Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-майы № 245
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы N 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесине:
- 34-пункттун экинчи абзацындагы "кесипкөй катышуучусуна" деген сөздөр "квалификациялык" деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|