Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 647
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 245, 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2015-жылдын 2-июлу № 435, 2017-жылдын 15-мартындагы № 166, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266, 2024-жылдын 30-июлундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды түзүү, каттоо, жүгүртүү, ошондой эле менчик укуктардын өтүү процесстерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жарандардын баалуу кагаздар менен байланышкан укуктары менен милдеттерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын аракеттери баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр деп таанылат.
3. Ушул Эрежеде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр: соодаларга катышуучу - баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иш жүргүзүүгө лицензиясы бар, фондулук биржалардын соодаларына катышуучу болуп саналган, фондулук биржалардын эрежелерине жараша буйруктарды жарыялоого жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укугу бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;
спрэд - баалардагы көз боемочулуктарды болтурбоо максатында белгиленген, фондулук биржалардын рыноктук бааларынын жардамы менен эсептелинүүчү баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу бааларынын өзгөрүүсүнүн чеги;
РЕПО бүтүмү - мурда аныкталган баа боюнча белгилүү мөөнөт өткөндө кайра сатуу (сатып алуу) милдеттенмеси бар баалуу кагаздарды сатып алуу (сатуу) бүтүмү;
тике РЕПО - кайра сатылып алынуучу шарты бар баалуу кагаздарды сатуу бүтүмү;
тескери РЕПО - кайра сатылып алынуучу шарты бар баалуу кагаздарды сатып алуу бүтүмү.
4. Бул Эреже баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды бүткөрүү ишинин жүрүшүн жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн төмөнкүдөй бүтүмдөргө колдонулат:
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жардамы менен уюштурулган соода аянтчаларында жасалуучу акционердик коомдун акцияларын жана мыйзам менен же алар белгиленген тартипте баалуу кагаздардын эмиссиясына киргизилген башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу операцияларына;
- белекке берүү, алмаштыруу келишимдери боюнча бүтүмдөр.
Ушул Эреженин колдонулушу мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле баалуу кагаздарга карата укуктарды жана/же милдеттерди өзгөртүү жана токтотуу тартибине жайылтылбайт:
- соттун чечими боюнча;
жоюлуп жаткан субъекттин мүлкү сатылган учурда жоюу комиссиясынын чечими боюнча;
- баалуу кагаздарды мурастоодо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Брокердин ишин жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кардарлардын тапшырмасы боюнча баалуу кагаздар менен операцияларды жасаган учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эгерде сатылып алынуучу баалуу кагаздарга кардардын акы төлөп берүүсүнө толук кепилдик жок болсо баалуу кагазды сатып алуу тапшырмасын кабыл алуудан баш тартууга;
- эгерде ошол баалуу кагаздарга кардардын ээлик кылаарына кепилдик жок болсо баалуу кагаздарды сатуу тапшырмасын кабыл албай коюуга;
- бүтүм жасалгандан кийин келишимде белгиленген мөөнөттө же тапшырманын аракеттенүүчү мөөнөтү бүткөндөн кийин баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү же түзбөй коюу фактысы жана анын жыйынтыктары жөнүндө кардарга билдирүүгө;
- анын атынан баалуу кагаздар менен бир катар операцияларды жасоо же кардардын инвестициялык активдерин ишенимдүү башкаруу жөнүндө ишеним катты кардардан алган учурда кардардын жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өз ара мамилелеринин баардык шарттары белгиленүүгө тийиш болгон келишим-тапшырмасында (тапшырмада) же болбосо инвестициялык активдерди башкаруу жөнүндө келишимде айтылган ыйгарым укуктардын алкагындагы талаптарда аракеттенүүгө;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эгерде андай бүтүм кардарга ыңгайлуу дегенге негиз жок болсо кандайдыр бир баалуу кагаздарды сатып алууну, сатууну же алмаштырууну сунуш кылууга баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун укугу жок.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кардар жасаган баардык операциялар жөнүндө коммерциялык жашыруун сырды сактоого жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка адамдардан бөлөк үчүнчү жактын ошол маалыматтар менен таанышуусуна жол бербөөгө милдеттүү.
2. Бүтүмдөрдү түзүүнүн жана бүткөн тариздөөнүн жалпы эрежеси
7. Баалуу кагаздарды сатып-алуу-сатуу бүтүмдөрү жазуу жүзүндө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) фондулук биржалардын соода аянттарында:
- келишимдик-тапшырмалардын (тапшырмалардын) же болбосо инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимдердин негизинде тараптардын контрактарды түзүү жолдору менен;
- контракттарды түзүү жолу менен дилердик ишти жүргүзгөн учурда.
2) Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жолу менен (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фондулук биржалардын соода аянтчаларында жүгүртүлбөшү мүмкүн болгон баалуу кагаздар үчүн).
Жазуу жүзүндөгү форма өзүнө биржанын эрежесинде белгиленген тартипте электрондук-цифралык колду, же болбосо өз колунун башкача аналогун пайдаланууну камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Фондулук биржанын соода аянтчасындагы бүтүмдөрдүн нерсеси болуп саналган баалуу кагаздарга карата болгон укуктарды жана милдеттерди өз ара өткөрүп берүү жөнүндө келишимди фондулук биржага катышуучулар биржалык соодалардын мезгилинде, мыйзамдарда жана Фондулук биржада кабыл алынган баалуу кагаздарды сатуу эрежелеринде белгиленген тартипте түзүшөт.
9. Ушул Эрежеде белгиленген келишимдик-тапшырма (тапшырма) түрүндө, эгерде аткаруу учурунда кардар бүтүмдү жасоо мүмкүн деп эсептесе, анда көрсөтүлгөн шарттарга туура келген негизде гана кардарлардын эсебинен баалуу кагаздар менен болгон операцияларды баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жасайт. Кардардын каражаттарын же баалуу кагаздарын өз кызыкчылыгына өз алдынча, жада калса убактылуу пайдаланууга баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун укугу жок.
Келишимдик-тапшырмада (тапшырмада) милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздардын түрү, саны жана наркы;
- бүтүмдүн шарттары, ошондой эле баалуу кагаздарды менчиктөө укугуна карата болгон өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби;
- келишимдик тапшырманын негизинде буйрукту аткарууга байланыштуу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аткарган баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иштин түрү;
- бүтүмдөрдү жасаган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна төлөнүүчү комиссионныйлар жана башка төлөмдөр;
- ортомчулук кызмат көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна берилген лицензиянын толук аталышы, номери жана берилген күнү, почталык жана юридикалык дареги, ыйгарым укуктуу трейдердин койгон колу жана кесипкөй катышуучунун мөөрү;
- кардардын же анын өкүлүнүн аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (эгерде кардар жеке жак болуп саналса), толук аталышы, почталык жана юридикалык дареги (эгерде кардар юридикалык жак болсо).
Тараптар өз ара макулдашып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана башка шарттарды да келишимдик-тапшырмага (тапшырмага) кошо алышат.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун жалпы шарттарын белгилеген келишимдердин негизинде кардарлардын эсебинен жана мындай жалпы шарттар жана тапшырма ушул пунктта саналган баардык милдеттүү маалыматтардын жыйындылары камтылган шартта, өзүнчө бүтүмдөрдү жасоо үчүн кардарлар жиберген бир жолку тапшырма боюнча баалуу кагаздар менен операцияларды жасай алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жогоруда көрсөтүлгөн келишимдерди тариздөөнүн учурунда кесипкөй катышуучу баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды эсепке алуунун ички схемасында кардар үчүн баалуу кагаздардын жана акча каражаттардын эсебин ачышы, кесипкөй катышуучунун номиналдык кармоосундагы кардардын баалуу кагаздарын жана/же акча каражаттарын ага которушу керек.
11. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ар бир бүтүм бүткөндөн кийин бүтүмдү ырастоочу жазуу жүзүндөгү отчётту фондулук биржа аркылуу кардарга берип турууга баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу милдеттүү (ушул Эреженин 1-тиркемеси).
Отчётто төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна берилген лицензиянын толук аталышы, номери жана берилген күнү;
- кардардын же анын өкүлүнүн толук аталышы, почталык жана паспорттук маалыматтары, эгерде кардар же анын өкүлү жеке жак болуп саналса, же кардардын же анын өкүлүнүн толук аталышы, почталык жана юридикалык дареги, эгерде кардар же анын өкүлү юридикалык жак болсо;
- баалуу кагаздардын түрү, эмитенттин аталышы, баалуу кагаздардын саны, бир баалуу кагаздын баасы;
- комиссионныйдын өлчөмү;
- бүтүм түзүлгөн күн;
- бүтүм боюнча өз ара эсептешүүлөр жүргүзүлүүчү күн жана тартип.
12. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген жана аларга ылайык келген эсеп-кысап жана отчёт берүү системасына ээ болушу керек. Документтер баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн баардык операцияларды акыйкат чагылдырып көрсөтүшү жана бүтүм жасалган учурдан тартып беш жыл ичинде сакталышы керек.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 409 токтому менен бекитилген брокердик компанияларда баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин алуунун өзгөчөлүктөрүн кесипкей катышуучу баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын ички эсебинин стандарттары менен аныктайт.
14. Баалуу кагаздар рыногундагы кызматты инвесторго сунуш кылган кесипкөй катышуучу инвестор талап кылганда төмөнкүдөй документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү:
- баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иш жүргүзүү укугун берген лицензиянын көчүрмөсүн;
- юридикалык жак катары кесипкөй катышуучунун мамлекеттик катталышы жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иш жүргүзүү укугун берген лицензияны берген органдын аталышын жана дарегин;
- уставдык капиталы жөнүндө, өздүк каражаттарынын өлчөмү жана кесипкөй катышуучунун резервдик фонду жөнүндө маалыматтарды.
15. Кесипкөй катышуучу, инвестордон сатып алып же болбосо менчиктен ажыратып жаткан учурда курамы мыйзамдарда аныкталган маалыматтардан сырткары төмөнкүдөй маалыматтарды инвесторго берүүгө милдеттүү:
- ошол баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик катталышы жана ошол чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери жөнүндө маалыматты;
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде жана алардын эмиссиясынын проспектинде камтылган маалыматтарды;
- маалыматтарды берүү жөнүндө талапты инвестор койгон күндөн мурдагы айда баалуу кагаздардын уюштурулган рынокторундагы ошол баалуу кагаздардын баалары жана котировкалары жөнүндө маалыматтарды;
- маалыматтарды берүү жөнүндө талапты инвестор койгон күндөн мурдагы айдын ичинде кесипкөй катышуучу ошол баалуу кагаздарды сатып алган жана саткан баалар жөнүндө маалыматтарды, же болбосо андай операция болбогондугу жөнүндө маалыматтарды.
16. Инвесторго кызмат көрсөтүп жаткан кесипкөй катышуучу инвесторлордун укугун коргоону камсыз кылуучу мыйзамдарга ылайык аларга берилүүчү укуктар жана кепилдиктер жөнүндө инвесторго маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
17. Инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин шарттары, алардын инвесторлордун укуктарын чектөөсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарга салыштырмалуу жокко эсе болуп саналышы керек.
18. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары баалуу кагаздар жана инвестициялык активдер менен болгон бүтүмдөрдү жасоо учурунда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фондулук биржалардын соода аянттарындагы бүтүмдөр
19. Соодалардын жүрүшүн камсыз кылган, депозитарий түзгөн эсептерге баалуу кагаздарды жана акча каражаттарын алдын ала салгандарга гана биржалардын соода системаларына кирүү уруксаты берилет.
20. Эгерде ушул Эрежеде башкача белгиленбесе, соодаларга катышуучу бүтүмдөрдү төмөнкүдөй түзүүгө гана укуктуу:
1) өзүнүн атынан жана өзүнүн эсебинен (дилердик иш);
2) өзүнүн атынан, бирок кардардын эсебинен (келишимдик-тапшырманын негизинде);
3) кардардын атынан жана эсебинен (келишимдик-тапшырманын негизинде).
21. Тике РЕПО бүтүмдөрү фондулук биржалардын соода системалары аркылуу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан гана түзүлөт.
22. Кесипкөй катышуучу кардар менен түзүлгөн келишимде аныкталган бүтүмдөрдү жасоонун шарттарынын тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
23. Баалуу кагаздар менен кошо жүрүүчү стандарттык мөөнөттөр жана башка жасалуучу эсептик-клирингдик операциялардын шарттары депозитардык ишти жүргүзгөн кесипкөй катышуучуда кабыл алынган депозитардык-клирингдик операцияларды жүргүзүү Эрежелерине ылайык иш жүзүнө ашырылат.
