Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-марты № 142
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "4-беренесинин 6-пунктуна" деген цифралар жана сөздөр "4-беренесине" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
5-пункттун "а" - "г" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐
│а) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган│30 сом │
│жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыр-│ │
│гыз Республикасынын жаранынын паспортун│ │
│берүү үчүн, жашаган жери боюнча каттоодо│ │
│турган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул ал-│ │
│ган жумушсуз жарандардан (мындан ары - жу-│ │
│мушсуз жарандар), Кыргыз Республикасына ту-│ │
│руктуу жашоо үчүн кайтып келген этностук│ │
│кыргыздардан (мындан ары - этностук кыргыз-│ │
│дар) тышкары; │ │
│б) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун│бир эсептик көрсөткүчтүн│
│ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын пас-│өлчөмүндө │
│портун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан, эт-│ │
│ностук кыргыздардан тышкары; │ │
│в) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган│бир эсептик көрсөткүчтүн│
│жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыр-│өлчөмүндө │
│гыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык│ │
│паспортун берүү үчүн, жумушсуз жарандардан,│ │
│этностук кыргыздардан тышкары; │ │
│г) жоголгон же жараксыз болгон паспорттун│эки эсептик көрсөткүчтүн│
│ордуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жал-│өлчөмүндө │
│пы жарандык паспортун берүү үчүн, жумушсуз│ │
│жарандардан, этностук кыргыздардан тышкары. │ │
└────────────────────────────────────────────┴────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|