;
в) тендердик сунуштарды өзгөртүү жана (же) кайта алуу тартиби жана мөөнөтү;
г) тендердик сунуштары бар конверттерди ачуу тартиби, орду жана убактысы;
д) тендердик сунуштарды карап чыгуу жана баалоо тартиби;
е) тариздөө боюнча талаптар жана тендердик сунуштар ылайык келүүгө тийиш болгон милдеттүү шарттарга карата талаптар;
ж) тендердик сунуштарды талдоо үчүн тендердик комиссия тарабынан эксперттик топту жана (же) көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу тартиби;
з) мамлекеттик өнөктөш үчүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун айрыкча ыңгайлуу жолун талкуулоо жана аныктоо үчүн алдын-ала тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүнүн тартиби.
5) 5-бөлүм. "Тендердин жеңүүчүсүн аныктоо тартиби", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) тендердин жеңүүчүсүн аныктоо тартиби, анын ичинде, баллды бөлүштүрүү системасынын (рейтинг системасынын) баяндамасы;
б) тендердик комиссиянын тендердик сунуштарды карап чыгуу жана баалоо протоколуна кол коюу мөөнөтү;
6) 6-бөлүм. "МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) тендердин жеңүүчүсү менен же МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүгө укугу бар башка жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби;
б) МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча жеке өнөктүн милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоодогу талап кылынган ыкмаларга көрсөтмөлөр;
в) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69токтомунун редакциясына ылайык)
г) МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
д) тендердин аныкталган жеңүүчүсү менен МЖӨ жөнүндө келишим түзүүнүн натыйжалары;
7) 7-бөлүм. "Тиркемелер". МЖӨ долбоору менен байланышы бар башка кошумча материалдар (зарылдыгына жараша).
Бардык тиркемелер тендер өткөрүү эрежесинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакцияларына ылайык)
9. Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды, ошондой эле мамлекеттик өнөктөш тарабынан бекитилген керектүү атайын талаптарды кошо алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты;
- мамлекеттик финансылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;
- ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин мазмунуна карата талаптарды эске алуу менен тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- жеке өнөктөштү баалоонун жана тандоонун критерийлерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
- мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- мамлекеттик өнөктөш тарабынан кошумча бекитилген башка маалыматты.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Алдын ала тандоо баскычында тендердик комиссиянын чечими боюнча МЖӨ долбооруна карата тендердик документтерди жана минималдык талаптарды кайра карап чыгууга уруксат берилет. Тендерди өткөрүү эрежелерин, тендердик комиссия тарабынан бекитилген тендердик документтерди жана/же МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды өзгөртүү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо тендерге катышууга чакырууну жарыялаган ыкма менен эле ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Иштелип чыккан тендердик документ, ошондой эле тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бекитилиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)