Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-майы № 262
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын санаториялык-курорттук мекемелерине жолдомолорду берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" жана "социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлиги" жана "Министрлик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо" жана "калкты социалдык коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- психикасы бузулгандыгы боюнча майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарылануусу үчүн психиатрдын корутундусу;";
төмөнкү мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерде болушунун узактыгы 20 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт.";
11-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги бар, майып болуп калган пенсионерлерге;";
13-пунктундагы "(мындан ары - Министрлик)" деген сөздөр алып салынсын;
14-пунктундагы "Кыргызстан профсоюздарынын курорт жана туризмди башкаруу боюнча кеңеши (Кыргызкурорттурсовет)" деген сөздөр "Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдарынын башкармалыгы (мындан ары - Кыргызкурорттуркеңеш)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|