Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 674
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |