Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 88
"Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо" долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 276, 2014-жылдын 22-майындагы № 269 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Айыл чарбалык техниканын лизингин өнүктүрүү жана "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жөнүндө Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашуунун алкагында алынган финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- 232831,5 (эки жүз отуз эки миллион сегиз жүз отуз бир миң беш жүз) сом суммага сатып алынган 225 тракторду "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна айылдык товар өндүрүүчүлөргө белгиленген тартипте лизингге бериши үчүн өткөрүп берсин;
- алынган тракторлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы туруктуу өкүлдөрү жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен бирдикте райондорго жеке менчик машина-трактордук станцияларды жана айыл чарбалык кооперативдерди түзүүгө колдоо көрсөтүү жана өбөлгө түзүү үчүн бөлүштүрсүн. Тракторлорду лизингге берүүдө механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүү боюнча тажрыйбасы бар, өндүрүштүк-техникалык базасы жана даярдалган механизатор кадрлары бар, төлөөгө жөндөмдүү айыл чарбалык субъекттерге артыкчылык берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин тракторлорду алууга 232831500 (эки жүз отуз эки миллион сегиз жүз отуз бир миң беш жүз) сом чыгымын кайра берилүүчү негизде каржыласын;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн техникага төмөнкүдөй шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн: мөөнөтү 20 жыл, 7 жыл жеңилдиктүү мезгил, күрөөлүк камсыздоосуз жылдык 2 пайыз.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Айыл Банк" ачык акционердик коому тракторлорду механикалаштырылган кызматтарды көрсөтүүчү айыл чарбалык субъекттерге жана айыл чарбалык кооперативдерге төмөнкүдөй шарттарда берсин:
а) айыл чарбалык техниканы лизингге берүү мөөнөтү - 7 жылга чейин;
б) лизинг алуучунун минимум салымы лизингдин предметинин наркынын 10%ын түзөт. Лизингдин предметинин 10%дан 19%га чейинки наркын төлөгөндө лизинг боюнча пайыздык ставка 11%ды түзөт; 20%дан 29%га чейинки наркын төлөгөндө - 9%; 30% жана андан ашык наркын төлөгөндө - 8%;
в) лизингдин предметинин наркынын 30% жана андан ашык өлчөмүндө өзүнүн салымын кошкондо лизинг предметинин өзү төлөөнүн кепили болот; 30%га чейин кошкондо кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөөлүк мүлк коюу зарыл;
г) түшкөн биринчи салымдарды жана кийинки лизингдик төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте лизинг алуучулардын арыздары боюнча лизингге берүү үчүн айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) алууга жумшасын жана региондор боюнча бөлүштүрүүдө бирдейликти сактасын;
д) лизинг алуучулар менен лизингге алынган тракторлорду камсыздандыруу келишими ыктыярдуу негизде түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 276, 2014-жылдын 22-майындагы № 269 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 276 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. "Айыл Банк" ачык акционердик коому бажылык контролдо турган тракторлорду Кыргыз Республикасынын аймагында которуштурууга укуктуу жак болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 276 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы лизингге берилчү тракторлордун каттоо документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздөөнү жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна берүүнү камсыздасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |