Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-марты № 144
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясын (2011-жыл) ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда айтылган Иш-аракеттер планы кабыл алынгандыгы тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген
|
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2004-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган 1540-резолюциясы (2004) массалык кыйратуучу куралдын таралышына жол бербөө мүмкүнчүлүгүн камтыган маанилүү эл аралык-укуктук жана саясий документ болуп саналат.
1540-резолюциянын негизги максаты - массалык жок кылуучу куралдын (мындан ары - МЖК) жана аны жеткирүү каражаттарынын мамлекеттик эмес субъекттердин, өзгөчө террористтердин колуна тийишине жол бербөөчү улуттук деңгээлдеги натыйжалуу тоскоолдуктарды түзүү.
Резолюцияда мыйзамдык базаны жана укук колдонуу практикасын чыңдоо боюнча улуттук деңгээлде Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин бардыгы ишке ашырууга тийиш болгон практикалык чаралар каралган. Көрсөтүлгөн чаралар, барынан мурда, МЖКга тиешелүү материалдарды жана жеткирүү каражаттарын эсепке алууну, алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууну, ошондой эле экспорттоого жана чек аралар аркылуу алып өтүүгө контролдукту, ошондой эле мындай материалдарга карата мыйзамсыз жүгүртүүгө жана ортомчулукка бөгөт коюуну жана каршы аракеттенүүнү карайт. Документ МЖКны жана аны жеткирүү каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө чөйрөсүндөгү күч-аракеттерди региондук жана эл аралык деңгээлдерде координациялоого багытталган.
Тышкы жана ички саясатынын негизин түзүүчү принциптердин бири массалык жок кылуучу куралдарды таркатпоо принцибин жактоо болуп саналган Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004) колдойт жана аны ишке ашыруу боюнча ырааттуу чараларды көрөт.
Ядролук, химиялык, биологиялык куралга жана аларды жеткирүү каражаттарына ээ болбогон Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык экспорттук контролдун улуттук системасын бекемдөөгө жана МЖКны иштеп чыгууга жана даярдоого көмөк көрсөтүүчү материалдарды жана жабдууларды алып өтүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо системасын күчөтүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда.
Кыргызстан массалык кыйратуучу куралдарды таркатпоо жаатында төмөнкүдөй негизги эл аралык келишимдерди: 1993-жылдагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, запасын топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны, Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны, Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимди, Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен макулдашууну жана Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимге байланыштуу макулдашууга карата Кошумча протоколду, Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зона жөнүндө келишимди, Иштелип бүткөн отунду колдонуунун коопсуздугу жөнүндө жана радиоактивдүү калдыктарды колдонуунун коопсуздугу жөнүндө Бириктирилген Конвенцияны ратификациялаган. Аталган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды имплементациялоо боюнча үзгүлтүксүз негизде иш жүргүзүлүүдө.
2003-жылы январда экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын ишинин укуктук негиздерин белгилеген "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлган.
Бул Мыйзамды ишке ашырууда, Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду ишке ашыруу тартибин аныктоочу бир катар мыйзамга негизделген актылар кабыл алынган. Донор өлкөлөр менен бирге радиоактивдүү материалдарды чек арада алып өтүүлөргө контролду камсыздоо боюнча практикалык иш жүргүзүлүүдө.
Эл аралык стандарттарга ылайыктуу жана МЖКга жана аны жеткирүү каражаттарына тиешелүү товарларды жана технологияларды колдонууга майнаптуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуучу, мындай куралга жана ага тиешелүү материалдарды алууга жетишүүгө далалат кылган мамлекеттик эмес субъекттердин жолуна бекем бөгөт коюучу экспорттук контроль системасын Кыргызстанда түзүү үчүн мыйзамдар жаатында ишти улантуу жана күчөтүү мамлекеттик башкаруунун ар кандай органдарынын үзүрлүү эриш-аркак аракеттенүүсүн талап кылган практикалык аракеттер зарыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын ишке ашырууга тартылган бардык мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттерине жетишүү жана резолюцияны толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу, ар кандай коркунучтарды таркатпоого жана бөгөт коюуга көмөктөшүү ишинде улуттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу максатында, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясы тийиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөр тарабынан, анын жоболорун аткарууда көмөк көрсөтүүнү талап кылган башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү карай тургандыгын эске алып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттеринин ушул планы иштелип чыкты.
┌──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┐
│№ │ Милдеттер │Иш-чаранын аталышы │ Жооптуу │ Аткаруу │ Ресурстук │
│ │ │ │ орган │ мөөнөтү │ камсыздоо │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 1. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2-беренесин ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 1.1. Улуттук мыйзамдар │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│1 │Экспорттук │"Кыргыз │ЭМ │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │контроль │Республикасынын │ │4-квартал│бюджеттик │
│ │жаатында │Кылмыш-жаза │ │ │акча │
│ │мыйзамдарды │кодексине жана │ │ │каражат- │
│ │бузгандыгы │Администрациялык │ │ │тарынын │
│ │үчүн │жоопкерчилик │ │ │чегинде, │
│ │кылмыш-жаза │жөнүндө Кыргыз │ │ │эл аралык │
│ │жана админист-│Республикасынын │ │ │уюмдар │
│ │рациялык │кодексине │ │ │тарабынан │
│ │жоопкерчиликти│толуктоолорду │ │ │эксперттик │
│ │белгилөө │киргизүү жөнүндө" │ │ │колдоо │
│ │ │Кыргыз │ │ │ │
│ │ │Республикасынын │ │ │ │
│ │ │Мыйзам долбоорун │ │ │ │
│ │ │иштеп чыгуу │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 2. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2, 3, 6 жана 8-беренелерин │
│ ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 2.1. Улуттук мыйзамдар │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│2 │Кыргызстандын │Химиялык куралдарды│ЭМ │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │эл аралык │иштеп чыгууга, │ │3-квартал│бюджеттик │
│ │милдеттенмеле-│өндүрүүгө жана │ │ │акча │
│ │рин аткаруусун│запасын топтоого, │ │ │каражат- │
│ │камсыз кылуу │колдонууга тыюу │ │ │тарынын │
│ │жана тизмедеги│салуу жана аларды │ │ │чегинде │
│ │химиялык │жок кылуу жөнүндө │ │ │ │
│ │заттарды │конвенцияны ишке │ │ │ │
│ │контролдоонун │ашыруу боюнча │ │ │ │
│ │натыйжалуу │чараларды │ │ │ │
│ │системасын │караштырган, Кыргыз│ │ │ │
│ │түзүү │Республикасынын │ │ │ │
│ │максатында │Өкмөтүнүн токтом │ │ │ │
│ │Кыргыз │долбоорун иштеп │ │ │ │
│ │Республика- │чыгуу │ │ │ │
│ │сынын │ │ │ │ │
│ │мыйзамдарын │ │ │ │ │
│ │ХКТКнын │ │ │ │ │
│ │жоболоруна │ │ │ │ │
│ │ылайык │ │ │ │ │
│ │келтирүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│3 │БУККнын │Бактериологиялык │ЭМ, ССМ │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │жоболорун │(биологиялык) жана │ │4-квартал│бюджеттик │
│ │толук көлөмдө │ууландыруучу │ │ │акча │
│ │Кыргыз │куралдарды иштеп │ │ │каражат- │
│ │Республикасы │чыгууга, өндүрүүгө,│ │ │тарынын │
│ │тарабынан │запасын топтоого │ │ │чегинде │
│ │аткарылышын │тыюу салуу жана │ │ │ │
│ │камсыз кылуу │аларды жок кылуу │ │ │ │
│ │ │жөнүндө конвенцияны│ │ │ │
│ │ │ишке ашыруу боюнча │ │ │ │
│ │ │ыйгарым укуктуу │ │ │ │
│ │ │органды аныктоо │ │ │ │
│ │ │жөнүндө Кыргыз │ │ │ │
│ │ │Республикасынын │ │ │ │
│ │ │Өкмөтүнүн токтом │ │ │ │
│ │ │долбоорун иштеп │ │ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │ │
│ │ ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│ │ │БУККнын максаттарын│ЭМ, ТИМ, │2013-ж. │Донордук │
