Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №118
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319,2016-жылдын 8-июлундагы № 379, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319,2016-жылдын 8-июлундагы № 379, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 660 токтомдорунун редакциясына ылайык)