Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-февралы № 55
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 12-майы, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын кириш сөзү күчүн жоготту деп табылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-беренелер менен толукталсын:
"1-1-берене. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам мамлекеттик жана мамлекеттик эмес лотереяларды уюштурууда жана өткөрүүдө келип чыгуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негизин аныктайт жана лотереялардын милдеттүү ченемдерин, алардын уюштурулушун жана өткөрүлүшүн контролдоонун тартибин, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан жактардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.
1-2-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар
Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан жосундардын алдын-алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын иши терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) карты аракеттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.".
3. 2-беренеде:
1) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Оюнга катышуу шарттары жана оюнга катышкандыгы үчүн акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө ченемдерде жана талаптарда белгиленген формада телевизордун экранында же компьютерде чыгарылууга тийиш.";
2) 6-бөлүгүндөгү "эреже катары", "көп учурда" деген сөздөр алып салынсын;
3) 8-бөлүгүндөгү "жетиштүү" деген сөз алып салынсын;
4) 9-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кандайдыр-бир анык" деген сөздөр алып салынсын.
4. 3-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоболору жана уюштуруу документтери мыйзамда аныкталган тартипте бекитилет.".
5. 6-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. 8-берененин 1-бөлүгү "текшерүү жолу менен" деген сөздөрдөн мурда "ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 9-берененин 3-бөлүгүндөгү "жанданышы мүмкүн" деген сөздөр "жанданат" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 10-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "бир нече жолу" деген сөздөрдөн кийин "(эки жолудан көп)" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Лотереялар боюнча отчет берүү тартиби, отчеттуулук жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
10. 20-берененин 3-бөлүгүндөгү "токтото турулушу мүмкүн" деген сөздөр "токтотулат" деген сөзгө алмаштырылсын.
11. 21-берененин 1-бөлүгүндөгү "майып жана жетим балдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий булакта жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|