Загрузка документа…
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 токтому менен бекитилген
|
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 679, 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) ювеналдык юстиция маселеси боюнча кеңешүүчү жана консультация берүүчү орган болот.
2. Кеңеш республикада ювеналдык юстиция жаатында иш жүргүзгөн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянат.
4. Кеңеш төмөнкүдөй принциптердин негизинде иштейт:
- мыйзамдуулукту сактоо;
- макулдашылган чечимдерди аткарууда ар бир мамлекеттик органдын ага берилген ыйгарылма укуктарынын чегиндеги өз алдынчалыгы;
- макулдашылган чечимдерди аткарууда жетекчилердин жеке жоопкерчилиги;
- жашы жете электердин артыкчылыктуу кызыкчылыктарын сактоо;
- жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу;
- жашы жете элек баланы тарбиялоонун бакубат жана табигый чөйрөсүн түзүү үчүн үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк көрсөтүү;
- ювеналдык юстиция тутумунда маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электерге карата сот адилеттигин жүргүзүүдө зомбулуктун бардык түрлөрүнө тыюу салуу жана аларды болтурбоо;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо.
5. Кеңештин негизги максаты мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана калыбына келтирүү багытындагы иштерди жүргүзүүдө иш-чараларды координациялоону жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүүнү көздөйт.
6. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
1) өнүктүрүү программаларын жана жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча пландарды иштеп чыгууга катышуу, балдар арасындагы кылмыштуулукту жоюу жана мыйзам менен чатагы бар жашы жете электерди коргоо;
2) ювеналдык юстиция жаатындагы артыкчылыктуу программаларды аныктоо.
7. Негизги максатка жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мыйзам менен келишпестиги бар балдар менен иштеген ыйгарым укуктуу органдардын республикада ювеналдык юстиция жаатындагы учурдагы абалга талдоо жүргүзүү жана анын өзгөрүү динамикасы боюнча маалыматын угат;
2) ювеналдык юстиция жаатындагы ченемдик укуктук базаны эл аралык ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү үчүн аны реформалоо боюнча сунуштарын киргизет;
3) жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алууну күчөтүү жана мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электерди коргоону камсыз кылуу боюнча; ювеналдык юстиция системасынын субъекттерине мониторинг жүргүзүү механизмдерин түзүү боюнча; мыйзам менен келишпестиги бар балдарды реабилитациялоого жана социалдык интеграциялоого көмөктөшүү боюнча, алардын жеке жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын билим алууга, акысыз социалдык, медициналык жана башка кызматтардан пайдаланууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча бардык тиешелүү уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
4) жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алууну күчөтүүгө, балдар арасындагы кылмыштуулукту жоюуга жана мыйзам менен келишпестиги бар жашы жете электерди коргоону камсыз кылууга; ювеналдык юстиция проблемалары боюнча коомдук маалымдоо системасын түзүүгө багытталган чараларды ишке ашырууга коомчулуктун, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу боюнча иштерди жүргүзөт.
8. Кеңеш өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук жана эл аралык уюмдардан ювеналдык юстиция маселелери боюнча маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле башка тиешелүү органдардын кароосуна ювеналдык юстиция маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө.
9. Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
- реалдуу өнөктөштүк принциби менен иштөөгө жана бардык мүчөлөрдү чечим кабыл алуу процессине катышууга жана өз оюн айтууга толук укуктуу болгон тең өнөктөр катары кароого;
- Кеңештин ишиндеги коррупциялык аракеттерди болтурбоого;
- бардык кызыкдар тараптардын Кеңештин ишине катышуусун камсыз кылууга.
10. Кеңеш 23 мүчөдөн турат, анын ичинде эл аралык жана коомдук уюмдардан турмушу оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, мунун ичинде мыйзам менен келишпестиги бар балдардын кызыкчылыгын коргоочу 4 өкүл болот (макулдашуу боюнча).
11. Кеңешти Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри башкарат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 679, 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Кеңештин төрагасынын эки орун басары болот.
13. Кеңештин төрагасы Кеңештин ишин уюштурат, Кеңештин ишине тиешелүү билдирүүлөрдү жасайт, кеңештин мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрөт.
14. Кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кеңештеги эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:
1) өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүү;
2) мыйзам менен келишпестиги бар балдарга багыт алуу менен оор турмуштук кырдаалдагы балдардын кызыкчылыгын коргоо;
3) акыркы 2 жылда өз ишин ювеналдык юстиция жаатында жүргүзүү.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмү Кеңештин катчылыгы болот.
17. Кеңештин катчылыгынын милдетине төмөнкүлөр кирет:
1) Кеңештин мүчөлөрүнө отурумдар, отурумду өткөрүүчү убактысы жана орду, кароого киргизилген маселелердин тизмеги жөнүндө отурумду өткөрөөргө чейин 3 күндөн кем эмес мөөнөттө маалымдоо;
2) Кеңештин отурумдарынын протоколдорун жазуу;
3) Кеңештин отурумунда кабыл алынган тийиштүү документтердин кеңештин мүчөлөрүнө жиберилишин камсыздоо;
4) Кеңештин сунуштамаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу процессин координациялоо;
5) Кеңештин ишине байланышкан маалыматтарды жалпылоо.
18. Кеңештин ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырылат.
19. Кеңештин иш планы Кеңештин курамында талкууланат жана анын отурумдарында анын төрагасы тарабынан бекитилет.
20. Кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана Кеңештин курамынын тизме менен бекитилген мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса жарактуу болот.
21. Кеңештин чечимдери отурумда катышкан мүчөлөр ачык добуш беришкенде көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Кеңештин чечимге макул эмес мүчөлөрү өзгөчө ой-пикирин билдире алышат жана ал отурумдун протоколуна киргизилет. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болот.
22. Кеңештин ишин камсыз кылуу жана өзүнүн отурумдарына маселелерди, аналитикалык, маалыматтык материалдарды жана башка материалдарды даярдоо үчүн Кеңеш өзүнүн компетенциясынын чегинде эксперттик жана жумушчу топторду түзө алат. Ишке көз каранды эмес адистер жана эксперттер тартылса болот.
23. Кеңештин отурумуна катчылык менен алдын ала макулдашуу боюнча, башка мамлекеттик, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышса болот.
24. Кеңештин кезектеги отурумунун күн тартиби жана чечимдердин (сунуштамалардын) долбоорлору анын мүчөлөрүнө отурум болгонго чейин 10 календарлык күн мурдатан жиберилет.
25. Кеңештин отурумдары протокол менен таризделет, протоколго төрага жана катчы кол коет.
26. Кеңеш жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчет берет.
27. Кеңештин ар жылдык отчету мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
28. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулат.