Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 118
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 15-пунктун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы N 451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жана кызматчыларынын чет өлкөлүк кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-пункту төмөнкү редакциядагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) эгерде мамлекеттик кызматчылардын иши мамлекеттик сырлар менен байланышса, алар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан учурда тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын режимдик-сырлар бөлүмчөлөрүнө күн мурунтан кабарлайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|