Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 248
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомуна шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
"а)" пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- медициналык камсыздандыруу жаатындагы саясатты иштеп чыгат;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн божомолун жүргүзөт;";
"в)" пунктчасынын алтынчы абзацындагы "эпидемиологиялык" деген сөз "санитардык-эпидемиологиялык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, алардын өзгөрүлүшү Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөнүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп эсептелбейт;";
төмөнкү мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|