24. Ушул Эрежеге жана фондулук биржада кабыл алынган Фондулук биржаларда баалуу кагаздарды сатуу эрежесине ылайык соодаларды өткөрүүнүн жүрүшүндө соодаларга катышуучулардын ортосунда түзүлгөн баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу, алмаштыруу бүтүмдөрү баалуу кагаздар менен жасалган биржалык бүтүмдөр деп таанылат. Фондулук биржалардын соода системаларында алар каттоого алынгандан кийин баалуу кагаздар менен жасалуучу бүтүм түзүлдү деп эсептелинет.
Бирине бири шайкеш келген буйруктар болгондо бүтүм түзүлөт. Мында ошол буйруктарды жарыя кылган соодаларга катышуучулар бүтүмдү түзгөндөр болуп саналат.
Биржалык бүтүмдөр ушул пункт менен, фондулук биржа тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынган Фондулук биржанын баалуу кагаздарын сатуунун эрежелери менен караштырылган фондулук биржадагы түз бүтүмдөрдү каттоо үчүн олуттуу жагдайлар келип чыккан учурларда (түз бүтүмдөр) буйруктарды салыштыруусуз эле түзүлөт. Мындай бүтүмдү жасоо фактысы соода системасына киргизилет жана фондулук биржада каттоого алынат.
Ачык соода ыкмасы аркылуу рыноктук бүтүмдөрдү өткөрүүнүн мүмкүн эместиги фондулук биржадагы тике бүтүмдөрдү каттоо үчүн олуттуу жагдай болуп саналат, анткени мындай бүтүмдөрдүн параметрлери менен шарттары аукциондун же тендердин жыйынтыгынын негизинде тараптар тарабынан, акционерлердин жалпы чогулушунун же коомдун директорлор кеңешинин чечими менен төмөнкүдөй маселелер боюнча алдын ала аныкталат:
- жүргүзүлгөн аукциондун же тендердин жыйынтыгы боюнча жеңген инвесторго коомдун акциясынын пакетин сатуу;
- баалуу кагаздар түрүндө акционерлерге дивиденддерди төлөп берүү;
- ачык акционердик коомдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча эмиссиялоодо акцияларды акционерлердин арасында бөлүштүрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлу № 435 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Соодалашуу депо эсебиндеги эркин калдыктар көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санынан көп же ага барабар болгондо гана соодага катышуучу баалуу кагаздарды сатуу жана тиешелүү бүтүмдөрдү түзүү буйругун жарыя кылууга укуктуу.
26. Депо эсептериндеги эркин калдыктарды аныктоонун жана баалуу кагаздарды депозитарийге салуунун тартиби депозитардык иш жүргүзгөн кесипкөй катышуучуда кабыл алынган депозитардык-клирингдик операцияларды жүргүзүү эрежесине ылайык белгиленет.
27. Баалуу кагаздар менен жасалган биржа бүтүмдөрү биржалык контракттар менен таризделет. Биржа контрактысы биржалык соодалардын жүрүшүндө баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн түзүү фактысын, ошондой эле ошол бүтүмдүн биржада каттоо жана эсепке алуу фактысын күбөлөндүргөн документ болуп саналат.
28. Биржа контрактысы төрт нускада бүткөн түргө келтирилет, алардын экөөсү соодаларга катышуучуларга берилет, бир нускасы фондулук биржада калат, бири эсептерди акча каражаттарында жана баалуу кагаздарда жүргүзүү үчүн депозитарийге (бүтүм түзүлгөндөн кийин бир саат ичинде) берилет.
29. Түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө жана биржа контрагын түзүү боюнча мазмуну ага тете маалыматтар коммерциялык купуя сыр болуп саналат жана ошол бүтүмдүн тарабы болуп саналган соодаларга катышуучунун өзгөчө уруксатысыз ачыкка чыгарылбайт же үчүнчү жакка берилбейт.
Ушул тыюу салуу биржадагы соодалар жөнүндө маалыматтарды мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдарга берүүгө колдонулбайт.
