Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 307
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, А.А.Сасыкбаева, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 307 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, А.А.Сасыкбаева, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жана алар боюнча министрликтерден жана ведомстволордон келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) боюнча.
Мыйзам долбооруна карата баш сөздү алып салуу зарыл деп эсептейбиз, анткени ал укуктук мүнөзгө ээ эмес. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбулага ченемдик жазма буйруктарды киргизүүгө жол берилбегендиктен, Мыйзам долбоорунун ченемдик укуктук актыны жөнгө салуунун предметин жана максатын аныктай турган экинчи сүйлөмүн өз алдынча берене катары тариздөөнү сунуштайбыз.
1-берененин биринчи бөлүгүндө "кайрымдуулук иши - бир же бир нече чөйрөдө коомдук-пайдалуу максаттарга жетишүү үчүн ишке ашырыла турган иш," деп берилген. Кайрымдуулуктун негизги мааниси пайда табуу максатын көздөбөгөндүк, кайтарымсыз жардам, ошондой эле ыктыярдуулук болуп санала тургандыгын эске алуу менен, 1-берененин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 119 "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Мыйзамында берилген редакцияга жакын редакцияда берүү максатка ылайык деп эсептейбиз, атап айтканда:
"Кайрымдуулук иши - жарандар жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан жарандарга же юридикалык жактарга пайда көздөбөстөн (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын берүүнү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, бир же бир нече чөйрөдө кызмат көрсөтүүлөр боюнча ыктыярдуу ишти жүзөгө ашыруу:", жана андан ары текст боюнча.
1-берененин 1, 8, 11, 15, 22, 25-пункттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "демократияны өнүктүрүү", "коомдук макулдук", "жакырчылыкты жоюу" сыяктуу критерийлердин так түшүнүктөрү жоктугун белгилейбиз. Мында жакырчылыкты жоюу эмес, жакырчылыкты кыскартуу тууралуу сөз кылуу максатка ылайык. Коррупцияга каршы күрөшүүгө карата, коррупция менен күрөшүүнү ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары ишке ашырат, мында кайрымдуулук уюмдары коррупцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүшү мүмкүн.
Ушундай эле сын-пикирлер 5-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту, 18-берененин 4-бөлүгү, 27-берененин 2-бөлүгү, 36-берененин 8-пункту жана 45-берененин 5-пункту боюнча.
Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар спортту алдыга жылдырууга жана эл аралык мелдештерде (олимпиадалык оюндарга, дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына ж.б.) спортчулардын катышуусу үчүн жетишсиз экендигин эске алып, 1-берененин 1-пунктундагы "ышкыбоздук" деген сөздү "дене тарбия жана" деген сөздөргө алмаштыруу зарыл деп эсептейбиз.
Ушул Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде кайрымдуулук уюмунун макамын коммерциялык эмес уюмдар сыяктуу аны сертификациялоо жолу менен берүү сунушталат. Буга байланыштуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер же юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар жана союздар) формасында түзүлгөн кайрымдуулук уюмдарын сертификациялоо боюнча ченемдерди камтыбай тургандыгын белгилей кетүү керек.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "сертификациялоо" деген термин менен шайкештикти ырастоо формасы түшүнүлөт, анын жүрүшүндө сертификациялоо боюнча орган продукция же долбоорлоо, өндүрүү, куруу жана андан аркы процесстер техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келээрин документ түрүндө ырастайт. Башкача айтканда "сертификациялоо" термини продукцияга же өндүрүш процесстерине, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө болгон белгилүү талаптарга шайкештик жол-жобосуна колдонулат.
Буга байланыштуу сертификациялоо жол-жобосун киргизүү коммерциялык эмес уюмдарды коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер же юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар, союздар) формасында түзүүнүн жол-жоболорун татаалдаштырат.
Мындан тышкары, бул жол-жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн мүнөздү эмес кайрымдуулук уюмдарын жана Кайрымдуулук боюнча комиссиянын катчылыгын сертификациялоо, алардын негизги ишин көзөмөлдөө жана Кайрымдуулук уюмдарынын реестрин жүргүзүү функцияларын берет. Мында Реестрди жүргүзүү боюнча функцияларды жүктөө "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет, анткени, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү), анын ичинде коммерциялык эмес уюмдарды каттоо жана Реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылат, ал эми ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 95-беренесине ылайык Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестри жүргүзүлөт.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "артыкча" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз, анткени, ушул Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык кайрымдуулук иши деп бир же бир нече саналып өткөн чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу максатка жетүү үчүн ишке ашырыла турган иш түшүнүлөт.
5-берененин 2-бөлүгү менен кайрымдуулук уюму жүргүзүп жаткан ишти таануу кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырууга өз кирешесинин 50%дан кем эмесин жана иш убактысынын 50%дан кем эмесин берүү сыяктуу фактылардын болушу талап кылынаарын белгилөө сунушталат.
Буга байланыштуу долбоордун ушул беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун көңүлгө алуу менен, жогоруда айтылган фактыларды документ түрүндө ырастоо милдеттенмесин белгилөө сунушталган жерде, сунушталган иш-чараларды ишке ашыруунун механизмдери Мыйзам долбоорунда жок экендигин белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "уюштуруу-укуктук формасы, аталышы жөнүндө" деген сөздөрдү "аталышы жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз, анткени, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесине ылайык юридикалык жак анын түрүн, уюштуруу-укуктук формасын жана анын ишинин мүнөзүн көрсөтүүчү өзүнүн аталышына ээ.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгү менен кайрымдуулук уюмдарына "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына документтердин шайкеш эместигине байланышкан кемчиликтерди беш күндүк мөөнөттө четтетүүгө мүмкүндүк берүү сунушталат.
Буга байланыштуу, бул Мыйзам долбоору менен документтерге карата талаптар белгиленбегендигин белгилеп кетүү керек.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 6-бөлүгүн төмөнкү редакцияда берүү сунушталат:
"6. Кайрымдуулук уюму макамын берүүдөн баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу салык органы коммерциялык эмес уюмдун өкүлүнө Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечиминин көчүрмөсүн (колун койдуруп, берилген күндү көрсөтүү менен) Кайрымдуулук боюнча комиссиядан алган күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө берет.".
Ушундай эле сын-пикир 11-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы боюнча, анда коммерциялык эмес уюмга кайрымдуулук уюмунун макамын берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин бири аталган Мыйзамдын талаптарына шайкеш келбеген документтерди берүү болуп санала тургандыгы белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгү менен Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечимине даттануу жөнүндө кат, мисалы, баш тартуунун себеби болгон негиздерди четтетүү тууралуу күбөлөндүргөн маалыматты өзүнө камтууга тийиш экендигин белгилөө сунушталган. Бирок, "кайрымдуулук уюму" макамын берүүдөн баш тартууга алып келген негиздерди четтетүү Комиссиянын чечимине даттануу үчүн себеп боло албайт, болгону жогоруда аталган макамды берүү жөнүндө маселени кароо үчүн документтерди кайрадан берүү үчүн негиз болуп калат. Буга байланыштуу, 1-бөлүктөгү "жана/же мындай негиздердин четтетилгендиги жөнүндө күбөлөндүрөт" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгү менен Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечимине даттануу жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун катын кароонун жыйынтыгы боюнча аталган Комиссия ага кайрымдуулук уюму макамын берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алууга укуктуу деп белгилөө сунушталууда.
Муну менен бирге Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин жөнгө салуу предмети Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечимдерине даттануунун тартибин аныктоо болуп саналгандыктан, мындай учурда баш тартуу жөнүндө мурунку чечимди жокко чыгаруу жана макамды берүү жөнүндө же Кайрымдуулук боюнча комиссиянын мурда чыгарылган чечимин ырастоо тууралуу сөз кылуу максатка ылайык деп ойлойбуз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү өз мазмуну боюнча Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 4-бөлүгүн кайталагандыктан алып салуунун сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 7-бөлүгүндө так эместиктерди болтурбоо максатында "жакын туугандары", "достору" жана "башка адамдар" деген терминдерди түшүндүргөн адамдардын чөйрөсүн аныктоо максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 22-беренеси менен кайрымдуулук уюмунун атынан кайыр-садагаларды жыйноону ишке ашыруучу адамдар үчүн атайын ишеним кат берүү каралат, анда 3-пунктка ылайык ушул пунктта аталган маалымат камтылууга тийиш. Бирок, ишеним каттын маселелери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен толук жөнгө салынган, бул 22-берененин 3-бөлүгүн аталган Кодекске шайкеш келбегендик катары алып салууну талап кылат.
Мыйзам долбоорунун 23-беренеси менен кайрымдуулук уюмунун өткөн жылдагы иши жөнүндө жылдык баяндоочу жана финансылык отчету каралгандыктан, Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Аталган берененин 5-бөлүгү менен Кайрымдуулук боюнча комиссиянын суроо-талаптары боюнча министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар кайрымдуулук уюмдарынын ишин текшерүүгө катышуу үчүн өз штаттарынан эксперттерди берүүгө милдеттүү экендигин белгилөө сунушталат. Муну менен бирге, сунушталган Мыйзам долбоорунун 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык Кайрымдуулук боюнча комиссиянын курамына тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын 10 өкүлү киргендигин эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 5-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле чарбакер субъекттерди текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте жана негиздер боюнча жүргүзүлөөрүн белгилей кетүү керек. Кайрымдуулук уюму чарбакер субъект болуп саналбайт, буга ылайык жогоруда аталган Мыйзам кайрымдуулук чөйрөсүнө жайылтылбайт. Буга байланыштуу 6-бөлүктү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 7-бөлүгү менен кайрымдуулук уюмдарына текшерүүлөрдү жүргүзүү методикасы Кайрымдуулук боюнча комиссия тарабынан аныктала тургандыгын белгилөө сунушталууда. Бирок, жогоруда эскертилген маселени регламенттештирген документ ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөлөрүнө ээ болот, анткени акыркы болуп "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык укуктук ченемдерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган субъекттин компетенциясынын чегинде кабыл алынган, белгиленген формадагы документ таанылат. Мында укуктун ченеми деп адамдардын белгисиз чөйрөсүнө жана бир нече жолу колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери түшүнүлөт.
Ошентип, жогоруда аталган ченем ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъекттердин толук тизмеги аныкталган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пункту жана 44-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да ушундай сын-пикирлерди айтабыз.
Мыйзам долбоорунун 29-беренесинин 3-бөлүгү менен коммерциялык эмес уюмдун кайрымдуулук уюму макамы салык органы коммерциялык эмес уюмдун өз ыктыяры менен баш тартуу жөнүндө арызын алган күндөн тартып өзүнүн ишин токтотоорун аныктоо сунушталууда. Бирок, ушул Мыйзам долбоорунун 10-беренесине ылайык кайрымдуулук уюму макамын берүү укугуна Кайрымдуулук боюнча комиссия ээ экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, Кайрымдуулук боюнча комиссиянын чечимин сотто даттануу мөөнөтүн белгилөөчү сунушталган Мыйзам долбоорунун 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени, процесстик мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекси менен регламенттештирилет.
Кайрымдуулук боюнча комиссияга Кайрымдуулук уюмун администрациялык же кылмыш жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жөнөтүү жөнүндө ыйгарым укукту жүктөөнү сунуш кылган Мыйзам долбоорунун 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча ушундай эле сын-пикирди айтабыз, анткени бул маселе Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин жөнгө салуу предмети болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун 38, 39-беренелерин алып салууну сунуштайбыз, анткени, ушул Мыйзам долбоорунун 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Комиссиянын иш регламентин бекитүү боюнча укукту Кайрымдуулук боюнча комиссияга берүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун 45-беренесинде кайрымдуулук уюмдарын мамлекеттик колдоо маселесин, анын ичинде алар экономикалык ишти жүзөгө ашырганда салык жеңилдиктерин белгилөө жана кайрымдуулук уюмдарынан жардам алуучуларды салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотуу жолу аркылуу жөнгө салуу сунушталууда. Бирок, бул ченем колдонуудагы мыйзамдарга каршы келет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт, мында салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренеси менен Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, аталган Кодексте каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Муну менен катар, сунушталган Мыйзам долбоорунун 46-беренесинин 6-бөлүгү боюнча аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда, Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын тизмегин Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө белгилейбиз.
Мындан тышкары, ушул Мыйзам долбоорунун аракети диний уюмдардын ишине багытталаарын белгилейбиз. Буга байланыштуу, кайрымдуулук диний уюмдардын иштөөсүнүн негизги формаларынын бири болоорун белгилөө зарыл.
Алсак, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде диний уюмдардын жана миссиялардын кайрымдуулук иши турмуш-тиричилик шарты оор адамдарга материалдык жардам көрсөтүүгө, карыларга жана алсыздарга, эмгекке жарамсыздарга камкордук көрүүгө жана дагы ушул сыяктууларга багытталышы керектиги белгиленген. Мамлекет диний уюмдардын жана миссиялардын кайрымдуулук ишине, ошондой эле алардын коомдук мааниге ээ маданий-агартуу программаларын жана иш-чараларын жүзөгө ашыруусуна көмөк жана колдоо көрсөтүшү мүмкүн.
