Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-майы № 293
"Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-2012-жылдарга "Бишкекжылуулук тармагы" ачык акционердик коому үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого жоготуулардын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аталган жоготуулардын ченемдери 2010-жылдын 1-январынан баштап 2012-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болоору белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 293 токтомуна тиркеме
|
┌──┬─────────────────┬────────────────────────────────────────────────┐
│№ │ Жоготуулардын │ Жылуулук энергиясынын жана ысык суунун │
│ │ аталышы │ жоготуулары │
│ │ ├───────────────┬───────────────┬────────────────┤
│ │ │ 2010-жыл │ 2011-жыл │ 2012-жыл │
├──┼─────────────────┼─────────┬─────┼─────────┬─────┼─────────┬──────┤
│1 │БЖТнын │496,1 │24,6%│516,1 │25,3%│511,7 │24,7% │
│ │тарамдарында │миң Гкал │ │миң Гкал │ │миң Гкал │ │
│ │жылуулук │ │ │ │ │ │ │
│ │энергиясын │ │ │ │ │ │ │
│ │жоготуулар │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼─────────┼─────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│2 │Талап кылынбаган │203,3 │10,1%│198,7 │9,7% │178,7 │8,6% │
│ │жылуулук │миң Гкал │ │миң Гкал │ │миң Гкал │ │
│ │энергиясы │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼─────────┼─────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│3 │БЖТнын │1199,28 │5,3% │1175,64 │5,6% │1184,1 │5,9% │
│ │тарамдарында ысык│миң тонна│ │миң тонна│ │миң тонна│ │
│ │суунун │ │ │ │ │ │ │
│ │жоготуулары │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼─────────┼─────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│4 │Талап кылынбаган │9497,83 │42,4%│8715,26 │41,8%│8214,73 │40,8% │
│ │ысык суу │миң тонна│ │миң тонна│ │миң тонна│ │
└──┴─────────────────┴─────────┴─────┴─────────┴─────┴─────────┴──────┘
Эскертүү:
Гкал - жылуулук тарамдарында жылуулук энергиясын ченөө бирдиги; тонна - ысык суунун жоготууларынын көлөмүн ченөө бирдиги;
% - жылуулук тарамдарында келип түшүүдөн жылуулук энергиясынын жана ысык суунун жоготууларынын пайызы.