Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-марты № 138
Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 367 "Кыргыз Республикасында 2011-2015-жылдарга асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, асыл тукум жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо, генефонддук чарбаны, уруктардын банкын түзүү, мамлекеттик мүлктү максаттуу, натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы "Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл тукум станциясы" болуп өзгөртүп аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасын өзүнүн карамагына белгиленген тартипте өткөрүп алсын;
(КР Ө кмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элита мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы" деген позиция күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |