Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 69
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган: токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоочу тендердик комиссия жөнүндө жободо:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин мамлекеттик өнөктөш тарабынан түзүлөт.";
- 23-пунктундагы "соттук тартипте" деген сөздөр "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартибинде:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Тартип мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) чөйрөсүндөгү инфраструктуралык объекттерге карата өткөрүлүүчү тендерлерде колдонулат. Стратегиялык объекттерде МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш ошондой эле стратегиялык объекттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын да жетекчиликке алат.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик өнөктөш МЖӨ долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин 30 календардык күндүн ичинде:
- МЖӨ долбооруна талаптарды аныктоону жана аны ишке ашыруудагы финансылык, социалдык, экономикалык кесепеттерди жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоону ишке ашырат;
- тендер өткөрүүнүн эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди, анын ичинде болжолдонгон натыйжалардын жана каржылоо механизмдеринин чечмеленишин даярдайт;
- тендердик комиссияны түзөт.";
- 8-пунктта:
- 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө чечим жана МЖӨ ушул долбоорунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенин ырастоочу, тендерди өткөрүү үчүн укуктук негиз болуп саналуучу документ;";
- 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"з) мамлекеттик өнөктөш үчүн МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун айрыкча ыңгайлуу жолун талкуулоо жана аныктоо үчүн алдын-ала тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүнүн тартиби.";
- 6-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-11-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды, ошондой эле мамлекеттик өнөктөш тарабынан бекитилген керектүү атайын талаптарды кошо алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты;
- мамлекеттик финансылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;
- ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин мазмунуна карата талаптарды эске алуу менен тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- жеке өнөктөштү баалоонун жана тандоонун критерийлерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
- мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- мамлекеттик өнөктөш тарабынан кошумча бекитилген башка маалыматты.
10. Алдын ала тандоо баскычында тендердик комиссиянын чечими боюнча МЖӨ долбооруна карата тендердик документтерди жана минималдык талаптарды кайра карап чыгууга уруксат берилет. Тендерди өткөрүү эрежелерин, тендердик комиссия тарабынан бекитилген тендердик документтерди жана/же МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды өзгөртүү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо тендерге катышууга чакырууну жарыялаган ыкма менен эле ишке ашырылат.
"11. Иштелип чыккан тендердик документ, ошондой эле тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бекитилиши керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелеринде:
- 6-пунктундагы "органдын экспертизасынан өткөн" деген сөздөр "орган тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |