Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 60
"Чогуу алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Чогуу алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Чогуу алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Чогуу алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|