Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 67
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3012-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын экономика министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жылдын 24-июлу, № 97-98) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин сегизинчи абзацындагы ", стандартташтырууну, сертификациялоону" деген сөздөр алып салынсын.
2. 11-берененин экинчи абзацындагы "ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 12-беренеде:
1) биринчи абзацтагы "Энергияны керектөөчү продукциянын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган жана энергияны керектөөчү продукциянын маселелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
4. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"16-берене. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин
белгилөө
Бардык арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актылар белгилеген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, киргизилүүчү жана сатылуучу тамак-аш продукциясы тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|