Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 76
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Мамытов, Г.А.Скрипкина, Б.С.Кадыров демилге кылган "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 76 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Мамытов, Г.А.Скрипкина, Б.С.Кадыров демилге кылган "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны төмөнкү сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 390-беренесинин 2-бөлүгү аталган берененин 1-бөлүгүндө каралган укук бузууларды кайталап жасагандыгы үчүн жазаны белгилегендигине байланыштуу, жасалган укук бузуунун оордугун эске алуу менен администрациялык айыптын дифференцияланган өлчөмүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылабыз, мисалы, Кодекстин 390-беренесинин 1-бөлүгүндө администрациялык айыптын өлчөмүн алтымыштан сексенге чейинки эсептик көрсөткүчтүн чегинде белгилөө.
Ченемдик укуктук актынын түзүмдүк бирдигине киргизилген ар бир өзгөртүү же толуктоо өзүнчө таризделүүгө тийиш экендигин эске алып, ошондой эле долбоордун мамлекеттик тилдеги текстинде колдонулуучу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин бөлүктөрүн номурлоону көңүлгө алып, Мыйзамдын расмий тилдеги долбоорунун 1-беренесинин бөлүктөрүн номурлоону кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
|
|