Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 285
2013-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумдарын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын кесиптик жактан өнүктүрүүнүн туруктуу жана натыйжалуу тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2013-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу планы (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына Планга ылайык төмөнкүлөр сунушталсын:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ар бир категориясы үчүн квалификацияларды жогорулатуу курстарынын программаларын иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарын өткөрүү графигин иштеп чыгуу, өзүнүн чечими менен бекитүү жана аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарын региондук мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамын, көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартуу менен уюштурууну жана тиешелүү деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарын өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына маалымдап туруу.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына Планга ылайык, макулдашылган чыгымдардын сметасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарын өткөрүү графигин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте квалификацияларды жогорулатуу курстарын ийгиликтүү аяктаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына тастыктамаларды берүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарынын өткөрүлүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү;
- 2014-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарынын өткөрүлүшүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүү.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын суроо-талабы боюнча Планга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарына жиберилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин беришсин;
- Планга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жиберилишин жана андан өтүүлөрүн камсыз кылышсын;
- 2013-жылга каралган каражаттардын чегинде, Планга ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын квалификацияларын жогорулатуу курстарынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын өтүүлөрүнө байланыштуу чыгымдарды каржылоону камсыз кылышсын;
- ведомстволук окуу борборлору барлар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын тийиштүү тармактык багыттар боюнча окутууну уюштурушсун жана ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына отчет берип турушсун;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу, бул максаттарга каралган бюджеттик каражаттарды пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын чет өлкөлүк окутуу семинарларын жана стажировкаларды кошкондо, эл аралык финансылык институттар жана уюмдар тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу боюнча иштер жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 285 токтому менен бекитилген
|
┌──┬───────────────────────────┬────────────┬───────┬────────┬────────┐
│№ │ Курстардын тематикасы │Окугандардын│Окуган-│Сааттар-│ Окутуу │
│ │ │контингенти │дардын │дын саны│ күнү │
│ │ │ │ саны │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│1 │Кыргыз Республикасын │Мамлекеттик │ 75 │ 40 │Графикке│
│ │мамлекеттик башкаруу: │органдардын │ │ │ылайык │
│ │- мамлекеттик органдын ишин│статс-катчы-│ │ │ │
│ │пландаштыруу жана уюштуруу;│лары жана │ │ │ │
