Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 146
"Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
1-Глава
Жалпы жоболор
1-берене. Максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Бул "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Техникалык регламент) өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт, опурталдуу өндүрүштүк объектилерде авариялардын алдын алууга жана уюмдардын анын кесепеттерин токтотууга даярдыктарын камсыздоого багытталган, жана төмөнкүлөрдү белгилейт:
- техникалык жөнгө салуу объектилерин жана аларды идентификациялоо ыкмаларын;
- опурталдуу өндүрүштүк объектилерин долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстерин ишке ашыруучу бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү болгон өндүрүштүк коопсуздук талаптарын;
- опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин шайкештигин баалоо формаларын.
2. Бул Техникалык регламент адамдардын, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздукту камсыздоо максатында колдонулат.
3. Бул Техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу боюнча бардык процесстерге карата колдонулат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
авария - опурталдуу өндүрүштүк объектиде колдонулган курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, транспорттун жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы, бузулушу, контролдон тышкаркы жарылуу, өрт же зыяндуу заттардын чыгышы;
опурталдуу өндүрүштүк объектилердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) - бирдиктүү методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - уюмдар тарабынан) пайдаланылган опурталдуу өндүрүш объектилери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу системасы жана өндүрүштүк объектилердин бирдиктүү маалымат базасы);
опурталдуу өндүрүштүк объектилерди идентификациялоо (идентификация) - ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык объектини аныктап жана уюмдун курамы менен кошо опурталдуу өндүрүштүк объекттин категориясына киргизүү жана анын тибин аныктоо;
инцидент - опурталдуу өндүрүштүк объектиде колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминин бузулушу, ушул Техникалык регламенттин, опурталдуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун бузулушу;
опурталдуу өндүрүштүк объект - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу коркунучу бар жана ал коркунуч авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянт, ошондой эле абдан опурталдуу башка объект);
опурталдуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жайлык коопсуздугу (мындан ары - өнөр жайлык коопсуздук) - адамдын жана коомдун опурталдуу өндүрүштүк объектилердеги авариялардан жана андай авариялардын кесепеттеринен корголгондук абалы;
техникалык түзүлүш - өндүрүштүк иште пайдаланылган тетик (элемент), түйүн (плата, блок), агрегат (тирөөч), механизм, жалпы эле машина;
өнөр жай коопсуздугуна талаптар - ушул Техникалык регламентте, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде сакталышы техникалык коопсуздукту камсыздоочу техникалык регламенттерде айтылган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка аткаруу үчүн милдеттүү талаптар;
ыйгарым укуктуу орган - аткаруучу бийликтин өнөр жайлык коопсуздук тармагында атайын функциялар берилген органы;
ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - аткаруучу бийликтин өнөр жайлык коопсуздук тармагында контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функциялар берилген жана өнөр жайлык коопсуздук тармагында мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруучу органы.
3-берене. Өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун
укуктук негиздери
Өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жагындагы мыйзамдары, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Техникалык регламент саналат.
4-берене. Өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуу
Өнөр жай коопсуздугу жагында мамлекеттик жөнгө салуу ушул Техникалык регламентте жана өнөр жайдын тармактары боюнча башка техникалык регламенттерде белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Өнөр жай коопсуздугунун талаптары элди жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, элдин санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо, курулуш тармактарындагы ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
5-берене. Техникалык жөнгө салуу объектилери
1. Техникалык жөнгө салуу объектилерине опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстери кирет, анда:
1) төмөнкүдөй опурталдуу заттар алынат, пайдаланылат, иштетилет, жасалат, сакталат, ташылат, жок кылынат, алар:
а) от алгыч заттар - кадыресе басымда жана аба менен аралашканда от алуучу жана кадыресе басымдагы кайноо температурасы 20 градус Цельсий же андан төмөн болгон газдар;