4. Баалуу кагаздар рыногунда соодаларды уюштуруучуларсыз жасалуучу баалуу кагаздар бүтүмдөрү
30. Баалуу кагаздар рыногунда соодаларды уюштуруучуларсыз жасалуучу баалуу кагаздар бүтүмдөрү төмөнкүдөй учурларда жасалат:
- жабык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу жана жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдө;
- белекке берүү, мүлктөрдү бөлүштүрүү тартибинде жана төлөөсү жок мүнөздөгү башка негиздеги тартипте баалуу кагаздарды берүүдө;
- акционердик коомду түзгөн учурда акцияларды уюштуруучуларга бөлүштүргөндө;
- ипотекалык катышуунун сертификаттарын алгачкы жайгаштырууда;
- жабык акционердик коомдун баалуу кагаздарына дивиденддерди төлөп берүүдө;
- тескери РЕПО бүтүмдөрүндө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коомдун акционерлерине акцияларды бөлүштүрүүдө;
- чыгарылыштын шарттарына ылайык кошумча чыгарылган баалуу кагаздарды эркин алмаштыруу учурунда;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- номиналдык наркты көбөйтүү жолу менен уставдык капиталды көбөйтүүдө.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун алкагында баалуу кагаздарды ажыратууда.
Жогоруда саналып көрсөтүлгөн бүтүмдөр бүтүмдү түзүү учурунда соодаларды уюштуруучунун соода аянтчасында түзүлгөн рыноктук баа боюнча түзүлөт. Рыноктук баалардан четтөөлөр соодаларды уюштуруучунун документтеринде белгиленген спрэддин чектеринде болушу мүмкүн. Рыноктук баалар болбогон учурда бүтүмгө катышуучулар баалуу кагаздын баасын өз ара макулдашуу боюнча өз алдыларынча аныкташат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435, 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580, 2024-жылдын 30-июлундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Баалуу кагазды башка мүлккө алмашуу боюнча бүтүм бүтүмгө катышуучулардын ортосунда алмашуу келишимин түзүү жолу менен ишке ашырылат.
32. Эгерде алмашуунун маңызына карама каршы келбесе, бир баалуу кагазды башка баалуу кагаздарга же мүлккө алмашуу келишимине карата сатып алуу-сатуу эрежеси колдонулат.
Мында бир баалуу кагазды башка баалуу кагаздарга алмаштырууну жүзөгө ашырган учурда тараптардын ар бири тең баалуу кагаз (кагаздарды) сатуучу деп таанылат, алардын бири баалуу кагазды (кагаздарды) сатып алуучуга берүүгө милдеттенет, алардын экинчиси алмашып алууга милдеттенет.
33. Ачык акционердик коомдун баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын башка баалуу кагаздарына алмаштыруу боюнча бүтүмдөрдү (ушул Эреженин 30-пунктуна ылайык баалуу кагаздар эркин алмаштырылган учурларды кошпогондо) баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары гана, фондулук биржалар аркылуу, бүтүм боюнча тарап же тараптын өкүлү катары түзө алышат.
Ачык акционердик коомдордун баалуу кагаздарын башка баалуу кагаздарга алмаштыруу боюнча бүтүмдөр ушул Эреженин 3-бөлүгүндө белгиленген тартипте иш жүзүнө ашырылат.
34. Алмашуу келишиминде төмөнкүлөр камтылышы керек:
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун толук аталышы, лицензиясынын номери жана аны берген күн, эгерде баалуу кагаздардын ээлери баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматын пайдаланса, кардардын атынан бүтүмдү жасоого катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна квалификациялык күбөлүк берген адистин аты-жөнү, күбөлүктүн номери, берилген күнү;
- эки тараптын тең же тараптардын биринин толук аты-жөндөрү жана паспорттук маалыматтары, эгерде бүтүмдөрдү түзгөн тараптар же тараптардын бири жеке жак болуп саналса;
- бир тараптын же эки тараптын тең толук аталышы, почталык жана юридикалык дареги, эгерде бүтүм юридикалык жактардын ортосунда түзүлсө же болбосо бүтүмдөгү тараптардын бири юридикалык жак болуп саналган учурда;
- эмитенттин толук аталышы, баалуу кагаздын түрү жана катталган мамлекеттик номери, ошондой эле баалуу кагаздарга алмаштырылуучу товардын аты-жөнү;
- алмаштырылуучу баалуу кагаздын саны;
- алмаштырылуучу товардын саны;
- бүтүмдөрдүн баалары;
- бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн, ошондой эле сатылып алынган баалуу кагаздарды жана товарларды сатып алуучуга тапшыруунун тартиби, убактысы жана ыкмалары;
- соодаларды уюштруучунун маалыматтарына ылайык алмаштыруу келишимин түзгөн күндөгү баалуу кагаздардын рыноктук баасы;
- бүтүмдү жасоонун шарттарына байланышы бар башка маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 245 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Эгерде алмашуу келишиминен башка агып чыкпаса, алмаштырылуучу товарларга тең баада деген талап коюлат, ал эми аларды берүү жана кабыл алуу боюнча чыгымдарды ар бир учурда тиешелүү милдеттерди алган тарап тартат.
