Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 303
"Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын;
"Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|