Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 72
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук жана аймактык уюмдары ишке ашыруучу иштердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин тутумундагы мамлекеттик органдардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук жана аймактык уюмдары акы төлөмө негизде ишке ашыруучу иштердин тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө архитектура жана курулуш жаатындагы лицензиялык-уруксат берүү ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) ишин уюштурсун.
- Ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып пайда болгон мамилелерге жайылтылары жана 2013-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болоору белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 72 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдары
1. Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик укуктарын акы төлөп берүү же ижаралоо үчүн жер участокторуна шаар куруу корутундуларын, ошондой эле жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин функционалдык арналышын өзгөртүүгө архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу.
2. Объектилерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
3. Шаар куруу жана долбоорлоо документтерин макулдашуу.
4. Убактылуу объекттерди жайгаштыруу жана бөлмөлөрдүн көтөрүп туруучу жана тосмо конструкцияларын өзгөртүүсүз кайра пландоо, кайра профилдөө жөнүндө, ошондой эле жер участокторунун чек араларын өзгөртүүдө (бөлүү, бириктирүү) жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин функционалдык арналышын өзгөртүү тууралуу архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу.
5. Топографиялык материалдарды даярдоо (топографиялык изилдөө, М 1:500 М 1:500 жана аткаруучу сүрөткө тартуулар).
6. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерин, курулуш долбоорлорун жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу.
7. Жарандарга шаардын, калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн кайра аталышы жөнүндө маалымкат берүү.
8. Көп батирлүү турак үйдүн алдындагы жер участогунун чек араларынын долбоорун иштеп чыгуу.
9. Архитектура, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу (көчөлөрдү кайра атоо, мемориалдык такталарды, таштарды, эстеликтерди орнотуу) боюнча техникалык документтерди даярдоо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук органдары
10. Кыймылсыз мүлктү курууга же башка өзгөртүүгө долбоордук жана сметалык документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүү.
11. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо.
12. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоо.
13. Курулуш тармагынын инженердик-техникалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана жумушчуларды курулуш адистиктерине окутуу.
14. Сейсмикалуулугу 9 жана андан жогору балл болгон райондордо курулуучу объекттерди долбоорлоонун атайын техникалык шарттарын иштеп чыгуу.
15. Имараттардын жана курулмалардын техникалык жана табигый абалы жөнүндө корутундуларды берүү.
16. Кайра профилдөө жана кайра конструкциялоо максатында объекттерди инженердик-техникалык изилдөө.
17. Инвесторлордун жана кесиптик коомдук уюмдардын суроо-талаптары боюнча курулуш чөйрөсүндө ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу.
18. Аймактардын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу.
|
|