│ │ │жана милдеттерин │ССМ, │4-квартал│жардамдарды│
│ │ │түшүндүрүү боюнча │ТжЭКБ │ │тартуу │
│ │ │маалыматтык │(макулда-│ │ │
│ │ │иш-чараларды │шуу │ │ │
│ │ │(форумдарды, │боюнча) │ │ │
│ │ │жыйындарды, коомдук│ │ │ │
│ │ │талкууларды) │ │ │ │
│ │ │өткөрүү │ │ │ │
│ │ ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│ │ │Бактериологиялык │ЭМ, ССМ, │2014-ж. │Эксперттик │
│ │ │(биологиялык) жана │АЧММ, │2-квартал│колдоо │
│ │ │ууландыруучу │ТжЭКБ │ │зарыл │
│ │ │куралдарды иштеп │(макулда-│ │ │
│ │ │чыгууга, өндүрүүгө │шуу │ │ │
│ │ │запасын топтоого │боюнча) │ │ │
│ │ │тыюу салуу жана │ │ │ │
│ │ │аларды жок кылуу │ │ │ │
│ │ │жөнүндө конвенцияны│ │ │ │
│ │ │ишке ашыруу боюнча │ │ │ │
│ │ │Кыргыз │ │ │ │
│ │ │Республикасынын │ │ │ │
│ │ │Өкмөтүнүн токтом │ │ │ │
│ │ │долбоорун иштеп │ │ │ │
│ │ │чыгуу │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│4 │МЖКны │Улуттук мыйзамдарга│ФЧМК, ЭМ │2013-ж. │Эксперттик │
│ │таркатууга │ФАТФтын │ │3-квартал│колдоо │
│ │кирген │7-рекомендациясын │ │ │зарыл │
│ │максаттуу │имплементациялоо │ │ │ │
│ │санкцияларды │боюнча чараларды │ │ │ │
│ │кабыл алуу │көрүү (акчаны │ │ │ │
│ │ │адалдоого каршы │ │ │ │
│ │ │күрөшүүнүн │ │ │ │
│ │ │финансылык │ │ │ │
│ │ │чараларын иштеп │ │ │ │
│ │ │чыгуу тобу (FATF)) │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 3. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 3-беренесин ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 3.1. Улуттук мыйзамдар │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│5 │Ядролук │Ядролук │ТИМ, │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │материалдардын│материалдардын │КЧКТМА │2-квартал│бюджеттик │
│ │заттык │заттык корголушу │ │ │акча │
│ │корголушу │жөнүндө конвенцияга│ │ │каражат- │
│ │жөнүндө │Кыргыз │ │ │тарынын │
│ │конвенцияга │Республикасынын │ │ │чегинде │
│ │Кыргыз │кошулушунун │ │ │ │
│ │Республикасы- │максатка │ │ │ │
│ │нын │ылайыктуулугу │ │ │ │
│ │кошулуусунун │жөнүндө маселени │ │ │ │
│ │максатка │талкуулоо ("тегерек│ │ │ │
│ │ылайыктуулугу │столдорду", │ │ │ │
│ │жөнүндө │ведомстволор аралык│ │ │ │
│ │маселени кароо│жолугушууларды │ │ │ │
│ │ │өткөрүү) │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 3.2. Практикалык аракеттер │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│6 │Ядролук жана │1. "Кайрагач", │МБК │2013-ж. │Донордук │
│ │башка │"Кызыл-Бел" өткөрмө│ │4-квартал│колдоо бар │
│ │радиоактивдүү │пункттарын, "Манас"│ │ │ │
│ │материалдарды │аэропортун (VIP │ │ │ │
│ │мыйзамсыз орун│терминалын), Бажы │ │ │ │
│ │алмаштыруулар-│кызматынын │ │ │ │
│ │га жол бербөө │кесипкөйлүк жана │ │ │ │
│ │ │кинологиялык │ │ │ │
│ │ │борборун │ │ │ │
│ │ │радиациялык │ │ │ │
│ │ │порталдык │ │ │ │
│ │ │мониторлор менен │ │ │ │
│ │ │жабдуу │ │ │ │
│ │ ├───────────────────┤ ├─────────┼───────────┤
│ │ │2. РПМ менен │ │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │ │жабдылууга тийиш │ │4-квартал│бюджеттик │
