Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 66
Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууга жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кара-Балта шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 3-августунда кол коюлган "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуу жана "Кара-Балта шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тарап аткаргандыгы жөнүндө Европа Кайра конструкциялоо жана Өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|