Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-февралы № 48
Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун жаңы чек арасын бекитүү жөнүндө
Уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткан жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү сактоо, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 14-январындагы № 51-б "Райондук мамлекеттик администрациясынын 1994-жылдын 20-апрелиндеги № 76 жана 1999-жылдын 22-январындагы № 14 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин жана Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин 2011-жылдын 24-майындагы № 23 чечимин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүп берилчү жерлердин чек арасынын сүрөттөлүшү жана экспликациясы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зоналаштыруу ишин жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-мартындагы № 76 "Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "№ 1, 2 тиркемеге ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-февралындагы № 48 токтомуна 1-тиркеме |
Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун түндүк чеги Тескей Ала-Тоо тоо кыркасындагы башталыш чекиттен, Жукучак ашуусунан (д.д. 4049 м.б.) чыгышка 1 км, Сарычат суусунун башындагы райондо Тескей Ала-Тоо тоо кыркасы боюнча чыгышка карай Ак-Суу районунун администрациялык чегине чейин барат.
Чыгыш чек арасы Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун түштүк-чыгыш багытта бөлгөн администрациялык чек ара боюнча барып, Койлуу ашуусундагы А чекиттен (д.д. 4303 м.б.) баштап Сары-Жаз дарыясынын оң жактагы куймасындагы Б чекитине чейин ылдыйлап, Ак-Шыйрак тоо кыркасы (д.д. 4263 м.б.) боюнча батышка бурулат, андан ары түштүктү карай Коенду жана Чолок-Капчыгай сууларына В чекитине чейин барат, анан дарыя боюнча түштүк-батышка бурулуп суу бөлгүчкө, Г чекитине (д.д. 3065,2 м.б.) чейин барат.
Андан ары коруктун чек арасы түндүктү карай Ак-Таш жана Борду суулары кошулган жерге, Д чекитине чейин барып, анан Борду суусунун башатына, Е чекитине чейин барат, андан түндүк-чыгышка бурулуп корук зонанын түштүк чек арасына, Кургак-Тепчи суусунун башатына чейин барат.
Андан ары коруктун чек арасы батышты карай барып Петров мөңгүсүнө чейин жетет, анын чыгыш чек арасын бойлой д.д. 4901,0 м.б. белгиге чейин барат, коруктун чек арасы андан ары батышты карай 4600 метр түз, д.д. 4561,0 м.б. белгиге барат жана андан ары Сарычат суусунун башатына чейин жетет.
Батыш чеги Сарычат жана Арабел сууларынын бөлүнүшү (д.д. 3614 м.б.) боюнча жүрүп отуруп, башталыш чекитине кайра чыгат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-февралындагы № 48 токтомуна 2-тиркеме |
┌─────────────────────┬──────────┬────────────────────────────────────┐
│ Жердин категориясы │ Жалпы │ Анын ичинде, га │
│ │ аянты ├─────────┬────────┬─────────────────┤
│ │ га │токой , │жайыттар│ башка жерлер │
│ │ │баспаган │ │(суулар, кумдар, │
│ │ │аянттар │ │ мөңгүлөр, │
│ │ │ │ │ аска-зоолор) │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼─────────────────┤
│Запастагы жерлер │ 149117,9 │ 522,6 │ 37756,8│ 110838,5 │
├─────────────────────┼──────────┼─────────┼────────┼─────────────────┤
│Бардыгы: │ 149117,9 │ 522,6 │ 37756,8│ 110838,5 │
└─────────────────────┴──────────┴─────────┴────────┴─────────────────┘
|
|