│ │ │болгон өткөрмө │ │ │акча │
│ │ │пункттарынын │ │ │каражат- │
│ │ │артыкчылыктарын │ │ │тарынын │
│ │ │аныктоо │ │ │чегинде │
│ │ ├───────────────────┤ ├─────────┼───────────┤
│ │ │3. РПМди андан ары │ │2013-ж. │Донордук │
│ │ │орнотуу үчүн │ │4-квартал│жана │
│ │ │артыкчылыктуу │ │ │техникалык │
│ │ │өткөрмө пункттарын │ │ │жардамдарды│
│ │ │инфраструктуралык │ │ │тартуу │
│ │ │камсыздоо │ │ │зарыл │
│ │ │маселелерин чечүү │ │ │ │
│ │ ├───────────────────┤ ├─────────┤ │
│ │ │4. Портативдик │ │2013-ж. │ │
│ │ │дозиметрикалык │ │4-квартал│ │
│ │ │приборлордун │ │ │ │
│ │ │керектүү санын │ │ │ │
│ │ │аныктоо │ │ │ │
│ │ ├───────────────────┤ ├─────────┤ │
│ │ │5. Бажы органдарын │ │2014-ж. │ │
│ │ │жабдуу үчүн │ │2-квартал│ │
│ │ │портативдик │ │ │ │
│ │ │дозиметрикалык │ │ │ │
│ │ │приборлорду сатып │ │ │ │
│ │ │алуу │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│7 │Ядролук │Радиоактивдүү │КЧКТМА, │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │материалдарды │нурлануу булактарын│ССМ │4-квартал│бюджеттик │
│ │жана │инвентаризациялоону│ │ │акча │
│ │радиоактивдүү │жүргүзүү, РНБнын │ │ │каражат- │
│ │нурлануу │тизмесин түзүү │ │ │тарынын │
│ │булактарын │ │ │ │чегинде │
│ │контролдоону │ │ │ │ │
│ │эсепке алууну │ │ │ │ │
│ │камсыздоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│8 │Радиоактивдүү │1. Биринчи кезекте │ӨКМ, │2015- │Бөлүнгөн │
│ │калдык │заттык коргоону │КЧКТМА │жылга │бюджеттик │
│ │сактоочу │талап кылган │ │чейин │акча │
│ │жайларды, уран│радиоактивдүү │ │ │каражат- │
│ │жана түстүү │материалдарды көмүү│ │ │тарынын │
│ │металл өнөр │пункттарын аныктоо │ │ │чегинде │
│ │жайынын тоо │2. Радиоактивдүү │ │ │ │
│ │кен │материалдарды көмүү│ │ │ │
│ │калдыктарын │пункттарын │ │ │ │
│ │заттык │айлана-чөйрөдөн │ │ │ │
│ │коргоону │бөлүү боюнча │ │ │ │
│ │камсыз кылуу │иш-чараларды иштеп │ │ │ │
│ │ │чыгуу, ал боюнча иш│ │ │ │
│ │ │жүргүзүү жана │ │ │ │
│ │ │мындай көмүүлөргө │ │ │ │
│ │ │мониторинг │ │ │ │
│ │ │жүргүзүүнүн │ │ │ │
│ │ │оптималдуу │ │ │ │
│ │ │системасын уюштуруу│ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 4. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 6-беренесин ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 4.1. Улуттук мыйзамдар │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│9 │Экспорттук │"Кыргыз │ЭМ, │2012-ж. │Бөлүнгөн │
│ │контролдонууга│Республикасынын │КРӨнүн │3-квартал│бюджеттик │
│ │тийиш болгон │контролго алынуучу │2007-ж. │ │акча │
│ │материалдарды │продукциялардын │24-нояб- │ │каражат- │
│ │экспорттоого, │улуттук контролдук │рындагы │ │тарынын │
│ │импорттоого, │тизмесин бекитүү │№ 489-б │ │чегинде │
│ │транзиттик │жөнүндө" Кыргыз │буйругу │ │ │
│ │алып өтүүгө, │Республикасынын │менен │ │ │
│ │реэкспорттоого│Өкмөтүнүн │түзүлгөн │ │ │
│ │жана ар кандай│токтомунун │экспорт- │ │ │
│ │берүүлөргө │долбоорун иштеп │тук │ │ │
│ │улуттук │чыгуу │контроль │ │ │
│ │деңгээлде │ │боюнча │ │ │
│ │натыйжалуу, │ │ведомст- │ │ │
│ │талаптагыдай │ │волор │ │ │
│ │контролду │ │аралык │ │ │
│ │орнотуу │ │жумушчу │ │ │
│ │ │ │топ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│10│Кош багыттагы │Кыргыз │ЭМ │Туруктуу │Бөлүнгөн │
│ │товарлардын │Республикасынын │ │негизде │бюджеттик │
│ │контролдонуучу│контролго алынуучу │ │(зарылды-│акча │
│ │продукциялары-│продукцияларынын │ │гына │каражат- │
│ │нын тизмесин │контролдук │ │жараша) │тарынын │
│ │актуалдаштыруу│тизмесине │ │ │чегинде │
│ │ │өзгөртүүлөрдү жана │ │ │ │
│ │ │толуктоолорду │ │ │ │
│ │ │киргизүү │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 5. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 7-беренесин ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 5.1. Донорлордон жана эл аралык уюмдардан │
│ техникалык жардамдарды суроо │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│11│БУУ ККнын │БУУ ККнын │ЭМ, МБК, │Дайыма │Бөлүнгөн │
│ │1540-резолю- │1540-резолюциянын │МЧАК, │ │бюджеттик │
│ │циясын аткаруу│талаптарын │ӨКМ, ССМ,│ │акча │
│ │боюнча Кыргыз │аткарууга көмөк │ТИМ, │ │каражат- │
│ │Республикасы- │көрсөтүү жөнүндө │КЧКТМА │ │тарынын │
│ │нын │резолюциянын │ │ │чегинде │
│ │Иш-аракеттери-│7-беренесине ылайык│ │ │ │
│ │нин ушул │донор өлкөлөргө │ │ │ │
│ │планында │жана эл аралык │ │ │ │
│ │камтылган │уюмдарга ачык-айкын│ │ │ │
│ │иш-чараларды │суроолорду түзүү │ │ │ │
│ │ишке ашыруу │жана жөнөтүү │ │ │ │
│ │үчүн каржылоо,│ │ │ │ │
│ │эксперттик │ │ │ │ │
│ │жана │ │ │ │ │
│ │техникалык │ │ │ │ │
│ │жардам │ │ │ │ │
│ │маселелерин │ │ │ │ │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 6. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 8-беренесин ишке ашырууда │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 6.1. Улуттук мыйзамдар │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│12│Идентификация-│Кыргыз │ЭМ, МБК, │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │лык │Республикасынын │УИА, │3-квартал│бюджеттик │
│ │борборлорду │Өкмөтүнүн │ТжЭКБ │ │акча │
│ │(эксперттик │токтомунун долборун│(макулда-│ │каражат- │
│ │уюмдарды) │иштеп чыгуу │шуу │ │тарынын │
│ │түзүүнүн жана │ │боюнча) │ │чегинде │
│ │иштөөсүнүн │ │ │ │ │
│ │тартибин │ │ │ │ │
│ │аныктоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│13│Экспорттук │Экспорттук контроль│ЭМ, ЭӨМ │2013-ж. │Бөлүнгөн │
│ │контролдонууга│боюнча фирма │ │4-квартал│бюджеттик │
│ │тийиш болгон │ичиндеги типтүү │ │ │акча │
│ │материалдарды │программаларды │ │ │каражат- │
│ │жана │иштеп чыгуу │ │ │тарынын │
│ │технологиялар-│ │ │ │чегинде │
│ │ды өндүрүүдө, │ │ │ │ │
│ │колдонууда же │ │ │ │ │
│ │ташууда │ │ │ │ │
│ │тиешелүү │ │ │ │ │
│ │эсепке алууну │ │ │ │ │
│ │жана сактоону │ │ │ │ │
│ │камсыз кылуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│14│Радиациялык │Радиоактивдүү │КЧКТМА │2015- │Бөлүнгөн │
│ │материалдар │материалдар жана │ │жылга │бюджеттик │
│ │жана иондук │иондук нурлануу │ │чейин │акча │
│ │нурлануу │булактары боюнча │ │ │каражат- │
│ │булактары │мыйзамга │ │ │тарынын │
