Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 305
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Узакбаев, С.Нышанов, А.Кочкорбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 305 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Узакбаев, С.Нышанов, А.Кочкорбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорлору менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү сунушталууда, ага ылайык министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тиешелүү комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) негизинде кабыл алынаарын белгилеп кетүү керек.
Ал эми жогоруда айтылган мыйзам долбоорлорунун жоболору жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулган Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет.
Алсак, Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
Конституциясынын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт.
Мында Конституциянын 74-беренесинин 9-бөлүгү көрсөткөндөй, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Конституция менен гана регламенттештирилет. Мындан тышкары, Конституциянын 5-беренесинин талаптарына жараша мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт.
Өз кезегинде, Конституциянын 76-беренеси менен Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашыра тургандыгы, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылуусун контролдой тургандыгы белгиленген.
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын регламенттештирүүчү Конституцияда Өкмөт тарабынан тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоболорунун бекитилишине макулдук берүү сыяктуу ыйгарым укуктар каралган эмес.
Мындан тышкары, жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуу Конституциянын 3-беренесинде регламенттештирилген мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийигине бөлүштүрүү принцибин бузаарын белгилей кетүү керек.
Алсак, Конституциянын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.
Мында Конституциянын 85-беренесине ылайык Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет берээрин жана Конституцияда каралгандардын чегинде анын алдында жооптуу болоорун белгилей кетүү керек. Ошентип, Конституция Өкмөттүн парламент алдындагы отчеттуулугунун жана жоопкерчилигинин чегин аныктайт.
Мындан тышкары, Конституциянын 88-беренесине ылайык Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен регламенттештирилет.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык Өкмөт коллегиялуу орган болуп саналат, Кыргыз Республикасындагы аткаруучу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектейт.
Аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Өкмөт ушул конституциялык Мыйзамда камтылган ыйгарым укуктарга жараша аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт жана министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жөнүндө жоболорду бекитет.
Жогоруда баяндалгандарга ылайык Өкмөт өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарынын алкагында министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун иштерин жетектеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы катары бийликтин аткаруу бутагынын тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, уюштурулушун жана ишинин тартибин өз алдынча аныктоого, ошондой эле алардын милдеттерин жана функцияларын белгилөөгө, алардын мамлекеттик башкаруу тутумундагы ордун жана ролун аныктоого тийиш.
Буга байланыштуу, мамлекеттик бийликтин туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында бийлик ыйгарым укуктары бардык ыйгарым укуктарды же алардын көбүрөөк бөлүгүн кайсы бир органдын карамагында топтолушун болтурбоо үчүн ар кандай мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлүшү жана теңдештирилиши керек экендигин маалымдайбыз. Бийликтин бутактары Конституцияда белгиленген чекте гана бир бирин токтотууга, тең салмактуу кылууга, ошондой эле контролдоого тийиш. Конституциядагы "тең салмакты сактоо системасын" бузуу бийликтин бир бутагын башка бутактын көз карандысыздыгына зыян келтирүү менен күчөтүүгө алып келет, бул бүткүл мамлекеттик системанын стабилдүүлүгүнө, натыйжалуулугуна жана туруктуулугуна терс таасир тийгизет.
Баяндалгандын негизинде, Конституциянын 6-беренесине ылайык Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ экендигин жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулаарын эске алуу менен, сунушталган мыйзамдардын долбоорлорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
|
|