Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 124
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.С.Жоошбеков демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 124 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.С.Жоошбеков демилге кылган "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкү корутундуну берет.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык атайын каражаттардын курамына төмөнкүлөр кошулушу мүмкүн эмес:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
- укук бузуулар менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле укук бузууларды жасоодон конфискацияланган товарларды, куралдарды жана башка товарларды сатуудан түшкөн каражаттар.
Бул берене айрым ведомстволордун милдеттүү төлөмдөрүнүн эсебинен атайын каражаттарды түзүү ченемдерин тартипке келтирүүгө жана алып салууга багытталган, анткени атайын төлөмдөр республикалык бюджетке түшүүгө тийиш.
Каралган мыйзам долбоорунда жогоруда аталган беренени 19-1-берененин жоболору жаратылышты коргоонун мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорунун атайын эсебине мыйзамда белгиленген тартипте которулуучу каражаттарга колдонулбайт деген ченем менен толуктоо сунуш кылынат.
Бул толуктоо мыйзамдардын ченемдерине төмөнкү негиздер боюнча карама-каршылыкты пайда кылат.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы жаратылыш ресурстарын белгиленген лимиттердин чектеринде пайдалануу үчүн; жаратылыш ресурстарын лимиттен ашык пайдалануу үчүн белгиленет, мамлекеттик бюджетке белгиленген тартипке ылайык киргизилет жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чараларга пайдаланылат.
Ошол эле учурда "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана жеке жактар тарабынан талашсыз тартипте жаратылышты коргоонун мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фондуларынын атайын эсептерине чегерилет.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктуна ылайык айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм (анын ичинде булгоочу заттардын агындыларын, саркындыларын жана калдыктарды таштоочу жай үчүн төлөөлөр) республикалык бюджетке түшөт.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондун, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын жана төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддорду кошпогондо, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алганда, зыяндуу заттарды чыгаргандыгы үчүн төлөмдөрдүн жаратылышты коргоонун мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорунун атайын эсептерине түшүүсү максатка ылайыксыз болот.
Кошумча белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык бюджетке жана финансыга тиешелүү маселелер жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келүүгө тийиш.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
Бул учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин жана жергиликтүү бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун негизги принциптерин "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аныктайт.