б) кычкылдантуучу заттар - кычкылдантуучу-калыбына келтирүүчү экзометриялык реакциянын натыйжасында башка заттардын күйүшүн, от алышын шарттоочу жана (же) мүмкүндүк түзүүчү заттар;
в) күйүүчү заттар - өзүнөн өзү тутанып кете турган, ошондой эле оттуктан тутануучу жана аны алып салгандан кийин өзүнчө күйө берүүчү суюктуктар, газдар, чаңдар;
г) жарылгыч заттар - белгилүү шарттарда сырткы таасирдин натыйжасында көп өлчөмдө жылуулук жана газ сымал продуктуларды чыгаруу менен өтө тез болуучу химиялык кубулушка (жарылууга) жөндөмдүү заттар же мындай заттардын аралашмасы;
д) уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлүмгө дуушарлантууга жөндөмдүү жана төмөндөгүдөй сапаттарга ээ заттар:
- ашказанга киргенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 15 миллиграммдан 200 миллиграммга чейин;
- териге тийгенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 50 миллиграммдан 400 миллиграммга чейин;
- өлүмгө дуушарлантуучу абадагы орточо концентрациясы бир литрге 0,5 миллиграммдан 2 миллиграммга чейин;
е) өтө уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлтүрүүчү жана төмөнкүдөй сапаттарга ээ заттар:
- ашказанга киргенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 15 миллиграммдан көп эмес;
- териге тийгенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 50 миллиграммдан көп эмес;
- өлүмгө дуушарлантуучу абадагы орточо концентрациясы бир литрге 0,5 миллиграммдан көп эмес;
ж) айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу заттар - суулуу чөйрөдө төмөнкүдөй өтө уулуулугу менен мүнөздөлгөн заттар:
- балыктарга 96 саат бою ингаляциялык таасир этүүдөгү өлтүрүүчү орточо дозасы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
- дафнияларга 48 саат бою таасир этүүдө тийиштүү кесепетти пайда кыла турган уунун орточо концентрациясы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
- балырга 72 саат бою таасир этүүдө орточо ингибирлөөчү концентрациясы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
2) 0,07 мегапаскалдан ашык басымда же суунун ысуу температурасы 115 Цельсий градустан ашкан шартта иштеген жабдуу пайдаланылат;
3) стационардык орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер, лифттер, аттракциондор пайдаланылат;
4) кара жана түстүү металлдардын эритмелери жана ушул эритмелердин негизиндеги куймалар алынат;
5) кен, геологиялык чалгындоо жана жардыруу иштери, пайдалуу кендерди казуу жана байытуу боюнча иштер, ошондой эле жер астындагы шарттардагы иштер жүргүзүлөт;
6) адамдын жашоо-турмушу жана айлана-чөйрө үчүн опурталдуу заттарды камтыган кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт.
2. Опурталдуу өндүрүштүк объектини идентификациялоону ушул объектилерди пайдаланган уюмдар ишке ашырат.
3. Опурталдуу өндүрүштүк объектини калктын жашоосунун жана ден-соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдүүлүк даражалары боюнча критерийлерин бөлүштүрүү, ошондой эле аларды мамлекеттик реестрде каттоо жана идентификациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2-Глава
Өнөр жай коопсуздугунун негиздери
6-берене. Өнөр жай коопсуздугу жагындагы иш
Өнөр жай коопсуздугу жагындагы иштин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу;
- опурталдуу өндүрүштүк объектилерде колдонулган техникалык түзүлүштөрдү жасоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо;
- өнөр жайлык коопсуздукка экспертиза жүргүзүү;
- опурталдуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлерин билим берүүчү эмес мекемелерде даярдоо жана кайра даярдоо.
7-берене. Опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоого карата
талаптар
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары - долбоордук документтер) өнөр жай коопсуздугун камсыздоо, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин локалдаштыруу боюнча иш-чаралар зарыл негиздемелери жана эсептөөлөрү менен камтылууга тийиш.
Даярдалган иш-чараларда опурталдын булактары, тобокелдик факторлору, авариялардын пайда болуу шарттары жана алардын сценарийлери, өндүрүштүк персоналдын саны жана жайгашуусу эске алынат.
Опурталдуу өндүрүштүк объектини консервациялоого же жоюуга долбоордук документтерде объектини консервациялоо же жоюу процессиндеги, ошондой эле аларды аяктагандан кийин авариялардын алдын алуу, локалдаштыруу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар каралат.
2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыздоо боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер каралат.
3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.
8-берене. Опурталдуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө,
кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга,
пайдаланууга, консервациялоого жана жоюуга карата
талаптар
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу иштерин баштоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугуна экспертизанын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген оң корутундусу эсептелет.
2. Опурталдуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт жана долбоорлогон уюм төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- куруу жана монтаждоо жумуштарынын сапатына контролду;
- куруунун жана монтаждоонун техникалык базасынын жана техникалык каражаттарынын абалына контролду;
- долбоордук чечимдердин аткарылышына автордук көзөмөлдү.
3. Опурталдуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин опурталдуу өндүрүштүк объект Кыргыз Республикасынын шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алынат. Опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга кабыл алуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр контролдонот: аткарылган иштердин өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоордук чечимдерге шайкеш келүүсү; авариялардын алдын алууну жана анын кесепеттерин локалдаштырууну камсыздоочу техникалык каражаттарга жана жабдууларга сыноо өткөрүлгөнү, персоналдын жана авариялык-куткаруучу кызматтардын авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча иштерге даярдыгы.
4. Жөнгө салуу-иштетүү жумуштары үчүн монтаждоочу уюм коопсуздуктун зарыл чаралары каралган атайын технологиялык документтерди иштеп чыгат.
5. Опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга карата талаптар иштин түрлөрү боюнча техникалык документтерде белгиленет.
6. Опурталдуу өндүрүштүк объектини консервациялоо же жоюу боюнча иштер долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
9-берене. Өнөр жай коопсуздугу жагында иш жүргүзгөн уюмдарга
карата талаптар
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жай коопсуздугу жагында иш жүргүзгөн уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү, алар:
1) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жагында даярдалган жана аттестацияланган кызматкерлерге опурталдуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
3) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана кызмат анын адамдарынын өз ыйгарым укуктарына ылайык беришкен буйруктарын (көрсөтмөлөрүн, билдирүүлөрүн) аткарууга;
4) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди мамлекеттик реестрге каттоо үчүн керектүү маалыматтарды берүүгө;
5) имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө, кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, опурталдуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлүштөрдү андан аркы коопсуз пайдалануунун мүмкүн болгон убактысын аныктоо үчүн техникалык регламенттерде белгиленген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
6) тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык зарыл приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо системаларынын болушун жана иштөөсүн камсыздоого;
7) опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланууда зыян келтирилгени үчүн жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
8) опурталдуу өндүрүштүк объектиге бөлөк адамдардын киришин болтурбоого;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өндүрүштүк контролду уюштурууга жана ишке ашырууга;
10) авариянын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана ишке ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
11) кесипкөй авариялык-куткаруучу кызматтар (кошуундар) менен тейлөө жөнүндө келишим түзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамында каралган учурларда - өздөрүнүн кесипкөй авариялык-куткаруучу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-куткаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
12) авариялардын кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу үчүн финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
13) байкоо, кабарлоо, байланыш системаларын жана авария учурундагы жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана тийиштүү абалда кармоого;
14) объектидеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
15) ыйгарым укуктуу органдарга өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын болгон себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө;
16) опурталдуу өндүрүштүк объектинин финансылык-экономикалык ишинин планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыздоого чыгымдарды караштырууга;
17) опурталдуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлеринин штаты жумуштарды коопсуз аткаруу үчүн керектүү санда комплектиленишин камсыздоого;
18) опурталдуу өндүрүштүк объектилерде техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун техникалык регламенттерде каралган тартибин жана шарттарын сактоого.
2. Жарылгыч заттар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу (колдонулуучу) жана сакталуучу опурталдуу өндүрүштүк объектилерди иштеткен уюмдар тийиштүү техникалык регламентте белгиленген тартипте алардын эсепке алынышын жана сакталышын камсыздашат.
10-берене. Опурталдуу өндүрүштүк объектинин персоналына карата
талаптар
Опурталдуу өндүрүштүк объектинин персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) опурталдуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүү эрежелерин жана опурталдуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурдагы иш-аракеттин тартибин белгилеген ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга;
2) өнөр жай коопсуздугу жагында (кайра) даярдоодон жана аттестациядан өтүүгө;
3) медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
4) опурталдуу өндүрүштүк объектидеги авария же инцидент жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине же башка кызмат адамдарына кабарлоого;
5) опурталдуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурда ишти токтотууга;
6) опурталдуу өндүрүштүк объектидеги аварияны локалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө катышууга.
11-берене. Авариялардын себептерин техникалык териштирүүгө карата
талаптар
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектидеги авариянын ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык териштирүү жүргүзүлөт.
2. Авариянын себептерин техникалык териштирүү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү жетектеген атайын комиссия же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Бул комиссиянын курамына төмөндөгү өкүлдөр кирет:
1) аймагында опурталдуу өндүрүштүк объекти жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
2) тармактык профсоюздун өкүлдөрү;
3) опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюмдун же жогору турган уюмдун (эгерде бар болсо) өкүлдөрү.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
3. Опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм авариянын себептерин техникалык териштирүү боюнча комиссияга бардык керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Авариянын себептерин техникалык териштирүүнүн, техникалык териштирүү боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны териштирүү актысын тариздөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
5. Авариянын себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды ошол авария болгон опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм каржылайт.
3-Глава
Опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо,
куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо,
техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу
процесстеринин шайкештигин баалоо
12-берене. Шайкештикти баалоо формалары
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу, опурталдуу өндүрүштүк объектиде пайдаланылуучу техникалык түзүлүштөрдү даярдоо, монтаждоо, жөнгө салуу, тейлөө жана оңдоо процесстеринин шайкештигин баалоо жөнгө салынуучу объектилерге карата ушул Техникалык регламент менен техникалык коюлуучу талаптардын аткарылышын аныктоо максатында ишке ашырылат.
2. Техникалык жөнгө салынуучу объектилердин ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн баалоо төмөндөгү формаларда ишке ашырылат:
1) өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо;
2) мамлекеттик көзөмөл.
13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы
1. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан төмөндөгүлөр өткөрүлүүгө тийиш: опурталдуу өндүрүштүк объектини курууга, пайдаланууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтер; опурталдуу өндүрүштүк объектиде пайдалануучу техникалык түзүлүштөр; опурталдуу өндүрүштүк объектидеги имараттар, курулмалар жана опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга байланыштуу документтер.
2. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы аккредитация боюнча улуттук органда аккредитацияланган уюм тарабынан, опурталдуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга ниеттенип жаткан же аны пайдаланып жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.
Мындай уюмду аккредиттөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
3. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо процессинде экспертиза объектисинин ага карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын шайкештигине баалоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы менен өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу чыгарылат.
4. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
14-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышына
мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан бул Техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырууда ыйгарым укуктуу контролдоочу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) опурталдуу өндүрүштүк объектилерде иш жүргүзгөн уюмдарга барууга;
2) опурталдуу өндүрүштүк объектилерде иш жүргүзгөн уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарышын текшерүү үчүн керектүү документтер менен таанышууга;
3) опурталдуу өндүрүштүк объектилерде болгон чыр-чатактарга техникалык териштирүү жүргүзүүнүн тууралыгын текшерүүгө, ошондой эле мындай териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чаралардын аткарылышын текшерүүгө;
4) өнөр жай коопсуздугу жаатында өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) айлана-чөйрөгө коркунуч болсо, авария болуу коркунучу, персоналдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч аныкталса опурталдуу өндүрүштүк объектинин ишин ал коркунучтар жоюлганга чейин токтотууга;
6) өнөр жай коопсуздугунун талаптары бузулушуна жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле андай адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;
7) өнөр жай коопсуздугун камсыздоо багытында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди ишке ашырууга.
3. Ушул Техникалык регламенттин талаптары аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
4-Глава
Жыйынтыктоочу жана өтмө жоболор
15-берене. Өтмө жоболор
Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык коопсуздук талаптарын белгилөө жаатында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылардын ушул Техникалык регламентке каршы келбеген бөлүгү колдонулат.
16-берене. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандык
үчүн жоопкерчилик
1. Опурталдуу өндүрүштүк объектилерде иш жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Техникалык регламентте белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте жоопко тартылышат.
2. Опурталдуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдалануу, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин ушул Техникалык регламентте белгиленген өнөр жайлык коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Техникалык регламент жөнгө салуучу объектилердин шайкештигин баалоонун эрежелерин жана формаларын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте жоопко тартылышат.
17-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонууга киргизүү тартиби
жөнүндө
1. Бул Техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде ушул Техникалык регламентти колдонуу үчүн керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 374-б.);
- "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 15-майы, № 36-37);
- "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 19-октябры, № 92).
Кыргыз Республикасынын Президенти