Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 254
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жобосун жакшыртуу жана өркүндөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө укукту коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укукту жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- Эрежелердин 8-главасынын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "сатып алуучу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "укукту кабыл алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "ким экендигин тастыктаган" деген сөздөр "ким экендигин күбөлөндүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацта "укук ээсинин өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктар жана укуктарга чектөөлөр тууралуу укук белгилөөчү документ, арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ (сүрөтү бар баракча), ишеним каттар, юридикалык жактын уюштуруу документтери, кадастрдык план, курулуш планы электрондук архив түзүү үчүн сканерленүүгө тийиш";
- 9-пунктта:
сегизинчи абзацы "документтин номерин коет" деген сөздөрдөн кийин ", жарандын жеке идентификациялык номуру бар болсо, арыздагы тийиштүү графаны милдеттүү түрдө толтурат" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Электр авариялык өчкөн учурда документтерди кабыл алуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.";
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Каттоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат орду каралбаган жергиликтүү каттоо органдарында анын функциясын каттоо боюнча башкы адис аткарат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Каттоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат орду каралбаган жергиликтүү каттоо органдарында анын функциясын каттоо боюнча башкы адис аткарат.";
- 17-пунктта:
биринчи абзацы "каттоочу" деген сөздөн кийин "30 күнгө чейин каттоону токтотуп турууга укуктуу жана" деген сөздөр жана цифра менен толукталсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Каттоо 30 күнгө чейин токтотулганда же каттоодон баш тартылганда каттоочу "Укукту каттоонун токтотулушун каттоо журналын" толтурат (32-тиркеме).";
- 20-пункттун экинчи абзацы:
"тил катты" деген сөздөрдөн кийин "жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Журналды кагаз жүзүндө жүргүзүү жоюлбаган жергиликтүү каттоо органдарында "Менчик укугун, укуктун чектөөлөрүн каттоого арыздарды кабыл алуу жана катталгандан кийин документтерди берүү журналына" жазуу жазылат (3-тиркеме).";
- 21-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Журналды кагаз жүзүндө жүргүзүү жоюлбаган жергиликтүү каттоо органдарында "Архивден документтерди берүүнү жана кайтарып алууну каттоо журналына" жазуу жазылат (34-тиркеме).";
- 41-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары "Ишеним каттарды каттоо журналынан" деген сөздөрдөн мурда "Жокко чыгарылган" деген сөздөр менен толукталсын;
13-параграфтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"§ 13. Камакка алууларды каттоо жана алып салуу тартиби";
- 44-пунктта:
биринчи абзацында "Тыюу салуу" деген сөздөр "камакка алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "Тыюу салуу" деген сөздөр "Камакка алуу тууралуу документ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 45-пунктта "салынган тыюу" деген сөздөр "камакка алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 46-пунктта "тыюу салуу" деген сөздөр "камакка алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 48-пунктта:
сегизинчи абзацында "тергөөчүнүн" деген сөздөн мурда "прокурор санкция берген" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзацы "соттун (судьянын) чечиминин" деген сөздөрдөн мурда "кызыкдар жактын арызы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 48-1-пункт менен толукталсын:
"48-1. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээси өзүнүн арызы менен өзүнүн кыймылсыз мүлкүнө чектөө коюуга укуктуу. Мында эркин формада жазылган арыз кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документ жана арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ менен кошо жергиликтүү каттоо органына документтерди кабыл алуу терезесине берилет. Каттоочу арызга мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө штамп коет, каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана электрондук маалыматтар базасына жазуу киргизет.
