Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-майы № 272
"Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинен кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 272 токтому менен жактырылган |
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү маселеси боюнча төмөнкүлөр белгиленди.
Каржылоо жөнүндө макулдашуу негизинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол койгонго чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет менен жана Эл аралык иштер боюнча комитет менен макулдашылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 71-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Долбоор) 2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган.
Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (мындан ары - АӨЭФ) 20 млн. АКШ долларын берет, анын ичинен грант - 50 пайыз, абдан жеңилдиктүү зайым - 50 пайыз (жылына 0,75 пайыз, жоюу мөөнөтү 40 (кырк) жыл, Долбоор үчүн мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мезгили 10 (он) жылга барабар).
Долбоордун максаты айылдын элине малдын продуктуулугун орчундуу жакшыртууга жана өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыногун өнүктүрүүгө жетишүү үчүн жардам берүүнү көздөйт. Долбоордун максаты айылдык элдин климаттык опурталдарга жана тышкы факторлорго таасирленүүсүн азайтууну көздөйт, бул майда жана жакырланган үй чарбалардын кирешелери көбөйүшүнө орчундуу таасир этет.
Долбоордун аткаруучу агенттиктери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) болушат.
Долбоор 5 жыл бою, негизинен эки облусту - Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтуу менен ишке ашырылат, аларда мал чарба сектору үчүн орчундуу потенциалы бар жана республиканын жайыттарынын дээрлик 60%ы ушул облустарда.
Ошону менен бирге эле, Долбоордун жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларын, атап айтканда бруцеллезду жана эхинококкозду контролдоо боюнча иши Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жүргүзүлөт.
Каржылоо жөнүндө бул Макулдашуунун алкагында Кыргыз тарап ушул долбоорго байланыштуу бардык салыктар, анын ичинде вакциналарды сатып алууга чыгымдардын бөлүгүн жабууга 300 миң АКШ доллары үчүн да жоопкерчиликти алат. Ошондой эле Кыргыз тарап бенефициарлар тарабынан 5,2 млн. АКШ доллары өлчөмдөгү утурлама каржылоону да камсыздайт.
Бул Долбоорду каржылоо 2013-жылга жана кийинки жылдарга карата Өнүктүрүү бюджетинде каралган.
АӨЭФнун Башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына пландалып жаткан долбоор 2013-жылдын 1-июлунан кечиктирилбей ишке киргизилсе бул долбоорду бүт республика боюнча кеңейтүү үчүн 34 млн. АКШ доллары (23 млн. АКШ доллары - грант жана 11 млн. АКШ доллары - өтө жеңилдиктүү шарттагы зайым) өлчөмдө кошумча каражат бөлүүгө өзүнүн принциптүү макулдугун билдиргенин айта кетүү зарыл.
"Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу айыл чарбанын тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечет жана агрардык секторго жалпысынан жакшы таасирин тийгизет, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине оордук келтирбейт жана өлкөнүн экономикасына зыян тийгизбейт.
Долбоордун пландалган иш-чараларын аткаруу жайыттардын инфраструктурасын жана экологиялык абалын жакшыртуу, ветеринардык кызматтардын потенциалын чыңдоо, жаныбарлардын жана адамдын ден соолугун сактоо боюнча ишти күчөтүү, рыноктогу маркетингдик байланыштарды түзүү боюнча максаттарга жетүүгө жана милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет жана жыйынтыгында жакырчылыкты жоюуга, элдин бардарлыгын арттырууга, адамдардын жана жаныбарлардын ооруга чалдыгышын азайтууга алып келет.
|
|