Демек, кайрымдуулук иши диний уюмдардын ишинин диний маңызы болуп саналат жана мамлекет тарабынан кандайдыр бир тоскоолдуктарсыз колдоого алынат.
Муну менен бирге, ушул Мыйзам долбоору менен кайрымдуулук менен алектенген уюмдар үчүн тоскоолдуктарды киргизүү сунушталууда. Аларга: кайрымдуулук ишинин багыттарынын тизмегин, кайрымдуулук уюмдарын сертификациялоо тутумун, кайрымдуулук уюму макамын алуу үчүн категорияларды, сертификациялоо үчүн акы, юстиция органдарында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мурдатан болгон каттоо тутумуна сертификациялоо түрүндө каттоонун кезектеги (үчүнчү) формасын ишке ашыра турган кайрымдуулук боюнча атайын комиссияны түзүү кирет, мында андан ары коррупциялык түзүүчүлөр байкоого алынышы мүмкүн.
Буга байланыштуу, ушул Мыйзам долбоору боюнча коррупцияга каршы жана адистештирилген теологиялык экспертиза жүргүзүү жана ушул экспертизанын жыйынтыктарын эске алуу менен сунушталуучу Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу чөйрөсүнөн диний уюмдардын кайрымдуулук ишин алып салуу максатка ылайыктуулугун карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунда "меценаттык" деген түшүнүк жок болгондугун жетишпестик деп санайбыз, анткени, илим, искусство жана маданият артыкчылык тартибинде кайрымдуулукка эмес, меценаттыкка зарыл.
Ошондой эле негиздеме-маалымкатта колдонулуудагы Мыйзамдын олуттуу жетишпестиги ишкердикти жүзөгө ашырууга кайрымдуулук уюмдарынын укугун чектөө болуп саналаары айтылгандыгын белгилейбиз. Ошол эле учурда, "Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7-беренесине ылайык кайрымдуулук уюму кайсы максаттар үчүн түзүлсө, ошол максаттарга жетүү үчүн гана жана бул максаттарга ылайык келүүчү ишкердикти жүзөгө ашырууга укуктуу. Жогоруда аталган Мыйзамдын 9, 18-беренелерине ылайык уюм кайрымдуулук уюмунун ишинин предметин жана максаттарын, ошондой эле чарбалык, анын ичинде ал жетүү үчүн түзүлгөн максаттарга ылайык келген өндүрүштүк ишин өз алдынча аныктоого укуктуу.
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча.
Мыйзам долбоорунун 2-беренеси боюнча.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында иштеп чыгуучу тарабынан 18-беренесинин 1-бөлүгүн алып салуу сунушталууда. Ошол эле мезгилде, бул алып салуу маанилүү эместигин белгилейбиз, анткени ушуга окшош ченем Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 161-беренесинде сакталууда.
Мыйзам долбоорунун 3-беренеси боюнча.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324, 330-беренелерине сунушталуучу өзгөртүүлөр мүлктү 1-топко киргизүүнүн белгиленген принцибин бузат жана салык салынуучу мүлктү аныктоону, тиешелүү топко киргизүүнү бир топ татаалдатат. Мындан тышкары, 330, 343-беренелердин кайрымдуулук уюмдары үчүн мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү бөлүгүнө сунушталуучу өзгөртүүлөр максатка ылайык эмес деп эсептейбиз, анткени, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы менен салык тутумунун киреше потенциалын жогорулатуу жаатындагы саясаттын айрым багыттары салык жеңилдиктеринин болгон тутумун оптималдаштыруу, негизделбеген жеңилдиктерге жана бошотууга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан качуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жоюу болуп калат.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-абзацы боюнча.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган учурда Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын тизмегин көрсөтүү зарыл экендиги жөнүндө белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 5-беренеси боюнча.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине оңдоолорду киргизүү сунушталууда, ага ылайык кайрымдуулук уюмдары жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн кайрымдуулук уюмуна эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 20дан 30га чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынат.
Бул жобо аталган Кодекстин 30-беренесинин ченемдерине каршы келээрин белгилейбиз, ага ылайык юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн кем болбоого, айыптын эң көп өлчөмү миң эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же Мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, Т.З.Зулпукаров, А.А.Сасыкбаева, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген "Кайрымдуулук уюмдары жана кайрымдуулук иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорунун сунушталган редакциясында кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|