Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 282
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 282 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзам долбоору менен "социалдык жарнак", "мамлекеттик жарнак" сыяктуу жарнактардын түрлөрүн киргизүү сунушталган. Ал эми Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр базарларында, анын ичинде баалуу кагаздар базарларында, банктык, камсыздоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн базарларында жарнак чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
Ошондой эле мыйзам долборунда мамлекеттик жана муниципалдык жарнак таратуучулар, мындан тышкары коомдук, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнакты акысыз таратышаары каралган. Бул болсо мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттин эсебинен кошумча сарптоолорду жаратышы мүмкүн дегендик.
Мындан тышкары, мыйзам долборунда аныкталгандай, жеке жана юридикалык жактардын социалдык жана мамлекеттик жарнакты жасоо жана таратуу боюнча иши кайрымдуулук иш деп таанылаары каралган, мыйзамга ылайык ага жеңилдиктер берилет. Бул норма республикалык бюджетке кирешенин түшүүсүн азайтышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйтүлүшүн караштырган мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны каржылоо булагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталгандан кийин кабыл алышы мүмкүн.
Ушул айтылгандарды эске алып жана каржылоо булагынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес деп эсептейт.