Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы №230
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы№301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдары тарабынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы№301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жободо:
6-пунктта:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат (9-тиркеме)";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме);
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме);";
төмөнкүдөй мазмундагы 6-1, 6-2-пункттар менен толукталсын:
"6-1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат (10-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук жок болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет;
6-2. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат (11-тиркеме) Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө катталган укук бар болгон учурда Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтары боюнча берилет.";
- 17-пункттун экинчи абзацындагы "жер үлүштөрүнө, айыл чарбалык арналыштагы жерлерге" деген сөздөр "кыймылсыз мүлк бирдиктерине" деген сөздөргө алмаштырылсын, "буга кыймылсыз мүлк менен бүтүм жасоо кирбейт" деген сөздөр алып салынсын;
- 18-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 19-пункттун үчүнчү абзацы "кадастрдык планынын көчүрмөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык маалыматтарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Маалымат берүү тууралуу суроо-талап жалпы бөлүм аркылуу түшкөндө, суроо-талап жалпы бөлүмдүн түшкөн документтер журналына катталат жана документтерди кабыл алуу жана берүү залына документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адиске токтоосуз берилет.";
- 23-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин;
- аталган Жобонун 3, 4-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
- аталган Жобонун 7-тиркемесинде "катталган укук тууралуу маалымкат" деген сөздөр алып салынсын.
- ушул токтомдун 3, 4, 5-тиркемелерине ылайык 9, 10, 11-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна 1-тиркеме |
"3-тиркеме
Маалымкат берилген күндөн баштап
6 ай бою жарактуу
№ 3 форма
Жергиликтүү каттоо органынын маалыматы
боюнча кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө
МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________№_______
Берилди __________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын маалыматы боюнча ______________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
кыймылсыз мүлк катталган эмес.
Эскертүү:
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо
башкармасынын начальниги ______________ ________________________
(начальниктин (начальниктин аты жөнү)
колу)
Каттоочу __________________ ____________________________________
(каттоочунун колу) (каттоочунун аты жөнү)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна 2-тиркеме |
"4-тиркеме
Кыймылсыз мүлккө укуктардын
бирдиктүү мамлекеттик реестринен
КӨЧҮРМӨ
20__-жылдын "___" _______________№_______
Берилди __________________________________________________________
(жеке адамдын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан
_______________________________________________________________________
юридикалык жактын толук аталышы)
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________ _______________________________________________________________________
Дареги: ____________________________ облусу _______________ району __________________________________________________________ айыл округу.
Калктуу конуштун аталышы: ________________________________________ _____________________________ көчөсү,№__________ кв.№______________
Кыймылсыз мүлктүн түрү: __________________________________________ ________________________________________________ жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкарма тарабынан укукка мамлекеттик каттоо __________________________________________ жүргүзүлгөн.
(толук, алдын ала)
Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө маалымат
┌──┬──────────────────┬────────────────┬──────────────┬───────────────┐
│№ │Менчик ээси/ээлери│ Жалпы │Кыймылсыз мүлк│ Мамлекеттик │
│ │ (жеке адамдын │ биргелешкен/ │ бирдигине │ каттоо │
│ │ аты-жөнү же │ жалпы үлүштүк │ укукту │ жүргүзүлгөн │
│ │ юридикалык жактын│ менчик │ ырастоочу │күнү, убактысы,│
│ │ толук аталышы) │ │ документтер │ (саат, мүнөт) │
├──┼──────────────────┼────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│ │ │ │ │ │
└──┴──────────────────┴────────────────┴──────────────┴───────────────┘
Менчик ээсинин жалпы менчиктеги үй ичиндеги
бөлмө-жайларга, үй алдындагы жер участогуна жана анда
жайгашкан объекттерге үлүшү жөнүндө маалымат
┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐
│ Жалпы менчиктеги кыймылсыз │ Менчик ээсинин жалпы │
│ мүлктүн идентификациялык коду │ менчиктеги үлүшү │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│ │ │
|
|
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык укуктары
жөнүндө маалымат
┌───┬─────────────┬──────────────┬─────────────────┬──────────────────┐
│№│ Пайда алуу │ Пайда алуу │ Чектелген │ Мамлекеттик │
│ │ укугу │ укугун │ кыймылсыз мүлк │ каттоо │
│ │ │ далилдөөчү │ бирдигинин │ жүргүзүлгөн │
│ │ │ бенефициардык│ идентификациялык│ күнү, │
│ │ │ документ │ коду │ убактысы, │
│ │ │ │ │ (саат., мүнөтү) │
├───┼─────────────┼──────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───┴─────────────┴──────────────┴─────────────────┴──────────────────┘
Кыймылсыз мүлк бирдигине татаалдыктардын (чектөөлөрдүн)
жоктугу же бардыгы жөнүндө маалымат
┌───┬────────────────┬───────────────┬─────────────┬──────────────────┐
│№│ Бенефициардык │ Чектөөлөрдүн │ Чектөөчү │ Мамлекеттик │
│ │ бирдик же жак │ түрү │ документ │ каттоо │
│ │ │ │ │ жүргүзүлгөн │
│ │ │ │ │ күнү, убактысы, │
│ │ │ │ │ (саат., мүнөтү) │
├───┼────────────────┼───────────────┼─────────────┼──────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└───┴────────────────┴───────────────┴─────────────┴──────────────────┘
Эскертүү: Көчүрмө ал берилген учурдагы кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана чектөөлөр тууралуу маалыматтарды чагылдырат.
М.О.
Жерге жайгаштыруу
жана кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо башкармалыгынын башчысы ______________ ___________________
(башчынын колу) (башчынын аты жөнү)
Каттоочу ____________ _____________________ ____________________
(каттоочунун (каттоочунун (күнү жана убактысы,
колу) аты-жөнү) сааты, мүнөтү)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №230 токтомуна 3-тиркеме
|
"9-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү
маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча
Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө
мурда катталган укуктар тууралуу
МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________
Берилди __________________________________________________________
(жеке адамдын аты-жөнү, маалыматты суратып жаткан
_______________________________________________________________________
юридикалык жактын толук аталышы)
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду __________________
Дареги: ____________________________ облусу _______________ району __________________________________________________________ айыл округу.
Калктуу конуштун аталышы: ________________________________________ _____________________________ көчөсү,№_________,№______________ кв.
Кыймылсыз мүлктүн түрү: __________________________________________
Пайдалануунун түрү: ______________________________________________
Максаттуу арналышы: ______________________________________________
Кыймылсыз мүлккө менчик укугунун таржымалы
┌──┬─────────────┬──────────┬───────┬────┬────────────────┬───────────┐
│№ │ Менчик │ Мамлекет-│ Токто-│Үлүш│ Жалпы │ Кыймылсыз │
│ │ ээси/ээлери │ тик │ тулган│ │ биргелешкен/ │ мүлк │
│ │ (жеке │ каттоодон│ датасы│ │ жалпы үлүштүк/ │ бирдигине │
│ │ адамдын │ өткөн │ │ │ менчик │ укукту │
│ │ аты-жөнү же │ │ │ │ │ ырастоочу │
│ │ датасы │ │ │ │ │документтер│
│ │ юридикалык │ │ │ │ │ │
│ │ жактын │ │ │ │ │ │
│ │ аталышы) │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────┼──────────┼───────┼────┼────────────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
└──┴─────────────┴──────────┴───────┴────┴────────────────┴───────────┘
Кыймылсыз мүлк бирдигинин бенефициардык
укуктары жөнүндө таржымал
┌───┬────────┬──────────────┬─────────────────┬───────────┬───────────┐
│№│ Пайда │ Пайда алууга │ Кыймылсыз │Мамлекеттик│Токтотулган│
│ │ алууга │ укукту │ мүлктүн чектөө │ каттоодон │ датасы │
│ │ укугу │ ырастоочу │ салынган │ өткөн │ │
│ │ │ бенефициардык│ бирдигинин │ датасы │ │
│ │ │ документ │ идентификациялык│ │ │
│ │ │ │ коду │ │ │
├───┼────────┼──────────────┼─────────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└───┴────────┴──────────────┴─────────────────┴───────────┴───────────┘
Кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жок
же бар экендиги жөнүндө таржымал
┌───┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬───────────┬───────────┐
│№│Бенефициардык│ Чектөөнүн │ Чектөөгө │Мамлекеттик│Токтотулган│
│ │бирдик же жак│ түрү │ документ │ каттоодон │ датасы │
│ │ │ │ │ өткөн │ │
│ │ │ │ │ датасы │ │
├───┼─────────────┼─────────────┼─────────────┼───────────┼───────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└───┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴───────────┴───────────┘
М.О.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз
мүлккө укуктарды каттоо
башкармасынын начальниги ______________ ________________________
(начальниктин (начальниктин аты жөнү)
колу)
Каттоочу __________________ ____________________________________
(каттоочунун колу) (каттоочунун аты жөнү)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 230 токтомуна 4-тиркеме |
"10-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү
маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча
Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз
мүлкүнүн жоктугу тууралуу
МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________, 00:00
Берилди _________________________________________________________,
(арыз ээсинин аты-жөнү)
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматтарына ылайык ________________________________________________________________
(жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жактын толук аталышы)
Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган эмес.
М.О.
Адис _________________ _________________________________________
(колу) (аты-жөнү)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын3-майындагы№ 230 токтомуна 5-тиркеме |
"11-тиркеме
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү
маалыматтык системанын (КМБМС) маалыматы боюнча
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган
укуктар тууралуу
МААЛЫМКАТ
20__-жылдын "___" _______________, 00:00
Берилди __________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системанын маалыматына ылайык ___________________________________________________________________
(жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы)
Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталган:
┌───┬─────────┬──────────────┬─────────┬──────────────┬───────┬───────┐
│КМБ│ Дареги │ Арналышы │ Пайдала-│Кыймылсыз мүлк│ Кат- │ Токто-│
│ко-│ │ │ нуу │ бирдигине │ талган│ тулган│
│ду │ │ │ формасы│ болгон укукту│ датасы│ датасы│
│ │ │ │ │ ырастоочу │ │ │
│ │ │ │ │ документтер │ │ │
├───┼─────────┼──────────────┼─────────┼──────────────┼───────┼───────┤
├───┼─────────┼──────────────┼─────────┼──────────────┼───────┼───────┤
└───┴─────────┴──────────────┴─────────┴──────────────┴───────┴───────┘
М.О.
Адис _________________ _________________________________________
(колу) (аты-жөнү)".