36. Белекке берүү, мурастоо, мүлк бөлүштүрүү тартибинде жана төлөнбөөчү мүнөздөгү башка негиздер боюнча баалуу кагаздарды берүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жалпы ченемдери менен жөнгө салынат.
5. Баалуу кагаздарга болгон менчик укугунун өтүшү
37. Баалуу кагаздарга болгон менчик укугунун өтүшү төмөнкүдөй негиздерде ишке ашырылат:
- өткөрүп берүү буйругунун жыйындысынын жана фондулук биржалардын контрактарынын, эгерде бүтүм фондулук биржанын катышуусу менен түзүлсө (2 жана 3-тиркемелер);
- бүтүмдөрдү (сатып алуу-сатуу, алмашуу, белекке берүү д.у.с. келишимдер) жана өткөрүп берүү буйругун ырастоочу документтердин, эгерде бүтүм мыйзамдарга жана ушул Эрежеге ылайык фондулук биржалардын катышуусусуз түзүлсө (4-тиркеме);
- бүтүмдөрдү (баштапкы милдеттенмени жараткан келишим жана баштапкы ордун толтуруучу милдеттенменин токтотулушун ырастоочу келишим, анда милдеттенмени төлөп берүүдө баалуу кагаздар объект катары каралат), өткөрүп берүү буйруктарын ырастоочу документтер.
6. Баалуу кагаздардын ири пакеттерин сатып алуу менен байланышкан өзгөчө операциялар
38. Кесипкөй катышуучунун кардарынын бүтүмү «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуп жаткан 44-беренесине туура келген учурда, ошол бүтүмдү жасоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кат жүзүндөгү уруксатын талап кылууга кесипкөй катышуучу, ал эми кардар ага аны берүүгө, милдеттүү.
39. Берилген маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти кардар, ошондой эле кесипкөй катышуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартат.
1-тиркеме
201___-ж. «_____» ____________№ келишимге карата брокердин отчёту
201__-ж.»_____»________________ № келишими боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу (керексизи чийилип салынсын) бүтүмү түзүлгөндүгүн билдиремин_________________________________________________________________________________________________
(эмитенттин аталышы, баалуу кагаздардын түрү)
1. Бүтүм катталган номер________________________________________________________________________________________________
2. Бүтүм түзүлгөн күн «___» _______________201__-ж.
3. Келишимдин негизинде баалуу кагаздардын бирдигине баалуу кагаздардын баасы белгиленди_________________________________сом.
4. Баалуу кагаздын саны_______________________________________________________________________________нуска.
5. Бүтүмдүн жалпы суммасы _________________________сом.
6. Баасы______________ сом жөнүндө маалымат келишимде жарыя кылынган_________Брокер тарабынан 1 баалуу кагазга__________сом.
7. 201__-ж.»« ____________№______ келишимдин негизинде аткарылган тапшырма үчүн _________________ сом сыйлык төлөөнү суранам. Кошумча сыйлык ______________________ (үнөмдөө, бааны көтөрүү үчүн)___________________________________________түзөт.
8. Брокерге тиешелүү жалпы сумма_______________________сом.
9. Эскертүү: Түзүлгөн бүтүмдөн келип чыккан Сиздин милдетиңизди аткарышыңызды сунуш кылам.
Брокер_________________М.О.
(койгон колу)
«_____»_____________ 201_-ж.