│ │- кризиске каршы башкаруу; │аппарат │ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдардын │жетекчилери │ │ │ │
│ │ишинин натыйжалуулугун │ │ │ │ │
│ │баалоо; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдын │ │ │ │ │
│ │персоналын башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- тайм-менеджмент жана │ │ │ │ │
│ │ыйгарым укуктарды берүү; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдарды │ │ │ │ │
│ │функционалдык талдоо; │ │ │ │ │
│ │- финансылык менеджмент; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик сатып │ │ │ │ │
│ │алуулар; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- жарандык сектор/КБК, │ │ │ │ │
│ │коомчулук менен өз ара │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын │Мамлекеттик │ 100 │ 92 │Графикке│
│ │мамлекеттик кызматы: │органдардын │ │ │ылайык │
│ │- Кыргыз Республикасындагы │кадр │ │ │ │
│ │мамлекеттик кызмат тутуму; │кызматтары- │ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдардын │нын │ │ │ │
│ │персоналын башкаруу боюнча │кызматкер- │ │ │ │
│ │заманбап кадрдык жана │лери │ │ │ │
│ │маалыматтык технологиялар; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик кызматты │ │ │ │ │
│ │өтөөнү уюштуруу; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик кызматка │ │ │ │ │
│ │гендердик ыкмаларды │ │ │ │ │
│ │киргизүү; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│3 │Мамлекеттик финансы: │Мамлекеттик │ 100 │ 72 │Графикке│
│ │- Кыргыз Республикасынын │органдардын │ │ │ылайык │
│ │мамлекеттик бюджети жана │финансы │ │ │ │
│ │бюджеттик тутуму; │бөлүмдөрүнүн│ │ │ │
│ │- бюджеттик мекемелерде │кызматкер- │ │ │ │
│ │бухгалтердик эсепти │лери │ │ │ │
│ │уюштуруунун жаңы │ │ │ │ │
│ │стандарттары; │ │ │ │ │
│ │- бухгалтердик эсеп 1С; │ │ │ │ │
│ │- ички жана тышкы аудит; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик │ │ │ │ │
│ │оптималдаштыруу; │ │ │ │ │
│ │- бюджеттик эсеп жана │ │ │ │ │
│ │отчеттуулук; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик сатып │ │ │ │ │
│ │алуулардын жол-жоболору │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│4 │Мамлекеттик башкарууну │Мамлекеттик │ 100 │ 72 │Графикке│
│ │документтик камсыздоо: │органдардын │ │ │ылайык │
│ │- мамлекеттик органдарда иш│документтик │ │ │ │
│ │кагаздарын мамлекеттик │камсыздоо │ │ │ │
│ │тилде жүргүзүү; │кызматтары- │ │ │ │
│ │- документтик камсыздоону │нын адистери│ │ │ │
│ │мыйзамдык жана │ │ │ │ │
│ │ченемдик-усулдук жөнгө │ │ │ │ │
│ │салуу; │ │ │ │ │
│ │- маалыматтар │ │ │ │ │
│ │технологияларын пайдалануу;│ │ │ │ │
│ │- документтердин ар кандай │ │ │ │ │
│ │категорияларын түзүүгө жана│ │ │ │ │
│ │аларды сактоого негизги │ │ │ │ │
│ │талаптар; │ │ │ │ │
│ │- иштин номенклатурасы. │ │ │ │ │
│ │Номенклатураны түзүүгө жана│ │ │ │ │
│ │иш жүргүзүүгө талаптар; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│5 │Натыйжалуу башкаруу │Мамлекеттик │ 150 │ 72 │Графикке│
│ │көндүмдөрү: │органдардын │ │ │ылайык │
│ │- бөлүмдөрдүн ишин │түзүмдүк │ │ │ │
│ │пландаштыруу жана уюштуруу;│бөлүмдөрүнүн│ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдын │жетекчилери │ │ │ │
│ │бөлүмүнүн персоналын │ │ │ │ │
│ │башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- тайм-менеджмент жана │ │ │ │ │
│ │ыйгарым укуктарды берүү; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик саясатты │ │ │ │ │
│ │талдоо, иштеп чыгуу жана │ │ │ │ │
│ │ишке ашыруу; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү жана │ │ │ │ │
