Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы № 53
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-берененин 1-пунктундагы "мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген нормаларга жана эрежелерге" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 50-беренедеги "башка маалыматтарды" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 8, 9 жана 10-беренелеринде каралган маалыматтарды" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
3. 52-берененин 3-пунктунун биринчи абзацындагы "келтирилген зыяндын өлчөмүн жана башка жагдайларды эске алуу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|