Чектөөнү алып салуу менчик ээсинин арызы боюнча жүргүзүлөт. Чектөөнү алып салуу боюнча төлөм кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү мамлекеттик каттоодо алынуучу акынын өлчөмүндө алынат.";
- 100-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга тийиштүү нике келишимдери каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө чектөө катарында катталат.";
- 102-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгер үлүштүк негизде курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү тууралуу макулдашуу нотариуста күбөлөндүрбөстөн түзүлсө, анда каттоо жол-жобосу ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык жүргүзүлөт.";
- 127-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгер уставдык фонд түзүү тууралуу макулдашуу нотариуста күбөлөндүрүлбөстөн түзүлсө, анда каттоо жол-жобосу ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык жүргүзүлөт.";
- 138-пункттун төртүнчү абзацы "(объектини пайдаланууга кабыл алуу актысын бекитүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка органдын чечими талап кылынбайт)" деген сөздөрдөн кийин ", жекече турак жайдан тышкары. Жекече турак жайга укукту каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт." деген сөздөр менен толукталсын;
- 140-пунктта:
биринчи абзацтагы "өлгөндөн кийин" деген сөздөр "өлгөнгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин;
бешинчи абзацтагы "жергиликтүү каттоо органында" деген сөздөр алынып салынсын;
- 151-пункттун биринчи абзацы "чечимдин жана" деген сөздөрдөн кийин "/же" деген сөз менен толукталсын;
- 155-пунктта:
экинчи абзацта "жер участогун пайдалануу укугун өткөрүүгө шилтемени камтууга тийиш болгон укук белгилөөчү документтердин негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга таандык кыймылсыз мүлк кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын пайдасына ажыратып берилгенде каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүнө сатып алуучунун аты киргизилет, үчүнчү бөлүмүнө жер участогун пайдалануу укугун токтотуу катталат. Мында жер участогуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке менчик укугун мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 156-1-пункт менен толукталсын:
"156-1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-беренесине ылайык ээси жок буюм болуп менчик ээси жок же менчик ээси белгисиз же болбосо менчик ээси менчик укугунан баш тарткан буюм саналат.
Ээси жок кыймылсыз мүлктөрдү тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча жергиликтүү каттоо органдары каттоого алышат жана Ээси жок мүлктү каттоо журналына эсепке алынат (35-тиркеме).
Эгер кыймылсыз мүлк объектиси мурда изилденбесе жана идентификациялык коду болбосо, жергиликтүү каттоо органы кыймылсыз мүлккө техникалык изилдөө (кадастрдык иштерди) жүргүзөт жана ага идентификациялык код ыйгарат.";
- 157-пунктта:
экинчи жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Нотариуста күбөлөндүрүлгөн укук бекитүүчү документтерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу боюнча адис кабыл алат.
Нотариуста күбөлөндүрүлбөгөн бүтүмдөрдүн негизинде түзүлгөн укук бекитүүчү документтер нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүүнү талап кылбаган келишимдерди каттаган каттоочу тарабынан кабыл алынат жана ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык жөнгө салынат.";
- 166-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жоюу процесси бүткөндөн кийин уюштуруучуга өткөрүлгөн мүлктүн өткөрүү актысы.";
- 186-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Нотариуста күбөлөндүрүлбөстөн түзүлгөн ижара келишимин жана кийин сатып алуу менен ижара келишимдерин каттоо ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык жүргүзүлөт.";
- 194-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Күрөө келишиминде нотариустун мүлктү ажыратууга тыюу салуусунун жоктугу күрөө келишимин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болбойт.";
- 197-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 205-пункттун биринчи абзацы "ыйгарым укуктуу органдын актысынын" деген сөздөрдөн кийин "же соттук актынын." деген сөздөр менен толукталсын;
- 207-пункт:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мыйзамдуу күчүнө кире элек соттук актылар ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки чектөө катарында каттоочу тарабынан каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө катталат.";
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Камакка алуу болгондо мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардан келип чыгуучу укуктарды жергиликтүү каттоо органдары белгиленген тартипте катташат, бирок кыймылсыз мүлктү тескөө чектөө алынгандан кийин гана мүмкүн.";
- 211-пунктта:
биринчи абзацы "мүлктүк жалдоо (545-бер.) келишимдери" деген сөздөрдөн кийин "(ижаралоо), чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына мүлктү өткөрүп берүү келишимдери" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жергиликтүү каттоо органдарынын каттоочулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган башка бүтүмдөрдүн негизинде да укуктарды каттоо жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- 212-пункттун экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мында бүтүм жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлктүн укук ажыратып берүүчүсү жана укук сатып алуучусу же алардын өкүлдөрү келүүгө тийиш.";
