Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 253
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктта "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:
биринчи абзацтын 13-пунктундагы "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 253 токтомуна тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер-министри, Координациялык комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары.
Координациялык комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (кеңеш берүүчү добуш укугу менен) (макулдашуу боюнча).
|
|