Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 232
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 89-беренесине ылайык, мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Примьер-министр | Ж. Сатыбалдиев
|