213-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктар жана укуктарга чектөөлөр тууралуу укук белгилөөчү документ, арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ (сүрөтү бар баракча), ишеним каттар, юридикалык жактын уюштуруу документтери, кадастрдык план, курулуш планы, юридикалык жактын тийиштүү органынын чечими, жубайлардын макулдугу, үй-бүлөлүк абалы тууралуу билдирүүлөр электрондук архив түзүү үчүн сканерленүүгө тийиш.";
- 223-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Келишим ар бир укук алуучу үчүн түп нуска болуп түзүлөт, ал укукту мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин укук алуучунун (укук алуучулардын) колуна берилет. Түп нусканын кошумча бир нускасы жергиликтүү каттоо органынын архивинде сакталат.";
- 225-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн: кыймылсыз мүлктүн факт жүзүндөгү абалы, курулушка документтердин жоктугу, жер участогунун факт жүзүндөгү аянты жана техникалык паспорт боюнча курулуштун өлчөмү.";
- 1-тиркемедеги "Берүүңүздү суранам: каттоо карточкасынын көчүрмөсүн кароо үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-тиркемеде:
5-графа жана бешинчи абзац күчүн жоготту деп эсептелсин;
8-графада "арызды кабыл алууда" деген сөздөр "маалымат берүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзац "маалымат берилген" деген сөздөрдөн кийин "же маалымат берүүдөн баш тарткан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8 жана 9-тиркемелер ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
- 14-тиркемеде:
аталышындагы "маалыматтардын" деген сөз "кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"каттоо карточкасынын көчүрмөсү" деген сөздөрдөн мурда "карап чыгуу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
"катталган укук жөнүндө маалымат" деген сөздөр алып салынсын;
- 27-тиркеме күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 30-тиркемеде:
аталышы "Ишеним каттарды" деген сөздөрдөн мурда "Жокко чыгарылган" деген сөздөр менен толукталсын;
5 жана 6-графалар күчүн жоготту деп эсептелсин;
бешинчи жана алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин;
тогузунчу абзацта "арызды каттоого алган" деген сөздөр "каттоочунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
онунчу абзацтагы "документ алган адамдын" деген сөздөр "каттоочунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 35-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 254 токтомуна 1-тиркеме
|
"8-тиркеме
__________________________________________________________________
Жергиликтүү каттоо органынын аталышы
КОРУТУНДУ
__________________________________________________________
(каттоодон, жерге жайгаштыруу иштерин аткаруудан жана
кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнөн (аты аталат))
баш тартуу тууралуу
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду:
┌─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┐
│ │-│ │ │-│ │ │-│ │ │ │ │-│ │ │ │ │-│ │ │-│ │ │ │
└─┘ └─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┘
Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги: ________________________________ _______________________________________________________________________
Баш тартуу тууралуу чечим ________________________________________
(каттоодон, жерге жайгаштыруу иштерин
аткаруудан жана кызмат көрсөтүүнүн
башка түрлөрүнөн (аты аталат))
төмөнкү негиздерде кабыл алынды:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
__________________________________________________
(Адистин аты-жөнү, колу)
__________________________________________________
(Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин аты-жөнү, колу)
Күнү: 20__-жылдын "__" _________".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 254 токтомуна 2-тиркеме
|
"9-тиркеме
БИЛДИРҮҮ
_________________________________________________________
(каттоодон, жерге жайгаштыруу иштерин аткаруудан
жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнөн (аты аталат))
баш тартуу тууралуу
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду:
┌─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┬─┬─┐ ┌─┬─┐ ┌─┬─┬─┐
│ │-│ │ │-│ │ │-│ │ │ │ │-│ │ │ │ │-│ │ │-│ │ │ │
└─┘ └─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┘
Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги: ________________________________ _______________________________________________________________________
Муну менен арыз ээсине ___________________________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы)
20__-жылдын "__" _________ № _____ арыз боюнча документтерди кароонун жыйынтыгында _____________________________________________________
(каттоодон, жерге жайгаштыруу иштерин аткаруудан
жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнөн (аты аталат))
БАШ ТАРТУУ жөнүндө чечими кабыл алынганын билдиребиз.
________________________________________ баш тартуу тууралуу чечим
(каттоодон, жерге жайгаштыруу иштерин
аткаруудан жана кызмат көрсөтүүнүн
башка түрлөрүнөн (аты аталат))
төмөнкү негиздерде кабыл алынды:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жергиликтүү каттоо
органынын жетекчиси __________________________________
(аты-жөнү, колу)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 254 токтомуна 3-тиркеме
|
"35-тиркеме
┌──┬──────────────┬────────────────┬───────────┬─────────────┬────────┐
│№ │ Кыймылсыз │Идентификациялык│ Кыймылсыз │ Каттоого │Эскертүү│
│ │мүлктүн дареги│ коду │ мүлктүн │кабыл алынган│ │
│ │ │ │ түрү │ күн │ │
├──┼──────────────┼────────────────┼───────────┼─────────────┼────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└──┴──────────────┴────────────────┴───────────┴─────────────┴────────┘
".
|
|