│ │боюнча Кыргыз │негизделген │ │ │чегинде │
│ │Республикасы- │ченемдик-техникалык│ │ │ │
│ │нын │актыларды │ │ │ │
│ │мыйзамдарын │(техникалык │ │ │ │
│ │эл аралык │регламенттер ж.б.) │ │ │ │
│ │талаптарга │иштеп чыгуу │ │ │ │
│ │шайкештөө │ │ │ │ │
├──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┤
│ 6.2. Практикалык аракеттер │
├──┬──────────────┬───────────────────┬─────────┬─────────┬───────────┤
│15│Кыргыз │Кошумча протоколдун│ЭМ, ССМ, │Жыл │Бөлүнгөн │
│ │Республикасы- │2-беренесине ылайык│ӨКМ, ТИМ,│сайын, │бюджеттик │
│ │нын │Кыргыз │КЧКТМА │отчеттук │акча │
│ │2011-жылдын │Республикасынын │ │жылдан │каражат- │
│ │1-ноябрындагы │алгачкы билдирүүсүн│ │кийинки │тарынын │
│ │№ 193 Мыйзамы │жаңыртууну камтыган│ │жылдын │чегинде │
│ │менен │ар жылдык отчетун │ │15-майына│ │
│ │ратификация- │даярдоо жана │ │чейин │ │
│ │ланган Ядролук│АЭЭААга жөнөтүү │ │ │ │
│ │куралдарды │ │ │ │ │
│ │таркатпоо │ │ │ │ │
│ │жөнүндө │ │ │ │ │
│ │келишимге │ │ │ │ │
│ │байланыштуу │ │ │ │ │
│ │кепилдиктерди │ │ │ │ │
│ │колдонуу │ │ │ │ │
│ │жөнүндө Кыргыз│ │ │ │ │
│ │Республикасы │ │ │ │ │
│ │менен Атомдук │ │ │ │ │
│ │энергия боюнча│ │ │ │ │
│ │эл аралык │ │ │ │ │
│ │агенттиктин │ │ │ │ │
│ │ортосундагы │ │ │ │ │
│ │макулдашууга │ │ │ │ │
│ │карата Кошумча│ │ │ │ │
│ │протоколго │ │ │ │ │
│ │ылайык │ │ │ │ │
│ │милдеттенме- │ │ │ │ │
│ │лерди Кыргыз │ │ │ │ │
│ │Республикасы- │ │ │ │ │
│ │нын аткаруусу │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│16│БУУ ККнын │1. Мамлекеттик │ЭМ, МБК, │2013-ж. │Донордук │
│ │1540-резолю- │түзүмдөрдөн алардын│МЧАК, КМ,│2-квартал│жардамдарды│
│ │цияны ишке │кызматкерлерин жана│ССМ, │ │тартуу │
│ │ашырууга │тышкы экономикалык │АЧММ, │ │ │
│ │тартылган │иштин │ТжЭКБ │ │ │
│ │министрликтер-│кызматкерлерин жана│(макулда-│ │ │
│ │дин жана │катышуучуларын │шуу │ │ │
│ │ведомстволор- │окутуу боюнча │боюнча) │ │ │
│ │дун │сунуштарды жыйноо. │ │ │ │
│ │кызматкерлери-│2. Окутуучу │ │2013-ж. │ │
│ │нин │семинарлардын, │ │3-квартал│ │
│ │квалификация- │тренингдердин жана │ │ │ │
│ │ларын │форумдардын │ │ │ │
│ │жогорулатуу, │конкреттүү │ │ │ │
│ │ошондой эле │темаларын жана │ │ │ │
│ │тышкы │пландарын жалпылоо │ │ │ │
│ │экономикалык │жана донор │ │ │ │
│ │иштин │уюмдардын кароосуна│ │ │ │
│ │катышуучулары-│берүү. │ │ │ │
│ │нын │3. Семинарларды, │ │Үзгүлтүк-│ │
│ │маалымдуулугун│тренингдерди жана │ │сүз │ │
│ │арттыруу │форумдарды уюштуруу│ │негизде │ │
│ │ │жана өткөрүү │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│17│Маалыматтык │Массалык жок │УИА, ЭМ, │2013-ж. │Донордук │
│ │ресурстарды │кылуучу куралдарды │ТжЭКБ │4-квартал│жардамдарды│
│ │ТЭИнин │таркатпоо жагында │(макулда-│ │тартуу │
│ │катышуучулары-│эл аралык │шуу │ │ │
│ │нын, ишкердик │келишимдердин, │боюнча) │ │ │
│ │субъекттеринин│улуттук │ │ │ │
│ │алуу │мыйзамдардын │ │ │ │
│ │мүмкүнчүлүгүн │маалыматтар базасы │ │ │ │
│ │камсыз кылуу │түрүндө │ │ │ │
│ │ │Web-порталын, тышкы│ │ │ │
│ │ │экономикалык иштин │ │ │ │
│ │ │катышуучуларына │ │ │ │
│ │ │жардам катары │ │ │ │
│ │ │маалымдама │ │ │ │
│ │ │материалдарды түзүү│ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│18│МЖК жасоодо │Ядролук, │ЭМ, ССМ, │2015-ж. │Донордук │
│ │пайдаланышы │биологиялык жана │УИА, МБК,│4-квартал│жардамдарды│
│ │мүмкүн болгон │химиялык │МЧАК │ │тартуу │
│ │ядролук, │каражаттарга талдоо│ │ │ │
│ │химиялык жана │жүргүзүү үчүн көчмө│ │ │ │
│ │бактериология-│лабораториялар │ │ │ │
│ │лык │системасын түзүү │ │ │ │
│ │материалдарды ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│ │өз убагында │Биологиялык жана │МЧАК, │2015-ж. │Донордук │
│ │табуу жана │химиялык коргоо │ИИМ, ӨКМ,│4-квартал│жардамдарды│
│ │идентификация-│каражаттары менен │ССМ │ │тартуу │
│ │лоо үчүн │укук коргоо │ │ │ │
│ │техникалык │органдарынын │ │ │ │
│ │база түзүү │бөлүмдөрүн жана │ │ │ │
│ │ │Кыргыз │ │ │ │
│ │ │Республикасынын │ │ │ │
│ │ │атайын кызматтарын │ │ │ │
│ │ │камсыздоо │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│19│Өткөрмө │1. Мамлекеттик чек │МЧАК │2015- │Донордук │
│ │пункттардан │аралардын биринчи │ │жылга │жана │
│ │сырткары │кезекте техникалык │ │чейин │техникалык │
│ │экспорттук │модернизациялоону │ │ │жардамдарды│
│ │контролдонууга│талап кылуучу │ │ │тартуу │
│ │тийиш болгон │участокторун │ │ │ │
│ │товарларды │аныктоо. │ │ │ │
│ │Кыргыз │2. Мамлекеттик чек │ │ │ │
│ │Республикасы- │аралардын │ │ │ │
│ │нын │участокторунун │ │ │ │
│ │мамлекеттик │инженердик │ │ │ │
│ │чек аралары │жабдылышын │ │ │ │
│ │аркылуу │модернизациялоо │ │ │ │
│ │мыйзамсыз алып│жана аларды │ │ │ │
│ │өтүүгө жол │коргоонун │ │ │ │
│ │бербөө │техникалык │ │ │ │
│ │ │каражаттары менен │ │ │ │
│ │ │жабдуу │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│20│Радиациялык, │Бажы кызматынын, │УИА, МБК,│2014- │Донордук │
│ │химиялык жана │укук коргоо │МЧАК, │жылга │жана │
│ │биологиялык │органдарынын жана │ИИМ, │чейин │техникалык │
│ │коопсуздук │чек ара кызматынын │ТжЭКБ │ │жардамдарды│
│ │маселелери │аскер кызматчыларын│(макулда-│ │тартуу │
│ │боюнча МБК, │окутуу боюнча │шуу │ │ │
│ │ИИМ жана МЧАК │интерактивдүү │боюнча) │ │ │
│ │кызматкерлери │Web-порталын түзүү │ │ │ │
│ │үчүн │ │ │ │ │
│ │үзгүлтүксүз │ │ │ │ │
│ │окутуу │ │ │ │ │
│ │мүмкүнчүлүгүн │ │ │ │ │
│ │камсыздоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│21│Массалык │Мыйзамдардагы │ЭМ, ССМ, │Үзгүлтүк-│Бөлүнгөн │
│ │кыйратуучу │өзгөртүүлөр, │КМ, МБК, │сүз │бюджеттик │
│ │куралдардын │ошондой эле БУУ │МУКК, │негизде │акча │
│ │таркатылышын │ККнын 1373 жана │ФЧМК, │ │каражат- │
│ │алдын алуу │1390-резолюцияларын│МЧАК, │ │тарынын │
│ │боюнча, │кошо алганда, │ИИМ, ӨКМ,│ │чегинде │
│ │ошондой эле │1540-резолюциясы │ТИМ │ │ │
│ │террорчулукка │колдонулуучу │аркылуу │ │ │
│ │каршы │чөйрөлөрдөгү │ │ │ │
│ │аракеттенүү │көрүлгөн чаралар │ │ │ │
│ │боюнча │тууралуу │ │ │ │
│ │өлкөдөгү │үзгүлтүксүз │ │ │ │
│ │окуялар, │отчетторду жана │ │ │ │
│ │ниеттенүүлөр │ыкчам маалыматтарды│ │ │ │
│ │жана │берүү │ │ │ │
│ │иш-чаралар │ │ │ │ │
│ │тууралуу │ │ │ │ │
│ │1540-Комитетке│ │ │ │ │
│ │өз убагында │ │ │ │ │
│ │кабарлоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│22│Экспорттук │Жабдуулар менен │УИА, ЭМ, │2015- │Донордук │
│ │контролдонууга│камсыз кылууда жана│ТИМ, │жылга │жана │
│ │тийиш болгон │идентификациялык │ТжЭКБ │чейин │техникалык │
│ │товарларды │борбордун адистерин│(макулда-│ │жардамдарды│
│ │квалификация- │окутууда техникалык│шуу │ │тартуу │
│ │лык │жардам көрсөтүүнү │боюнча) │ │ │
│ │идентификация-│камсыз кылуу │ │ │ │
│ │лоону камсыз │ │ │ │ │
│ │кылуу үчүн │ │ │ │ │
│ │эксперттик │ │ │ │ │
│ │уюмдарды түзүү│ │ │ │ │
├──┼──────────────┼───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤
│23│Коомчулукка │Маалыматтык │ЭМ, │Донордук │Донордук │
│ │БУУ ККнын │өнөктүктү жүргүзүү,│ТжЭКБ │жардам- │жардамдарды│
│ │1540-резолю- │маалыматтарды │(макулда-│дарды │тартуу │
│ │циясынын │таркатуу, │шуу │тартууга │ │
│ │максаттары │телеберүүлөрдү, │боюнча) │жараша │ │
│ │жана │документалдуу │ │үзгүлтүк-│ │
│ │милдеттери │фильмдерди, │ │сүз │ │
│ │тууралуу │роликтерди тартуу │ │негизде │ │
│ │маалымдоо │жагында өкмөттүк │ │ │ │
│ │(транспарент- │эмес сектор менен │ │ │ │
│ │түүлүк, │иштөө │ │ │ │
│ │жарандык, │ │ │ │ │
│ │илимий жана │ │ │ │ │
│ │бизнес │ │ │ │ │
│ │коомчулуктары,│ │ │ │ │
│ │масс-медиа │ │ │ │ │
│ │менен иштөө) │ │ │ │ │
└──┴──────────────┴───────────────────┴─────────┴─────────┴───────────┘
АЧММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация
министрлиги
АЭЭАА - Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик
БУКК - Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу
куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого
тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция
БУУ КК - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
КЧКТМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
кызматы
МЖК - Массалык жок кылуучу курал
МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук
комитети
МЧАК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы
ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
РНБ - Радиоактивдүү нурлануу булактары
РПМ - Радиациялык порталдык мониторлор
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ТжЭКБ - "Таркатпоо жана экспорттук контроль проблемалары боюнча
борбор" коомдук фонду
ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ТЭИ - Тышкы экономикалык иш
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
ФАТФ - Акчаны адалдоого каршы күрөшүүнүн финансы чараларын иштеп
чыгуу тобу The Fi№a№cial Actio№ Task Force (FATF)
ФЧМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
чалгындоо мамлекеттик кызматы
ХКТК - Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана
ууландыруучу куралдардын запасын топтоого тыюу салуу жана
аларды жок кылуу жөнүндө конвенция
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
ЭӨМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай
министрлиги