2-тиркеме
Депозитарийдин номиналды кармоосуна баалуу кагаздарды киргизүүчү
ЖЫЙЫНТЫКТАЛГАН ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БУЙРУГУ
(күнү)
Төмөнкү катталган жактар көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды Депозитарийдин кармоосуна берет
Катталган жак:
Депозитарий
Депозитарийдин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк
Депозитарийдин дареги
Көрсөтүлгөн баалуу кагаздар төмөнкү жактарга берилет:
Баалуу кагаз
№ | Аталышы/аты-жөнү | Каттоо жөнүндө маалыматтар. Паспорттук маалыматтары | Саны | Эскертүү | Жыйынтык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Баалуу кагаздар боюнча жыйынтыгы:_______________________________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн баалуу кагаздар күрөөнүн нерсеси болуп саналбай тургандыгын жана катталган жактар аларды башкарууга толук жана чектелбеген укукка ээ экендигин каттоочу ырастайт______________________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды Депозитарийдин номиналдык кармоосунан өткөрүп берүү үчүн негиз болуп брокер (дилер) берген тапшырма саналат:
Буйруктун №____________________________________________________________________________________________________________
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аталышы
_______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(депозитарийдин ыйгарым укуктуу адамы, аты-жөнү, колу, мөөрү)
Каттоочунун аталышы____________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(каттоочунун ыйгарым укуктуу адамы, колу, аты-жөнү, мөөрү)
Депозитарийдин номиналды кармоосунан баалуу кагаздарды чыгарып салуучу
ЖЫЙЫНТЫКТАЛГАН ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БУЙРУГУ
(күнү)
Катталган жак:
Депозитарий
Депозитарийдин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
Депозитарийдин дареги
Көрсөтүлгөн баалуу кагаздар төмөнкү жактарга берилет:
Баалуу кагаз
№ | Аталышы | Аты-жөнү | Саны | Эскертүү | Жыйынтык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Баалуу кагаздар боюнча жыйынтык:________________________________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды Депозитарийдин номиналдык кармоосунан өткөрүп берүү үчүн негиз болуп брокер (дилер) берген тапшырма саналат:
Буйруктун №____________________________________________________________________________________________________________
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аталышы
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(депозитарийдин ыйгарым укуктуу адамы, колу, аты-жөнү, мөөрү)
Каттоочунун аталышы___________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________
(каттоочунун ыйгарым укуктуу адамы, колу, аты-жөнү, мөөрү)
3-тиркеме
Соодаларды лицензиясы бар уюштруучунун
КОНТРАКТЫ
Бүтүмдүн номери:______ Бүтүм түзүлгөн күн _____ Бүтүмдүн убактысы_______
Сатуучунун маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары, дареги - жеке жак үчүн; аталышы, юридикалык дареги, мамлекеттик каттоо № - юридикалык жак үчүн)_____________________________________________________________________________________________
Депо эсеби:_____________________________________________________________________________________________________________
Сатуучу кесипкөй катышуучу адистин аты-жөнү:_____________________________________________________________________________
Сатып алуучунун маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары, дареги - жеке жак үчүн; аталышы, юридикалык дареги, мамлекеттик каттоо № - юридикалык жак үчүн)_________________________________________________________________________
Депо эсеби:_____________________________________________________________________________________________________________
Сатып алуучу кесипкөй катышуучу адистин аты-жөнү:________________________________________________________________________
Эмитент:_______________________________________________________________________________________________________________
ГКРЦБнын баалуу кагаздарынын коду:_____________________________________________________________________________________
Комиссионныйлар:______________________________________________________________________________________________________
Башка төлөмдөр:________________________________________________________________________________________________________
Бирдик үчүн баа:________________________________________________________________________________________________________
Саны:_________________________________________________________________________________________________________________
Өз ара эсептешүү күнү:__________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(сатуучу кесипкөй катышуучу адистин койгон колу, кесипкөй катышуучунун мөөрү)
______________________________________________________________________________________________________________________
(сатып алуучу кесипкөй катышуучу адистин койгон колу, кесипкөй катышуучунун мөөрү)
______________________________________________________________________________________________________________________
(администратордун койгон колу, биржанын мөөрү)
4-тиркеме
Баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу
КЕЛИШИМИ №_______
____________ш. 201__ж. «_____»______________
Биринчи тараптан мындан ары «Сатуучу» деп аталуучу, уставдын негизинде аракеттенүүчү_________________________________________________________________ атынан ____________________________ жана экинчи тараптан мындан ары «Сатып алуучу» деп аталган _________________________ атынан __________________________, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети:
1. Сатуучу _________________________________________________________________ таандык баалуу кагаздарды сатып алуучуга берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу - төлөйт жана баалуу кагаздарды менчигине кабыл алат.
