Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 63
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
Бажы кызматын модернизациялоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча региондук долбоорду (АӨБ насыясы № 2113-KGZ) ишке ашыруу, Бирдиктүү автоматташкан маалымат тутумунун (БАМТ) негизги функционалдык тутумдарын киргизүү, маалыматтар базасынын тутумун түзүү, маалыматтарды берүү үчүн шарттарды түзүү жана бажы декларацияларын электрондук түрдө иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 313 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби тууралуу нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2013-жылдын 1-январынан тартып" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын 1-июлунан тартып" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |