Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 286
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууну натыйжалуу камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте киргизсин, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|