│ │чыр-чатактарды башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү; │ │ │ │ │
│ │- долбоорлорду башкаруу │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│6 │Региондорду │1. Өкмөттүн │ 50 │ 92 │Графикке│
│ │социалдык-экономикалык │облустардагы│ │ │ылайык │
│ │өнүктүрүүнү башкаруу: │ыйгарым │ │ │ │
│ │- региондорду │укуктуу │ │ │ │
│ │социалдык-экономикалык │өкүлдөрүнүн │ │ │ │
│ │өнүктүрүү абалы; │жана │ │ │ │
│ │- региондорду │раймамадми- │ │ │ │
│ │социалдык-экономикалык │нистрация- │ │ │ │
│ │өнүктүрүү стратегиясы; │лардын │ │ │ │
│ │- региондорду өнүктүрүү │аппараттары-│ │ │ │
│ │ыкмалары, инвестицияларды │нын │ │ │ │
│ │тартуу; │мониторинг │ │ │ │
│ │- региондорду өнүктүрүү │жана │ │ │ │
│ │саясатынын максаттары, │өнүктүрүү │ │ │ │
│ │каражаттары, индикаторлору;│жаатындагы │ │ │ │
│ │- чыр-чатактарды башкаруу; │бөлүмдөрүнүн│ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │жетекчилери.│ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │2. Өкмөттүн │ 50 │ 72 │ │
│ │- кесиптик этика жана │облустардагы│ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ыйгарым │ │ │ │
│ │аракеттенүү │укуктуу │ │ │ │
│ │ │өкүлдөрүнүн │ │ │ │
│ │ │жана │ │ │ │
│ │ │раймамадми- │ │ │ │
│ │ │нистрация- │ │ │ │
│ │ │лардын │ │ │ │
│ │ │аппараттары-│ │ │ │
│ │ │нын │ │ │ │
│ │ │мониторинг │ │ │ │
│ │ │жана │ │ │ │
│ │ │өнүктүрүү │ │ │ │
│ │ │жаатындагы │ │ │ │
│ │ │бөлүмдөрүнүн│ │ │ │
│ │ │адистери │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│7 │Кыргыз Республикасын │Мамлекеттик │ 100 │ 92 │Графикке│
│ │мамлекеттик башкаруунун │кызматка │ │ │ылайык │
│ │негиздери: │биринчи жолу│ │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасындагы │өткөн │ │ │ │
│ │мамлекеттик башкаруу │мамлекеттик │ │ │ │
│ │тутуму; │органдардын │ │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасындагы │адистери │ │ │ │
│ │мамлекеттик кызмат тутуму; │ │ │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын │ │ │ │ │
│ │ченемдик укуктук актылар │ │ │ │ │
│ │тутуму; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик органдарда иш│ │ │ │ │
│ │кагаздарын мамлекеттик │ │ │ │ │
│ │тилде жүргүзүү; │ │ │ │ │
│ │- аналитикалык │ │ │ │ │
│ │документтерди даярдоо; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│8 │Стратегиялык пландаштыруу │Мамлекеттик │ 25 │ 92 │Графикке│
│ │жана персоналды башкаруу: │кызматтын │ │ │ылайык │
│ │- стратегиялык │Улуттук │ │ │ │
│ │пландаштыруу; │кадрлар │ │ │ │
│ │- персоналдарды башкаруу; │резервине │ │ │ │
│ │- мамлекеттик саясатты │киргизилген │ │ │ │
│ │талдоо жана иштеп чыгуу; │адамдар │ │ │ │
│ │- өнүктүрүү долбоорлорун │ │ │ │ │
│ │жана программаларын │ │ │ │ │
│ │башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- чыр-чатактарды башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│ │Бардыгы: │ │ 750 │ 696 │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│9 │Кыргыз Республикасында │Жергиликтүү │ 484 │ 72 │Графикке│
│ │муниципалдык башкаруу: │кеңештердин │ │ │ылайык │
│ │- Кыргыз Республикасында │төрагалары │ │ │ │
│ │жергиликтүү өз алдынча │(орун │ │ │ │
│ │башкаруунун абалы; │басарлары) │ │ │ │
│ │- жергиликтүү өз алдынча │ │ │ │ │
│ │башкаруу органдарынын │ │ │ │ │
│ │ишинин укуктук негиздери; │ │ │ │ │
│ │- муниципалдык башкарууда │ │ │ │ │
│ │стратегиялык пландаштыруу; │ │ │ │ │
│ │- жергиликтүү бюджет жана │ │ │ │ │
│ │бюджеттик процесс. │ │ │ │ │
│ │Жергиликтүү салыктар жана │ │ │ │ │
│ │жыйымдар; │ │ │ │ │
│ │- муниципалдык менчикти │ │ │ │ │
│ │башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- жергиликтүү кеңештин ишин│ │ │ │ │
│ │уюштуруу; │ │ │ │ │
│ │- жарандык коомдоштук менен│ │ │ │ │
│ │өз ара аракеттүү жана ага │ │ │ │ │
│ │отчет берүү; │ │ │ │ │
│ │- чыр-чатактарды башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- жарандык коом менен өз │ │ │ │ │
│ │ара аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│10│Стратегиялык пландаштыруу │Жергиликтүү │ 160 │ 72 │Графикке│
│ │жана региондорду │өз алдынча │ │ │ылайык │
│ │экономикалык жактан │башкаруу │ │ │ │
│ │өнүктүрүү: │органдарынын│ │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасындагы │башчылары │ │ │ │
│ │администрациялык-аймактык │ │ │ │ │
│ │түзүлүш жана жергиликтүү өз│ │ │ │ │
│ │алдынча башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- стратегиялык пландаштыруу│ │ │ │ │
│ │жана аймактарды │ │ │ │ │
│ │экономикалык жактан │ │ │ │ │
│ │өнүктүрүү; │ │ │ │ │
│ │- жергиликтүү бюджет жана │ │ │ │ │
│ │бюджеттик процесс. │ │ │ │ │
│ │Жергиликтүү салыктар жана │ │ │ │ │
│ │жыйымдар; │ │ │ │ │
│ │- ишкердикти өнүктүрүү, │ │ │ │ │
│ │инвестицияларды тартуу, │ │ │ │ │
│ │жумуш орундарын түзүү; │ │ │ │ │
│ │- муниципалдык менчикти, │ │ │ │ │
│ │жер ресурстарын башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- турак жай-коммуналдык │ │ │ │ │
│ │чарбаны жана өзгөчө │ │ │ │ │
│ │кырдаалдарды башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- мамлекеттик жана │ │ │ │ │
│ │муниципалдык тапшырыктарды │ │ │ │ │
│ │башкаруу тутуму жана │ │ │ │ │
│ │ресурстук камсыздоо. │ │ │ │ │
│ │Мамлекеттик сатып алуулар; │ │ │ │ │
│ │- муниципалдык кызматты │ │ │ │ │
│ │уюштуруу жана өтөө; │ │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- чыр-чатактарды башкаруу; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү; │ │ │ │ │
│ │- жарандык коомдоштук менен│ │ │ │ │
│ │өз ара аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│11│Жергиликтүү өз алдынча │Финансы-эко-│ 175 │ 72 │Графикке│
│ │башкаруунун финансылык │номикалык │ │ │ылайык │
│ │негиздери: │маселелери │ │ │ │
│ │- жергиликтүү бюджет жана │боюнча │ │ │ │
│ │бюджеттик процесс. │жергиликтүү │ │ │ │
│ │Жергиликтүү салыктар жана │өз алдынча │ │ │ │
│ │жыйымдар; │башкаруу │ │ │ │
│ │- финансылык менеджмент; │органдарынын│ │ │ │
│ │- ички жана тышкы аудит; │адистери │ │ │ │
│ │- бухгалтердик эсеп; │ │ │ │ │
│ │- муниципалдык тапшырыктар │ │ │ │ │
│ │жана мамлекеттик сатып │ │ │ │ │
│ │алуулар; │ │ │ │ │
│ │- жергиликтүү өнүктүрүүгө │ │ │ │ │
│ │мониторинг жүргүзүү жана │ │ │ │ │
│ │статистика; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│12│Кыргыз Республикасындагы │Социалдык │ 175 │ 72 │Графикке│
│ │социалдык коргоо тутуму: │коргоо │ │ │ылайык │
│ │- мамлекеттин социалдык │маселелер │ │ │ │
│ │саясаты; │боюнча │ │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасындагы │жергиликтүү │ │ │ │
│ │социалдык коргоо тутуму; │өз алдынча │ │ │ │
│ │- социалдык кызмат │башкаруу │ │ │ │
│ │көрсөтүүлөр; │органдарынын│ │ │ │
│ │- чыр-чатактарды башкаруу; │адистери │ │ │ │
│ │- коммуникациялардын │ │ │ │ │
│ │көндүмдөрү; │ │ │ │ │
│ │- кесиптик этика жана │ │ │ │ │
│ │коррупцияга каршы │ │ │ │ │
│ │аракеттенүү │ │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│ │Бардыгы: │ │ 994 │ 288 │ │
├──┼───────────────────────────┼────────────┼───────┼────────┼────────┤
│ │Жыйынтыгы: │ │ 1744 │ 984 │ │
└──┴───────────────────────────┴────────────┴───────┴────────┴────────┘
|
|