Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-майы № 309
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктуна ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Министрлик) мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты, салык салуу бөлүгүндө фискалдык саясатты, ошондой эле ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.";
7-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик саясатын" деген сөздөрдөн кийин ", салык салуу жана салыктык эмес төлөмдөр бөлүгүндө фискалдык саясатты" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы он сегизинчи - жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- бюджеттик жана салыктык мыйзамдардын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- салык салуу бөлүгүндө эркин экономикалык зоналардын (ЭЭЗ) иштөө саясатын аныктайт;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана алыскы чет өлкөлөрдүн салык мыйзамдарына талдоо жүргүзөт;
- эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржылануучу өнүктүрүү долбоорлоруна катышуучу чарбакер субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди ырастоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- тескеген чөйрөлөрдөгү эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;";
13-пунктта:
- тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Министрлик тутумунун борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү Министрликтин милдеттерин жана функцияларын өзгөртүү менен гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрдин дайындалышы Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт;";
- төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