2. Сатып алуунун-сатуунун предмети болуп саналган баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар:
Эмитент:_____________________________________________________________________________________________________________
Баалуу кагаздардын түрү_______________________________________________________________________________________________
Бир баалуу кагаздын номиналдык наркы:_________________________________________________________________________________
Саны:_______________________________________________________________________________________________________________
Бир баалуу кагаздын курстук наркы:_____________________________________________________________________________________
Чыгарылган баалуу кагаздын мамлекеттик каттоо номери___________________________________________________________________
2. Келишим боюнча баа жана эсептешүүлөр
3. Сатып алуучу ушул келишимдин 2-пунктунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздын баасын ______________ сом суммасында төлөйт, бир баалуу кагаз үчүн _________ сом эсебинде.
4. Баалуу кагаздын баасын төлөө жана салыкты төлөп берүү сатып алуучу тарабынан ушул келишим түзүлгөн күндөн тартып ________ күндүн ичинде жүргүзүлөт.
3. Тараптардын милдеттери
5. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
а) ушул келишимдин 4-пунктунда каралган мөөнөттө келишимдин предмети болуп саналган баалуу кагаздардын баасын жана ушул келишимде көрсөтүлгөн салыктарды жана жыйымдарды төлөп берүүгө;
б) баалуу кагаздарга болгон менчик укугу сатып алуучуга өтүп жаткандыгына байланыштуу баалуу кагаздардын эмитенти аныктаган мөөнөттө сатуучу менен макулдашылган аракеттерди жасоого.
4. Тараптардын жоопкерчиликтери
6. Ушул келишимди аткарган учурда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттенет.
7. Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууну создуктурган учурда күнөөлүү тарап башка тарапка узартылган ар бир күн үчүн бүтүмдүн суммасынын _______ (___)% өлчөмүндө төлөп берет, бирок жалпы жонунан_________(___) ашуун эмес.
Милдеттенменин аткарылышын ______________күндөн ашуунга создуктуруу аларды аткаруудан баш тартылды деп эсептелинет, ушуга байланыштуу күнөөлүү тарап туумду төлөгөндүгүнө карабастан башка тарапка бүтүмдүн суммасынын __________ (___)% өлчөмүндө төлөп берет. Башка тарап белгиленген тартипте өзүнүн милдеттерин аткарууну же келишимден баш тартууну күнөөлүү тараптан талап кылууга укуктуу.
8. Ушул келишимди тараптар аткарып жаткан учурда жаралган талаштар алардын өз ара сүйлөшүү жолдору менен чечилиши мүмкүн, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда - колдонулуп жаткан мыйзамдык тартипте каралат.
5. Ушул келишим колдонулуучу мөөнөтү
9. Ушул келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар өз милдеттерин аткарганда токтотулат.
10. Бул келишимде каралган негиздер (7-пункт) боюнча же өз ара макулдашуу боюнча ушул келишим токтотулушу мүмкүн.
6. Башка шарттар
Реквизиттер жана тараптардын койгон колдору:
Сатуучу: | Сатып алуучу: |
____________________ | ____________________ |
____________________ | ____________________ |
Сатып алуу-сатуу келишимине тиркеме
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БУЙРУГУ №_____
Баалуу кагазды берүүчү катталган адамдын аты-жөнү_________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________
(ээлик кылуучу же болбосо номиналды кармоочу болуп саналаары көрсөтүлөт)
Энчилүү эсептин №________________________________________________________________________________________
Эгерде катталган адам юридикалык жак болсо, анда өкүлдүн аты-жөнү__________________________________________________________
Өзүн күбөлөндүргөн документ (паспорттук маалыматтары - жеке жак үчүн, юридикалык маалыматтары - юридикалык жак үчүн)________
_______________________________________________________________________________________________________________________
Баалуу кагаздар:
Баалуу кагаз жана анын категориясы________________________________________________________________________________________
Саны____________________________________________________________________________________________________________(даана)
Акцияны берүүчүнүн койгон колу__________________________________________________________________________________________
Акцияны сатып алуучунун койгон колу_____________________________________________________________________________________
Өткөрүл берүү буйругу толтурулган күн____________________________________________________________________________________
Каттоочунун каттоо журналындагы бүтүмдүн номери_________________________________________________________________________
Баалуу кагаздарга болгон укукту берүү жүргүзүлдү жана каттоочу тарабынан катталды______________________________________________
Катоочунун аты-жөнү____________________________________________________________________________________________________
Каттоочунун койгон колу_________________________________________________________________________________________________
Катталган күн___________________________________________________________________________________________________________