Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 234
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 234 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктчасына жана 31-32-беренелерине таянуу менен төмөндөгүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине салык алуу мезгилинде пенсияны жылдык жыйынды кирешенин курамынан алып салууну караган жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулга муктаждыктарын аныктоодо үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамынан пенсияны алып таштоону караган өзгөртүүлөр киргизилет.
Ошентип, жогоруда аталган мыйзамдардын чегинен сырткары алынган пенсиялар салык төлөөчүнүн жылдык жыйынды кирешесине салык алуу максатында кошулуусу зарыл.
Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, пенсия түшүнүгүнүн мааниси тар түшүнүктө каралып, "улгайган ата-энелердин" пенсиясына биригип калган. Анын үстүнө пенсиянын классификацияланышы бир топ кенен жана пенсияны улгайган жарандар эле эмес ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, багуучусунан ажыраган балдар жана кызмат өтөгөн жылдары боюнча жарандар да алышат.
Пенсиянын бардык түрлөрүн үй-бүлөнүн жөлөкпулга болгон муктаждыктарын аныктоодо үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинен алып таштоо жөлөкпул алуучулардын санынын жана өлчөмүнүн жогорулоосуна алып келет жана жыйынтыгында республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылат.
Эсептөөлөр көрсөткөндөй, мындай ченемди киргизген учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулдарды төлөөгө бюджетке, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы шартында табууга мүмкүн болбогон, 580 млн. сомдон ашыгыраак каражат талап кылынат.
Бюджеттик каражаттардын чектелгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биринчи этапта балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоодо кирешеден ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген, өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон пенсияларын алып таштоо сунушталган.
Бул сунушту ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.