Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-майы № 264
"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Туманов, Д.Д.Бекешев жана Ө.М.Бакиров демилге кылган "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы № 264 токтомуна тиркеме
|
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Туманов, Д.Д.Бекешев жана Ө.М.Бакиров демилге кылган "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Мыйзам долбоорунун преамбуласынын биринчи абзацы долбоордун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жобосун кайталагандыктан, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык преамбула (кириш сөз) ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматты камтыган анын милдеттүү эмес, өз алдынча бөлүгү болгондуктан Мыйзам долбоорунун преамбуласынын биринчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболорун көңүлгө алуу менен, Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде пункттардын номерленишин кайра кароону сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасы өзүнүн ченемдик укуктук актылары менен башка мамлекеттерди эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин сактоону милдеттендире албагандыгына байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги "башка мыйзамдарынын жана" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
6. "Чет өлкөлөрдөгү мекендештер" жана "Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандары" деген терминдер бирдей мааниге ээ экендигин эске алып, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 4-пунктун алып салууну сунуштайбыз. Мында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарын мекендештерге таандыгын таануу максатында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында жашоосу кайсы учурда туруктуу боло тургандыгын тактоону сунуштайбыз.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени, "чет өлкөдө" түшүнүгү кошумча чечмеленүүгө муктаж эмес.
7. Мыйзамдарда колдонулган терминдер бирдей мааниге ээ болууга тийиш экендигине байланыштуу "жарандыгы жок адам" термининин маанисин ачып берген Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 5-пунктун "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде пайдаланылгандай терминге шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
8. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 6-пунктундагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, анткени, алар долбоордун аталган беренесинин ушул пунктунда аталган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары" түшүнүгүнө кирет.
9. Мыйзам долбоорунун 4, 5-беренелеринин аталыштарын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
10. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык мыйзам алдында бардыгы бирдей. Баяндалганды эске алып, биздин өлкөнүн жарандарына алардын жашаган жерлерине карабастан бирдей укуктук коргоо белгилениши керек экендигин көңүлгө алуу менен, ошондой эле айрым укуктарды, мисалы, шайлоо укугун ишке ашырууда чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен тең укуктарды пайдаланышат жана милдеттерди тартышат.".
Баяндалганды көңүлгө алып, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган биздин өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келген учурда Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандар сыяктуу эле укуктардын баарына ээ болууга тийиш экендигин эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 3-бөлүгүн, 9-беренесин, 12-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз.
Мында Мыйзам долбоорунун 9-беренесине карата Кыргыз Республикасынын Конституциянын 51-беренесине ылайык жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аталган укук эч кандай чектелүүлөргө тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциянын 25-беренесинде Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу экендиги белгиленген. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.
Өз кезегинде долбоордо "мекендештер" термини менен Кыргыз Республикасынын жарандары түшүнүлө тургандыгын эске алуу менен, чет өлкөлүк жарандарды окууга жана квалификациясын жогорулатууга кабыл алууга квоталарды белгилөө мекендештерибиздин кызыкчылыктарына жараша ишке ашпайт (Мыйзамдын 12-беренесинин 7-бөлүгү).
11. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгү менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ички жана тышкы саясаттын курамдык бөлүгү болуп саналган мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктай тургандыгын белгилөө сунушталган.
Муну менен бирге аталган багыттар кандай формада аныктала тургандыгын конкреттештирүү зарыл. Эгерде көп ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жөнүндө жүрсө, анда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кырсыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзамдарды кабыл алууга, ошондой эле эл аралык келишимдерди мыйзамда аныкталуучу тартипте ратификациялоого жана денонсациялоого ыйгарым укуктуу. Мында Конституциянын жогоруда аталган беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен гана аныктала тургандыгын белгилей кетүү керек. Парламент өз компетенциясын мыйзамдарда кеңейте албайт.
Мында маалымат иретинде "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктай тургандыгын белгилейбиз.
12. Ченемдик укуктук актылар так жана бир маанилүү болууга тийиш экендигин эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 6-беренесиндеги "жана атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөрдү алып салууну, ошондой эле долбоордун ушул беренесиндеги "мекендештер менен мамиле жаатында мамлекеттик башкарууну жана контролду" деген сөздөр эмнени түшүндүрө тургандыгын тактоону сунуш кылабыз. Мында айтылган чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу маселелерин жөнгө салуу туура болот деп эсептейбиз. Баяндалганды эске алуу менен, долбоордун аталган беренесинин жобосун жалпысынан кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
13. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин аталышы аталган берененин мазмунуна шайкеш келбейт.
14. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актылар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулууга жана аткарылууга тийиш болгондуктан, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
15. Мекендештерге таандык адамдар Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде аныкталгандыгын эске алуу менен, ошондой эле кайталанууга жол бербөө максатында долбоордун 8-беренесин алып салууну сунуштайбыз. Мында зарыл болгон учурда "мекендештер" терминин анын маанисине кош жарандуулукка ээ адамдарды киргизүү менен кеңейтүүнү сунуштайбыз.
16. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорунун кайталануусуна жол бербөө максатында каралып жаткан Мыйзам долбоордун 10-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
17. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору аталган берененин 5-бөлүгүнүн жоболорун кайталайт. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык берененин (пунктун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып берилбейт.
18. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 8-бөлүгүндө билим берүү чөйрөсүндөгү макулдашылган саясатты КМШга катышкан мамлекеттер менен гана иштеп чыгуу жөнүндө жобо каралган. Муну менен бирге аталган берененин ушул бөлүгүндө КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарынан тышкары билим алып жаткан мекендештерибиздин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынган эмес.
19. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу (чыгаруу) укугу берилген субъекттердин толук тизмеги аныкталгандыгын көңүлгө алуу менен, Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Баяндалганды жетекчиликке алуу менен, долбоордун 15-беренесиндеги экинчи сүйлөмдү төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"Мекендештердин кеңештерин (комиссияларынын) түзүү тартиби, алардын милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
20. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын мекендештер менен мамилелер жаатындагы кайрымдуулук иштерин кандай формада колдой тургандыгын конкреттештирүү зарыл.
21. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизүү тапшырылган.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинде мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекти тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбооруна киргизилип жаткан мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлору тиркеле тургандыгы каралгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Тиешелүү түрдө депутаттардын каралуучу Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүлөрү берилген долбоордон келип чыккан мыйзам долбоорлорду бирге киргизүү менен ишке ашууга тийиш.
Мындан сырткары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар деп кабыл алуу укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен катар башка ченем чыгаруучу органдарга таандык болгон, коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы түшүнүлөт.
Баяндалганды эске алып, Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
Мында Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин кайра карап чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалымат жок экендигин белгилейбиз.
Ошондой эле 17-беренесинин 2-пунктунун биринчи абзацындагы "тапшырылсын" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
22. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 25-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо мөөнөтү бир айдан кем эмес мезгилди түзөт. Мында ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аны ишке ашыруу республикалык бюджеттен олуттуу финансылык чыгымдарды бөлүүнү талап кылат, анткени, мамлекеттик колдоону ар кандай чөйрөлөрдө көрсөтүү (мисалы, долбоордун 2-беренесинин 2-бөлүгү, 11, 12, 13-беренелери) каралган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүндө ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен финансылык чыгымды талап кылган ченемдик укуктук актылар, алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгы белгиленген.
Жогоруда баяндалгандын негизинде аталган Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аны республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында алдын-ала финансылык-экономикалык эсептерди жүргүзүү зарылдыгын белгилейбиз. Зарыл болгон финансылык жактан бекемдөө болбогон учурда долбоордун жобосу декларативдүү түрдө кала берет.
Мында долбоорлордун көптөгөн жоболору декларативдүү мүнөзгө ээ экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.